Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

"Түркиядагы тууганым сойкулукка түрттү"


Түркияда сексуалдык кулчулукка кабылган келин жардам сурап кайрылды. Ал ушул тапта Орусияда баш калкалап жүрөт.

20 жаштагы Алина Түркияга ушул жылдын февраль айында алысыраак туугандарынын чакыруусу менен кеткен. Ата-энесинин алган насыясын төлөөгө жардам берүү ниети менен сапарга чыккан кыз чет өлкөдө сексуалдык кулчулукка кабылган. Турмушка чыга эле кыз алыс жерде туугандарына алданып, кордук көргөнүн айтууда:

- Мындан ары кантип жашарымды билбей калдым. Турмушка кантип чыгам? Ата-энемдин, жакындарымдын бетин кантип карайм? Келгениме аябай өкүнүп жатам. Мени Түркияга алып келген тууганымды жакшы таанычу эмесмин. Алар ата-энеме "кызыңарга иш таап берем, ресторанда иштейт, 1000 доллар айлык алат" деп айткан. Макул болуп баргам. Келгенде эле паспортумду алып коюп, иш ордумду көрсөттү. Көрсө мен отелдерге барып эркектерди тейлешим керек экен. Мажбурлап иштетишти. Ар бир кардарым үчүн 200 лира алчумун. Жарымын тууганым алып кетчү. Мага окшоп бир нече кыргыз кыз иштейт. Бирөө бала карайт, бошогондо кардар тейлейт. Бизди иштеткен аял өзү да иштейт. Эгерде бирөө жарымга арыздансаң, өзүң уят болосуң, окуяң элге жайылат деп коркуткан.

"Аялзат": Түркиядан акча да, азап да тапкандар

"Аялзат": Түркиядан акча да, азап да тапкандар

Түркиядагы кыргызстандык кыз-келиндердин басымдуусу тейлөө кызматтарында жана туристтик гид катары да эмгектенишет. Ошондой эле жеңил акча табууга алданып барып, сексуалдык кулчулукка туш болгон учурлар бар.

Алина Түркиядагы абалы жөнүндө ата-энесине кабарлай алган эмес. Эки ай өткөндөн кийин Орусиядагы бир тууган эжесине жардам сурап смс-билдирүү жөнөткөн. Алинанын жайын билген эжеси Жамиля туугандарын алдап-соолап жатып, сиңдисин жанына алдырган:

- Сиңдим менин жаныма 13-апрелде келди. Ага чейин он күн мурун "чыдабай калдым, жардам бериңиз" деп иши тууралуу ачык айткан кат жазган. Мен жагдайды тааныш эжеге баяндап, ал экөөбүз сиңдимди эптеп куткаруу айласын таптык. Аны иштеткен туугандарыма мен катуу ооруп калдым, сиңдимди жибериңиз деп сурандым. Алгач ага көнүшкөн жок. Ар кандай шылтоолорду айтып жатышты. Акыры ооруканага барып, ал жакта жатканымды сүрөткө тартып жиберип көндүрдүм. Он күн дегенден кийин гана Алинаны жиберишти. Азыр сиңдим жанымда, жакында ооруканада дарыланганы турат. Жашоодон кол үзгүсү келип, аябай кыйналды. Өзүм сарсанаа болуп жатып, жүрөгүм ооруп калды. Акыйкаттыкка жетүү үчүн аягына чейин барам. Алар өз жазасын алышы керек. Канча кыздын тагдыры талкаланганын ким билет?

Алинанын башынан өткөргөн окуясын эжесинен башка эч ким билбейт. Алина эми эжеси экөө Түркиядагы туугандарын сотко берип, акыр-аягына чейин укугун коргогонго даярданууда. Бул үчүн алар жакынкы күндөрү Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине кайрылганы жатышат.

Түркияда Алина өңдүү жумуш издеп барып, сексуалдык кулчулуктун торуна түшүп калган кыргызстандык кыздардын окуялары буга чейин дагы катталган.

Анталияда алданган Айсана куткарылды

Анталияда алданган Айсана куткарылды

Түркиянын Анталия шаарында мажбурлап сойкулук менен иштетип жаткан жерден качып чыккан. Ал мындай кырдаалга иш издеп барып, алданып калган.

Бир жыл мурун сойкулукка туш болгон 22 жаштагы кыргызстандык Айсана аттуу кыз Анталия шаарынан качып чыккан. Андан кийин дагы Бодрум шаарында 11 кыргызстандык кыз сексуалдык кулчулуктан бошотулганы маалым болгон. Дээрлик бардыгы жумуш издеп барып, шылуундардын кылтагына илингенин ырасташат.

Түркиядагы ар кандай кырдаалга дуушар болгон мигранттардын укугун коргоп жүргөн юрист Мустафа Борак Алинаны арыз жазып, өз укугун коргоого чакырат:

- Жапа чеккен чет өлкөлүк жарандардын баарынын арыз жазууга укугу бар. Түркияга келип укуктук бюролордон же мамлекеттик мекемелерден жардам ала алат.

Мустафа Борак, тилекке каршы, кыздардын дээрлик 90 пайызы Түркияга сойкулук менен алектенерин билип туруп келерин белгиледи:

- Бул жерде эки башка жагдай бар. Кулчулукка зордолгондор бар, зордогондор бар. Мен сексуалдык кулчулукка зордолгондор менен иштедим. Алардын 98 пайызы бул ишке өздөрү билип келгенин айтышат.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги буга чейин “Азаттыкка” сойкулук менен алектенген кыздар көбүнчө мындай ишке өз каалоосу менен барышарын, кийин полицияга кармалганда гана ар кандай шылтоолорду айтышарын маалымдаган эле. Ал эми чындап алданып, сексуалдык кулчулукка кабылган кыздардын саны 3-5 пайызга чукул.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG