Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Энергетика: коңшунун түмөн түйшүгү окшош


Бишкек гуманитардык университетинин студенттери өткөргөн "Светти үнөмдөйлү" аттуу флешмоб акция. Бишкек. 19.12.2014
Бишкек гуманитардык университетинин студенттери өткөргөн "Светти үнөмдөйлү" аттуу флешмоб акция. Бишкек. 19.12.2014

Кыргызстанда электр баасынын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары өтүп жатат. Өкмөт болсо Кыргызстандагы электрге баа КМШда боюнча арзан экенин айтууда. Ал эми коңшу мамлекеттерде абал кандай?

Кыргыз өкмөтүнө караштуу Отун-энергетика комплексин тескөө боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, Кыргызстанда электр баасы коңшу өлкөлөргө караганда бир топ эле арзан.

Агенттик бул боюнча атайын видео ролик тартып, мамлекеттик телеканалдан байма-бай көрсөтүүдө. Андагы маалыматка ылайык, Өзбекстан менен Казакстанда 1 кВт. саат электр энергиясы 1 сом 62 тыйын деп көрсөтүлсө, Тажикстанда 1 сом 1 тыйын, ал эми Азербайжанда 3 сом 25 тыйын экени айтылат.

Мындай салыштырууну бетке кармаган агенттик өкүлдөрү өлкөдөгү энергетикалык системаны оор акыбалдан чыгаруу үчүн тарифтерди көтөрүү аргасыз чара экенине басым жасоодо.

Отун-энергетика комплекси боюнча агенттиктин директору Нурбек Элебаев электр энергиясын арзандатуу талабын аткаруу кыйын экенин айтып, өкмөттүн ийкемдүү саясатынын негизинде бааны ай сайын арзандатып туруу аракети көрүлүп жаткандыгын билдирүүдө:

Электрдин кымбатташына каршы акция. Токтогул. 5-февраль
Электрдин кымбатташына каршы акция. Токтогул. 5-февраль

- Ай сайын биз ошону караштырып жатабыз. Мына февраль айынан баштап элге 2 сом 5 тыйындын ордуна 1 сом 82 тыйын, ал эми өндүрүшкө колдонгондорго 2 сом 19 тыйындын ордуна 1 сом 97 тыйын болот. Мартта дагы караштырабыз. Себеби импорттук электр энергиянын көлөмү төмөндөп жатат.

Коңшуларга келсек, Тажикстанда электрге тариф акыркы жолу былтыр жайында көтөрүлгөн. Ага ылайык, мурун калк үчүн 1 кВт. саат электр энергиясы 11 дирам же 1 сом 15 тыйындан сатылса, 2014-жылдын 1-июлунан тарта 12,6 дирам же 1 сом 30 тыйынга чейин көтөрүлдү.

Баалардын көтөрүлүшү тажик жарандары үчүн жагымсыз көрүнүш болсо да, нааразылык акциялары байкалган жок. Анын себебин энергетика боюнча жергиликтүү эксперт Георгий Петров “Азаттыктын” тажик кызматына энергетикалык абалдын оор экени менен түшүндүрөт. Мындан улам элге берилчү жарык акыркы жылдары такай өчүрүлүп турат. Ошондуктан тажик жарандары тариф көтөрүлсө да, үзгүлтүксүз жарык болсун деп тилеп калды дейт Петров:

- Албетте Тажикстанда электр энергияга тарифтер абдан төмөн. Аны көтөрсөк эле эл кыйналат, толкушу мүмкүн деп келатышат. Бирок энергетикадагы абал абдан эле начар. Маселен, электр энергияны бөлүштүргөн “Барки Точик” компаниясы азыр 200 миллион доллардан ашык карызы менен отурат. Ошондуктан тарифтин төмөн болушун мунун себеби катары көрүп келишет. Албетте мында өкмөттүн тармакты жакшылап башкара албай жатканын да себеп катары көрсөтсө болот.

Токтогул суу сактагычы, Жалал-Абад облусу, 18-январь, 2013
Токтогул суу сактагычы, Жалал-Абад облусу, 18-январь, 2013

​Ал эми Казакстанда болсо электр энергиянын баасы акыркы жолу ушул жылдын 1-январынан тарта көтөрүлдү. Казакстанда электр энергия жылуулук станциядан алынгандыктан ар кыл аймакта өз-өзүнчө эсептелет.

Казакстандын Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, 1-январдан тарта Алматыда 7 пайызга, Акмола облусунда 5 пайызга, Павлодарда 9 пайызга көтөрүлдү. Жыйынтыгында өлкөдөгү орточо тариф 10 тенге же 3 сомдун тегерегинде. Мындай кымбаттоонун себеби катары өлкө бийликтери тармактагы жабдыктарды жаңылоо муктаждыгын атап жатышат. Бирок көз карандысыз эксперттер бул тармактагы ачык-айкындуулук жок болгон үчүн тарифтердин көтөрүлүшү калк арасында нааразылык жаратып жатканын айтышат. Алардын бири, Казакстандагы “Айкын тариф” коомунун жетекчиси Петр Своик жергиликтүү телеканалдардын бирине төмөнкүлөрдү айткан:

- Энергетика да, коммуналдык тарифтер да ачык-айкын эмес. Тарифти канчалык көтөрбөсүн, анын басымдуу бөлүгү башка максатта колдонулуп жатат. Эгер бул тармакты коррупциядан тазалабаса, кандай тариф койсоң да эч нерсе өзгөрбөйт жана эч кандай жыйынтык чыкпайт.

Коңшу Өзбекстанда болсо электр энергияга тариф 2014-жылдын октябрь айында көтөрүлгөн. “Өзбекэнерго” компаниясынын сайтындагы маалыматка караганда, калк үчүн 1 кВт. саат электр энергия 140 сумдун тегерегинде же 3 сомго чейин жетет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG