Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:16

Түркиядагы абалдын запкысы тийген кыргызстандыктар


Фатих университети
Фатих университети

Түрк бийлиги жапкан жогорку окуу жайларда окуган жана мекеме-уюмдарда иштеген кыргызстандыктардын кайда барары арсар.

Алардын айрымдары өз эрки менен Кыргызстанга кайтып жатканы кабарланды. Ошол эле кезде түрк өкмөтү жабылган университтердин студенттерине башка окуу жайларга которулууга мүмкүнчүлүк берерин жарыялаган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жумуштан кыскарган жана окуудан чыккан кыргыз жарандарынан кайрылуу келип түшө электигин билдирди.

Жабылган мекемелер, жапа чеккен жарандар

Түркияда Фетхуллах Гүленге таандык 15 университет жабылды. Аталган жогорку окуу жайларда 161 кыргызстандык студент билим алып келген. Бул тууралуу Түркия өкмөтүнүн алдындагы Жогорку билим берүү мекемесинин расмий сайтына маалымат чыкты.

Сайттагы жарыяга ылайык, бийлик тарабынан жабылган ал жеке менчик университеттердин студенттери эми мамлекеттик окуу жайларга которула алышат. Алар буга чейин төлөгөн окуу акыларын эми мамлекеттик окуу жайларга төлөө шарты коюлган.

Жабылган окуу жайлардын арасында Стамбулдагы “Фатих” университети дагы бар. Мына ошол окуу жайга караштуу медициналык клиникада иштеп, бирок ал жабылганда мекенине кайтууга аргасыз болгон кыргыз жараны Алмаз Акыбаев бийлик студенттерге алыскы аймактагы билим сапаты төмөн окуу жайларга которулууну сунуштаганын айтты:

- Мисалы, Түркиянын Диярбакыр деген аймагындагы мамлекеттик окуу жайга которулууга студенттерге сунуштар түшүптүр. Түрк өкмөтү “ошондой мүмкүнчүлүк болот, бирок Стамбулдагы “Фатих” университетиндеги жылдык окуу акысын төлөйсүңөр” деген шарт койду. Бирок “Фатих” университети билим берүү сапаты боюнча Түркиядагы эң мыкты он жогорку окуу жайынын ичине кирчү. Эми ошондой сунуш болгон соң студенттер каякка барышты өздөрү чечет болсо керек.

Кыргыз бийлиги расмий маалымат ала элек

Түркия өкмөтүнүн Жогорку билим берүү мекемесинин маалыматы боюнча бул өлкөдө жалпысынан 1994 кыргызстандык студент билим алат.

Түркияда билим алган чет элдик студенттердин саны боюнча эң эле чоң көрсөткүч Азербайжанга таандык. Бул өлкөнүн он эки миңден ашуун студенти Түркияда окуйт. Студенттердин саны боюнча Кыргызстан Иран, Ирак, Казакстан, Түркмөнстан, Сирия жана Грекиядан кийинки жетинчи орунда турат.

Бизде иштеген беш жүздөй адамдын көпчүлүгү Гүлен кыймылы менен тааныштыгы болгон эмес. Бирок алардын бардыгын ошого байлап туруп эле, жумушсуз калтырып коюшту.
Алмаз Акыбаев

Кыргызстандын билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева окуудан чыгып калган кыргызстандык студенттерден расмий кайрылуу түшө электигин айтты:

- Бизге Түркияда окуган студенттерден кайрылуу түшсө, сөзсүз түрдө ал маселени карайбыз. Расмий маалыматтарда кыргызстандыктар билим алып жаткан конкреттүү окуу жайларынын аты аталган жок. Азырынча жабылган университеттердин саны туурасында гана маалымат чыгып жатат. Ошондуктан кайсы окуу жайда кандай студенттер окуган окуу жайлары жабылганы туурасында азырынча кабарыбыз жок. Ал жагы такталса, аны албетте, ар бир студенттин кайрылуусунун негизинде карайбыз. Алардын тагдырына биз кол шилтеп коё албайбыз. Анткени алар биздин жарандар. Эми ал жакта көбүнчө жеке менчик жогорку окуу жайларында окугандар бар. Ар бир учурду өзүнчө караш керек.

Санаага салган саясат

Мындан сырткары Түркияда Фетхуллах Гүлен кыймылы негиздеген деген чечим менен бир топ жеке менчик мектептер менен ондогон мекемелер ишмердигин токтоткон. Анда иштеген жүздөгөн адамдар жумушсуз калышкан. Алардын көпчүлүгүн катардагы тарбиячылар, мугалимдер жана дарыгерлер сыяктуу кесиптин ээлери түзөт.

Стамбулдагы “Фатих” университети жабылып калганына байланыштуу башкалар сыяктуу эле андагы кыргызстандык студенттер окуудан чыгып, кызматчылар менен окутуучулар жумушсуз калды. Алардын бири Алмаз Акыбаев эки жыл мурун сынактын негизинде университеттин алдындагы медициналык клиникага кызматка орношкон болчу.

Алмаз Акыбаев анда иштегендердин көпчүлүгү Гүлен кыймылына тиешеси жок адамдар болгонун белгиледи:

- 15-июлдагы окуядан кийин окуу жайлары менен мекемелерди жапкан учурлар бир гана жүйө менен “Гүлен кыймылы төңкөрүш уюштурууга аракет жасады” деген негизде башталды. Ал жагдай эл аралык комиссия турсун, сот тарабынан иликтенип, ошого жараша укуктук баа берүүнүн негизинде болгон жок. Мисалы, биздин клиниканы жаап жатканда адамдардын жумуш маселеси эми эмне болот деген суроого жооп уга алган жокмун. Бизде иштеген беш жүздөй адамдын көпчүлүгү Гүлен кыймылы менен тааныштыгы болгон эмес. Бирок алардын бардыгын ошого байлап туруп эле, жумушсуз калтырып коюшту.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркияда жабылууга дуушар болгон башка мекемелерде иштеген кыргызстандыктар туурасында маалымат келе электигин билдирди.

Түрк өкмөтү 15-июлдагы ишке ашпай калган козголоңду Гүлен кыймылына оодарып, ага таандык окуу жайлар менен мекемелерди жабуу чечимин кабыл алган болчу. Ал турсун Түркиянын тышкы иштер министри Кыргызстанды дагы дал ушундай чечим кабыл алууга чакырган эле. Бирок расмий Бишкек муну өлкөнүн ички иши деп атап, ага чет тараптын кийлигишүүгө акысы жок экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG