Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:58

Бүгүнкү күнгө карай Токтогул суу сактагычында 6 млрд. 800 млн. кубометр суу калды. 6.5 млрд. кубометр суу калганда ГЭСти иштетүү опурталдуу боло баштарын эксперттер эскертишүүдө.

11-мартка карай Токтогул суу сактагычында 6 млрд. 800 млн. кубометр суу калганын “Электр станциялар” акционердик коомунан тастыкташты.

Учурда электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн суу активдүү колдонулуп, секундасына 587 кубометр агызылууда. Суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү болсо 187 кубометрге гана жетүүдө. Мунун өзү алашалбырт мезгил келгенге карабай суунун агымы көбөйө электигин кабарлайт. Демек суу сактагычта опурталдуу кырдаал түзүлүүдө.

Муну энергетика жана өнөр жай министринин мурунку биринчи орун басары Райымбек Мамыров мындайча тастыктады:

Райымбек Мамыров

Райымбек Мамыров

- Долбоор боюнча коркунучтуу деңгээл 7 млрд. кубометрдин тегерегинде болчу. Азыр эми 6.5 млрд. кубометр деп атышат. Суунун көлөмү 6.5 миллиарддан төмөндөгөндөн кийин Токтогул ГЭСинде иштеп аткан жабдуулардын иштешине коркунуч келет. Ошол жерде турбиналарга түшүп, кайыкчалары титирей баштайт. Алар көбүрөөк калтырап-титиреп, иштен чыгышы мүмкүн.

Райымбек Мамыровдун пикиринде, азыркы кезде Токтогул ГЭСи мына ошондой опурталдуу шартта иштеп жатат. Мындай учурда Токтогул ГЭСин токтотуу зарылчылыгы пайда болушун Мамыров четке какпайт.

Коопсуздукка байланыштуу Токтогул ГЭСи токтотулган күндө да анын ылдый жагындагы Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон ГЭСтери токтобош керек. Бул үчүн Токтогул ГЭСин иштетпей сууну агызуу зарыл болот.

Бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСинин төрт агрегатынын үчөө гана иштеп жатканы маалым. Анын бирөө бузулуп, оңдоо иштери жүрүүдө.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Батыркул Баетов Токтогулда 5.4 млрд. кубометр суу калганда гана ГЭС токтой турган абалга келерин айтып, жабдууларга оорчулук келишине жол берилбейт дейт:

Токтогул суу сактагычы

Токтогул суу сактагычы

- Жабдууларга күч келген жок. Аларга аз гана күч келгенде автомат иштейт. Экинчиден, күнү-түнү кезметчилер карап турат. Ал жерде 1 градус температура көтөрүлсө өчүрөт. Эки жыл мурда ошентип өчүргөн. Жабдууларда титирөөлөр штаттык режимден чыгып баратса да өчүрөт. Анткени ал жабдуулар абдан кымбат.

Батыркул Баетов суу канчалык аз болсо электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн ошончо көп суу агызуу зарылчылыгы келип чыгарын белгиледи.

"1-апрелде жылытуу мезгили аяктады деп эсептелет. Мына ошол мезгилге карай канча суу менен чыгарыбыз абдан катуу эсептелип жатат", деп кошумчалады Баетов.

Жогорку Кеңештин отун-энергетика жана жер байлыгы боюнча комитети Токтогулдун өзүнө барып жыйын курууга камданууда. Бул тууралуу комитеттин мүчөсү Райкан Төлөгөнов билдирди:

- Ошол жакка барып, суу эмне үчүн азайып кеткенин, былтыр эмнеге суу жоголуп кеткенин тактайлы деп атабыз. Азыркы божомолдор кандай экенин жана башка бардык маселелерди жеринде талкуулайлы деген планыбыз бар.

Райкан Төлөгөновдун айтымында, андай жыйын келерки жумада болушу күтүлөт.

Токтогул ГЭСи

Токтогул ГЭСи

Энергетикалык эксперт Эрнест Карыбеков Токтогулда 8 млрд. кубометрден суу азая баштаганда титирөө пайда болуп, авария коркунучу күчөйт дейт:

- Абал аябай татаал. 8 млрд. кубометрден ылдый болуп, 7-7.5 млрд. кубометр болгондо титирөө пайда болот. 6.5 млрд. кубометрге келгенде авариялар болушу мүмкүн.

Эрнест Карыбеков пикиринде, мындай шартта бийлик электр энергиясын жапыр өчүрүүлөргө киришүүгө аргасыз болот. Ал эми ага жол бербеш үчүн, энергетикалык тартыштыкты жабуу үчүн быйыл 5 млрд. кВт саат электр энергиясын сатып алуу зарыл.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG