Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Түркия: ара жолдо калган кыргыз студенттер


Түркияда 15-июлда ишке ашпай калган аскердик төңкөрүш аракетинен кийин Фетхуллах Гүленге тиешеси бар делген 15 университет жабылган.

Измир шаарында жабылган Гедиз университетинин магистранты Малаке Кадыралиев окуусун улантуу максатында Түркияга учуп келип, бирок полициянын сурагынан кийин Кыргызстанга депортацияланган. Бул сурак тууралуу Малаке Кадыралиев "Азаттыкка" маек курду.

Малаке Кадыралиев: Бакалаврды Эге университетинин психология бөлүмүндө бүтүргөм. Өткөн жылы ошол эле Измирдеги жамаат менен байланышы бар Гедиз деген университетке психология боюнча магистратурага өткөм. Бир жыл окудум.

Жайкы каникулда Кыргызстанда жүргөндө төңкөрүш аракети болуп, Гедиз университети жабылып калды. Биз күттүк. Көп өтпөй Измир шаарындагы Катип Челеби деген университетке которулгула деген чечим чыкты. "Өзүңөр келип катталышыңар керек" деген маалымат келди. Мен үч апта мурда билет алып, Стамбул аркылуу учам деп келдим. Анан аэропортто паспортумду карап эле суракка алышты. Жарым сааттай "бул жамаат менен кандай байланышың бар" деп сурашты.

Фатих университети
Фатих университети

Көп өтпөй түрк өкмөтү, ФЕТО жамааты тууралуу эмне деп ойлойсуң деген суроолорго өтүштү. "Америкага бардыңбы? Пенсильванияга бардыңбы?" деген суроолор да болду. Анан мен бакалаврда окуп жүргөндө жамаатка тиешем болгонун, бирок акыркы эки жылдан бери такыр тиешем жок экенин айттым. Негизи мен өкмөттү да, Фетхуллах Гүлендин жамаатын да сындайм.

Суракка алгандар "бул жамааттагылар далыбызга бычак сайды, бизди алдап кетишти" деген сыяктуу сөздөргө өтүштү. 12 сааттай суракта отурдум. Андан соң бир бөлмөгө киргизип камап коюшту. Стамбулга эртең менен келгем, кечки саат ондо депортациялашты. Эмнеге өлкөдөн чыгарып жатышканын түшүндүрүшкөн жок.

"Азаттык": Сенин аты-жөнүң кандайча полициянын "кара тизмесине" кирип калды деп ойлойсуң?

Кыргыз бийлигинде "гүленчилер" күчү

Кыргыз бийлигинде "гүленчилер" күчү

Түркиянын өкмөтү төңкөрүшкө күнөөлөнүп жаткан Фетхуллах Гүлендин идеялаштары Кыргызстандын бардык бийлик бутактарында бар, алар келечекте төңкөрүш жасашы мүмкүн деген билдирүүсү жаңы талкууга жем таштоодо.

Малаке Кадыралиев: Менимче, эски тааныштарымдын бири аты-жөнүмдү полицияга берген окшойт. Ошондуктан Түркияга келгенде кысым көрсөтүлдү деп ойлойм.

"Азаттык": Түркияга кайтып келип, окууңду бүтүрөйүн деген оюң барбы?

Малаке Кадыралиев: Депортацияланып жаткан учурда бир полиция кызматкери "эгер Кыргызстандагы түрк элчилигине барып, атайын виза алсаң балким кайра кире аласың" деп айтты. Мен элчиликке бардым, документтердин тизмесин беришти. Азырынча керектүү документтерди чогултуп жатам, баары бүткөндө элчиликке алып барам. Түркияда магистратурамды бүтүргүм келет, бирок ал жерде жашап калуу ниетим жок. Дипломумду эле сүйлөшүп, Кыргызстанга кайра келейин деп жатам.

"Студенттер жөнүндө маалымат берилбейт"

15-июлдан кийин жабылган окуу жайларда 161 кыргызстандык студент билим алып жаткан. Фатих университетинде эле 104 кыргызстандык окучу.

Атын атагысы келбеген журтташыбыз Фатих университетинин 3-курсунда билим алчу. Радиого үнүн жаздырып алууга да каршы болгон студент ушул тапта Стамбулда башка университетке которулуп жатат. Ал Whatsapp аркылуу буларды билдирди:

- Фатих университетинин студенттери автоматтык түрдө Стамбул университетине которулду. Мен ал жакка барбай эле Стамбулдагы башка жеке менчик университетке катталып, азыр сабактарымды улантып жатам. Мамлекеттик Стамбул университетине катталууга барган үч кыргыз досумдун документтерин албай, убара кылып жатканын билем. Бирок алар баары бир сабактарына катышууда.

Түркияда төңкөрүш аракетинен кийин чукул кырдаал киргизилген
Түркияда төңкөрүш аракетинен кийин чукул кырдаал киргизилген

Стамбул университетинин чет өлкөлүк студенттер боюнча координатору төмөнкүлөрдү айтуу менен чектелди:

- Бул тууралуу сизге эч кандай маалымат бере албайм. Ректораттан жабылган университеттен келген студенттер тууралуу малымат берүүгө тыюу салынган.

Студенттер үчүн эң маанилүү болгон студенттик визаны узартуу жол-жобосунда да белгисиз жагдайлар бар. Университетте катталып, ал жактан окуйт деген кагаз менен студенттер Ички иштер министрлигинин Виза департаментине кайрылышат.

Түркияда дагы үч айга созулган чукул кырдаал режиминде өзгөчө чет элдик студенттерге көзөмөл күчөтүлүп, виза алуу убактысы да узакка созулуп жаткан учур.

Түркияда жалпысынан 193 университет бар, анын 15и жабылган. Жабылган окуу жайларда 65 миңге жакын студент билим алчу. Түркиянын Жогорку билим берүү мекемесинин маалыматы боюнча, булардын жарымы башка окуу жайларда билим алышууда.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG