Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

“Учук салды”, “шырык жыйын” сыяктуу түшүнүктөрдү бүгүнкү кыз-келиндер анча деле биле бербейт. Кыргыз үйүнүн айныгыс бир бөлүгү болгон шырдак менен ала кийизди эми Иран, Түркиянын килемдери басып, аны жасагандардын саны да сээлдеп баратат.

Азыркы кийиз буюмдар чет элден келчү туристтерге сувенир, же аш-тойдо бири-бирине берилчү белек үчүн жасалгандай. Кылымдар бою энелер аздектеген шырдак менен ала кийиз жоголуп бара жаткан маданий мурастар катары былтыр ЮНЕСКОнун тизмесине кирген. Ушул бир жылдын ичинде кандай өзгөрүүлөр болду?

Жашы жетимишти таяган атбашылык Какеш Жумабай кызы өмүр бою ала кийиз, шырдак жасоо менен алек.

- Бул өнөрдү мен өзүмдүн энемден үйрөндүм. Андан кийин аракет кылып жүрүп, шырдак, ала кийиздерди жасап, боз үй көтөрүп, кементай, калпак тигип, колуман жаралган буюмдар чет мамлекеттерге чейин кетти.

Апанын колунан жаралган азем шырдактар, ала кийиздер анын 6 уулу, 2 кызынын эле үйүн толтурбай, көптөгөн чет элдик туристтердин да кызыгуусун жараткан. Азыр болсо бул өнөрдүн унутулуп баратканына Какеш апа кабатыр:

Какеш Жумабай кызы

Какеш Жумабай кызы

- Ушундай кол өнөрчүлүктү үйдөгү келиним гана билип калды. Анан кыздарымдын бирөө билет, шырдактарды жасап улантып жатат, менин эмгегимди баалап. Калгандары үйрөнө албай жүрөт.

Базарда шырдактын баасы 3 миңден 20 миң сомго чейин. Сатуучулар борбордогу шырдактын көбү Ат-Башы менен Нарындан келерин айтышты. Азыр шырдакты туристтер менен кызына сеп камдаган казактар сатып алууда. Заманбап кыргыз үйлөрүндө болсо Түркия, Ирандын палас, килемдери салынуу. Муну Маданият министрлигинин Тарыхый мурастарды сактоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Назгүл Мекешова да ырастады:

- Азыркы күндө бизде Кыргызстанда ала кийиз менен шырдактын ордуна палас, килемдерди колдонуп калышты. Кызга сеп бергенде ала кийиз, шырдакты кошкон азыркы күнгө чейин бар. Бирок кандайдыр бир деңгээлде сатыкта дагы килем, паластарга басым жасалып, биздин шырдак менен ала кийизди урунгандар азайып, сый мурас катары сакталып калган.

Кийиз өнөрүн аркалагандарды колдоо максатында Маданият министрлиги бир катар иш-чараларды аткарып келет. Былтыр атайын демилге менен шырдак, ала кийиз ЮНЕСКОнун жоголуп бараткан мурастар тизмесине кирген:

- Өзүбүздүн ушул биздин ата-бабалардан келген, энелерден келген мурасты аздектөө максатында ушундай кадамдарга былтыр барганбыз. Бул жерден кыргыз өкмөтү, Маданият министрлиги, “Какса КЖ” фондунун жетекчиси Чочунбаева Динара Илимбековна болуп баарыбыз биригип, Кыргыз Республикасындагы ЮНЕСКО катчылыгы менен чогуу ала кийиз менен шырдакты "колдоого муктаж" деген тизмеге киргизгенбиз.

Шырдак менен ала кийиз ЮНЕСКО тизмесине киргенден бери аталган уюмдан кыргыз уздары каржылык колдоо алган эмес. Уздардын дээрлик бардыгы энелер аздектеген шырдак менен ала кийизди өз демилгелери менен жасап, бул өнөрдү жаш муунга өткөрүп берүүнү көздөп келет.

- Негизи эгерде акча сураса, ЮНЕСКО берет. Долбоор жазып, колдоп бергиле десек берет. Бирок биз антип сураган жокпуз. Себеби бизди түгөнгөн сайын түтөгөн деп койот го, улам ушул жок болуп кетпесин деп ар ким өз алдынча аракет кылууда. Мынакей жакында эле ушул шырдак, ала кийиз боюнча өзүнчө бир уюм түзүлүп, биздин Кыргызстандагы кол өнөрчү айымдардын баары биригип, ассоциация түзүшүп, кандайдыр бир шыктанууга алып келди да. Биз азыр сурай элекпиз, сурабайбыз деген үмүттөбүз. Себеби бул биздин байыркы мурасыбыз, өзүбүз эле мындан ары өнүктүрүп кетебиз.

Шырдак менен ала кийизди жасоо кыйла машакаттуу иш. Аны эринбей жасап, көрккө келтирүү чыныгы кол өнөрчүнүн гана колунан келет. Азыркы чөнтөк телефондон агентти тыткан кыздарыбызды карап туруп, жайдын узак күнүндө кийиз жасап, кыштын узак түнүндө шырдак шырыган мезгил кайра келеринен күмөн санайсың.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG