Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:15

Ушул аптада Кыргызстан Женевада БУУнун Адам укуктары кеңешинде төрт жылда берилчү улуттук баяндамасын окуду. Эл аралык коомчулук Кыргызстандагы адам укугу жаатындагы абалды кандай баалады? Демократиялык принциптерди негиз кылган Кыргызстандын жетишкендиктери менен өксүктөрү эмнеде?

Бириккен Улуттар Уюмунун 2008-жылы кабыл алынган декларациясына ылайык, ага мүчө 193 мамлекет ар беш жыл сайын адам укуктарын коргоо боюнча жасалган иштер тууралуу эл аралык коомчулукка маалымдап турушу керек.

2010-жылы Апрель ыңкылабына чейин отчет берген Кыргызстан быйыл экинчи жолу баяндама жасады. Анда негизинен өлкөдөгү адам укуктары жана эркиндиктерин камсыздоо чаралары, жабык жайлардагы кыйноолорго каршы күрөш, бул жааттагы мыйзамдык демилгелер тууралуу сөз болду. Мындан соң эл аралык коомчулук өкүлдөрү Кыргызстанга өз сунуштарын берди.

Абдрахман Маматалиев

Абдрахман Маматалиев

Женевага кыргыз делегациясын жетектеп келген, өкмөттүн алдындагы адам укугу боюнча координациялык кеңештин төрагасы, вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Кыргызстандын улуттук баяндамасы кандай баа берилгенине токтолду:

- Жыйын болгон күнү 75тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү өз сунуштарын берди. Алардын ичинен бири да кескин сынга алып, терс баасын бергендер болгон жок. Көпчүлүгү Кыргызстанда аткарылып жаткан иштерди жогору баалап, ошол эле мезгилде айрым маселелер боюнча тынчсыздануусун айтышты. Анткени Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда гана адам укугу боюнча координациялык кеңеш түзүлүп, иштеп жатат. Бизде гана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор иш алып барат. Бизде гана парламенттик башкаруу системасы иштеп жатат. Баяндаманы угуу учурунда дал ушундай өзгөчөлүктөрдү оң баалагандар көп болду.

Сын да, сунуш да көп

Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча кеңешинин 70тен ашык өлкөсү Кыргызстанга өз сунуштарын берген. Анда негизинен кумсаларды пропагандалоого каршы, бейөкмөт уюмдарды “чет өлкөлүк агент” катары таануу сыяктуу мыйзам долбоорлорду кабыл албоо, аялдардын, балдардын, этникалык азчылыктардын укугун коргоо сыяктуу негиздүү сунуштар айтылган.

Маселен, Кошмо Штаттардын өкүлү кыргыз парламентин эл аралык келишим жана нормаларга каршы келген мыйзамдарды кабыл албоого чакырды. Ошондой эле этникалык топтордун укуктарын коргоого жана укук коргоо органдары тарабынан ар кыл басымдарды токтотууга үндөгөн:

- Кыргызстанда активдүү жарандык коом жана эркин маалымат каражаттары бар. Бирок адаттан тыш сексуалдык азчылыктар боюнча мыйзам долбоордун киришүүсүндө тек-жайын айткандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралса, чет элдик агенттер жөнүндө мыйзамда чет жактан каржыланган уюмдарды жана диний уюмдар боюнча мыйзамда диний топтордун каттоо шарттарын катаалдаштырып, айыппулду күчөтөт. Бул өлкөнүн демократиялык жетишкендиктерине көө жабат. Ошондой 2010-жылкы этностук зордук-зомбулуктан кийинки кайра калыбына келтирүү иштеринде өкмөттүн иш-аракети чектелүү болуп, өзбектерди жоопко тартуу, кодулоо көп болуп жатканы бизди тынчсыздандырат. Көпчүлүк учурда сот маалында айыпталуучу тийиштүү кепилдиктерден куру калат. Милиция болсо улуттук азчылыктарга системалуу түрдө чабуулун улантууда.

Ал эми Чех республикасынын өкүлү кыргыз парламент мүчөлөрүн сексуалдык азчылыктардын укугун чектеген, этникалык жана расалык өзгөчөлүктөрүнө жараша дискриминацияга жол ачкан мыйзамдарды кабыл албоого чакырган:

- Биринчиден, кодулоо менен басмырлоонун бардык түрүнө: атап айтканда, этникалык, диний, жыныстык жана сексуалдык багыттарына карабастан каршы турган кеңири мыйзамдык базаны иштеп чыгууну сунуштайбыз. Экинчиден, эркин чогулуу жана өз оюн эркин айтууну камсыздап, жарандык коомдун ишмердигин чектеген, тактап айтканда, бейөкмөт уюмдарды тушаган чет элдик агенттер боюнча мыйзамды кайра карап чыгууну сунуштайбыз. Үчүнчүдөн, аялдарга карата зордук-зомбулукка тыюу салган мыйзамдардын иштөөсүн күчтөндүрүүнү жана үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, кыз ала качуунун курмандыктарына көмөк көрсөтүүдө каржылоону көбөйтүүнү сунуштайбыз.

Айрым сунуштар кабыл алынбайт

Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси жана Улуттар Уюмундагы өкүлү Гүлнара Искакова 190дон ашык сунуш келип түшүп, алардын 30га жакынын Кыргызстан аткаруудан баш тартканын белгиледи:

- БУУдагы отчет учунунда 74 өлкөдөн 196 сунуш түштү. Алардын ичинен 139ду дароо эле кабыл алып, аткарууга боло турганын айттык. Ал эми 28 сунушту аткарууга мүмкүн эмес деп четке кактык. Дагы 30га жакыны боюнча жоопту кийинчерээк берели деп чечтик. Негизинен биз четке каккан сунуштар сексуалдык азчылыктарга байланыштуу болду. Анткени бир катар мамлекеттер мындай адамдардын укугун коргоо боюнча атайын мыйзам кабыл алгыла деген сунуш беришкен. Биздин делегация бизде сексуалдык азчылык деп бөлүү болбой турганын, алардын укугу Кыргызстандын башка жарандарындай эле башка мыйзамдар менен корголот деп кабыл алуудан баш тарттык.

Вице-премьер Маматалиев болсо айтылган сын-сунуштардын арасында негизсиздери да бар деди. Аларды Кыргызстан аткара албай тургандыгын ачык айткан:

- Биз кумсаларды пропагандалоого каршы жана бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам долбоорлорго байланыштуу өз жообубузду бердик. Аны биринчиден, өкмөт эмес парламент иштеп чыкты. Эгер парламент аны кабыл алса, аны өкмөт аткарууга тийиш. Экинчиден, бул мыйзам долбоорлор азырынча кабыл алына элек. Ал боюнча коомчулукта көптөгөн талкуулар жүрүп жатат. Бирок биз өз элибиздин баалуулуктарын эске алуу менен аракет кылышыбыз керек экенин бул жакта эскерттик.

Укук чектеген мыйзамдардын тагдыры

Улуттук баяндаманы талкуулап жатканда жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин чектеген демилгелер кыргыз парламенти тарабынан көтөрүлүп жатканы белгиленди.

Маселен, Нидерланддардын өкүлү бейөкмөт уюмдар жана сексуалдык азчылыктардын укугун чектеген демилгелердин парламентте көтөрүлгөнүн сындап, кыргыз депутаттардын укуктук аң-сезиминин жетилбегени Борбор Азияда демократияга үлгү болгон Кыргызстандын кадыр-баркына шек келтирерин эскертти.

Женевадагы талкууга катышкан депутат Наталья Никитенко болсо парламентте сунушталган жогорудагы эки мыйзам долбоору коомдо жана Жогорку Кеңеште талкуу жаратып, бир катар депутаттар ага каршы экенин айтып жооп берди.

- Бул мыйзам долбоор коомчулукта абдан чоң талкууларды пайда кылды. Парламентте да бир нече ирет талкууланды. Ар кандай сунуштар, баалар берилди. Алардын ичинде коомдук жана эл аралык уюмдар тарабынан ар кыл терс пикирлер да айтылды. Биздин парламенттин ачык-айкындуулугун жана андагы талкуулардын курчтугун эске алуу менен бул мыйзам долбоор боюнча ар кандай пикирлер айтылды. Бир катар депутаттар каршылыгын билдиришти. Мындан улам аталган мыйзам долбоор боюнча атайын жумушчу топ да түзүлдү. Ал топ бул тармактагы эл аралык тажрыйбаны изилдеп, өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Бул топко мыйзамдын демилгечилери жана башка мамлекеттик орган, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирген. Аталган топ мүчөлөрү өткөн жылдын декабрь айында Женевага келип, БУУнун атайын өкүлү катышкан парламенттер аралык союздун жыйынына да катышып кетти. Мындан сырткары бир катар депутаттар бул мыйзам долбоорду экспертизадан өткөрүү боюнча Европарламентке да кайрылды.

Келишимге кошулуп, аны аткарбай койсок биздин саясий, социалдык, экономикалык жана маданий кадыр-баркыбызга шек келтирилиши мүмкүн.

Ал эми Жогорку Кеңештеги Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин мүчөсү Эристина Кочкарова эл аралык коомчулук өкүлдөрүнө «чет элдик агент» боюнча мыйзам долбоорун артка чакыртуу сунушталганын маалымдады. Депутат Кочкарова Жогорку Кеңеш эл аралык нормаларга каршы келген жана адам укугун чектеген мыйзамдарды кабыл албай турганын белгиледи:

- Бул мыйзам эл аралык уюмдар жана жарандык коомдун тынчсыздануусун жаратты. Алардын пикиринде бул демилге эл аралык мыйзамдык нормаларга каршы келет жана бейөкмөт уюмдардын ишмердигин чектеп, эркиндигине доо кетирет. Буга байланыштуу жана аталган маселенин актуалдуулугун эске алуу менен парламенттин Адам укугу жана конституциялык түзүлүш боюнча комитети өткөн жылдын 24-ноябрында атайын угуу өткөрдү. Анын жыйынтыгында мыйзамдын демилгечилерине бир катар сунуштар берилди. Алардын арасында мыйзам долбоорду артка чакырып алуу сунушу да бар.

Өлкө аброю таразада турат

Анткен менен Кыргызстандын Женевадагы элчиси Гүлнара Искакова Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам долбоорлорду иштеп чыгаардан мурун эл аралык нормалар жана милдеттенмелер менен таанышып, укуктук ченемдердин шайкештигине көңүл бурушу керектигине токтолду:

- Эл аралык аренада биз буга парламент күнөөлүү же буга өкмөт күнөөлүү деп айыптап, бөлүштүрө албайбыз. Жалпы Кыргызстандын кадыр-баркына доо кетет. Ошондуктан мыйзам долбоорлорду киргизип жаткан учурунда депутаттар бул демилгелер эл аралык келишимдерге шайкеш келеби, өзүбүз алган милдеттенмелерге карама-каршы эмеспи деген суроолорду берип, экспертизадан өткөрүп коюшу зарыл.

Гүлнара Искакова

Гүлнара Искакова

Бул жолку баяндамада көпчүлүк өлкөлөрдүн өкүлдөрү Кыргызстандагы балдардын жана аялдардын укугун коргоону бекемдөөгө жана үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктарды токтотууга өзгөчө көңүл бурууга чакырышты. Кыргыз делегациясынын жетекчиси Абдырахман Маматалиев кыргыз бийликтери бул жаатта айтылган сунуштарды аткарууга аракет кылаарын билдирди.

Элчи Гүлнара Искакова дүйнөлүк коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан айтылган сунуштарды Кыргызстан аткарышы зарыл, болбосо өлкөнүн эл аралык аброюна шек кетет деп кошумчалады:

- Негизи эл аралык милдеттенмелерге кошулгула деп Кыргызстанды эч ким зордобойт. Ал боюнча өзүбүз чечим кабыл алып, өзүбүз аткарабыз деп милдеттенмелерди алабыз. Анан келишимге кошулуп, аны аткарбай койсок биздин саясий, социалдык, экономикалык жана маданий кадыр-баркыбызга шек келтирилиши мүмкүн. Ар кыл жардам берилбей калышы мүмкүн. Ошондуктан буга кылдат мамиле кылуу керек.

2-февралга чейин Кыргызстанга Улуттар Уюмунун трибунасынан айтылган сын-сунуштарды кабыл алаар-албасын айтууга мөөнөт берилет. Улуттар уюмунун Адам укугу боюнча кеңеши кыргыз тараптын жообун алгандан кийин анын негизинде июнда өзүнүн толук баасын берет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG