Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

“Үркүн-100” көзөмөл алдында өттүбү?


 "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине 1916-жылдагы кандуу окуялардын курмандыктарына арналып орнотулган эстелик.
"Ата-Бейит" мемориалдык комплексине 1916-жылдагы кандуу окуялардын курмандыктарына арналып орнотулган эстелик.

Үркүндүн 100 жылдыгына байланыштуу пландалган илимий иш-чаралар жыйынтыкталды. Ал эми улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн маданиятта жана искусстводо чагылдыруу жаатында сынактар, көргөзмөлөр уланууда. Бирок бул багытта өткөн иш-чаралардын дээрлик баары катуу көзөмөлдөнүп жатканы айтылып келет.

Маданият министрлиги жарыялаган Үркүндү чагылдыруу боюнча композиторлор жана драматургдар арасында сынакты министрликтин алдындагы көркөм эксперттик комиссия көзөмөлдөп турат. Бул тууралуу Маданият министрлигинин өкүлү Тыныбек Сыдыков айтты:

- Комиссия эң башкысы ошол чыгарманын кайсы бир улутка, кайсы бир мамлекетке шек келтирбегенине көңүл бурат. Бул талап жобонун өзүндө жазылган. Ошол жобого туура келген пьесалар театрларга берилген. Алар коюлуп чыккандан кийин министрликтин алдындагы көркөм кеңеш барып көзөмөлүнөн өткөрөт.

"Үркүн" тасмасындагы кадрлар.
"Үркүн" тасмасындагы кадрлар.

Тыныбек Сыдыков драмалар конкурсуна отуз сегиз чыгарма келип түшкөнүн, алардын ичинен ондон ашык спектакль тандалып алынганын кошумчалады. Сынактын негизинде жыл аягына чейин ар бир театрда 1916-жылкы улуттук-боштондук кыймылын чагылдырган спектакль өтөт.

Анткен менен айрым обончулар музыка жаатындагы сынакка катышуу укугу эркин болбой жатат деп даттанышууда. Муну Орусияга ыктаган азыркы саясаттын эпкини катары баалагандар да жок эмес.

Бирок мындай көз карашты музыкалык чыгармалар сынагын уюштургандардын бири, Композиторлор бирлигинин төрагасы Турдубек Чокуев төгүндөдү:

- Мага эки-үч күн мурун Үркүн боюнча чыгармам бар эле деп бирөө чалды. Биринчиден, 15-октябрга чейин чыгармалар кабыл алынып бүткөн. Экинчиден, жободо негизинен конкурс профессионалдык чыгармаларга: симфония, хор, соната үчүн жарыяланган. Бул жабык конкурс. Кандай чыгармалар келип түшүп жатканын билбейбиз.

Музыкалык чыгармалардын сынагы айдын аягында соңуна чыгат экен. Анда он беш орунга байге коюлган.

"Ата-Бейиттеги" Үркүн жаңырыгы

"Ата-Бейиттеги" Үркүн жаңырыгы

1916-жылкы улуттук боштондук күрөшүнө арналган эстелик кечээ, 2-сентябрда "Ата-Бейит" комплексинде ачылды. Ага президент Алмазбек Атамбаев баштаган мамлекеттик ишмерлер, саясатчылар, Кыргызстанда иштеп жаткан чет өлкөлүк дипломаттар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Ачылышка Үркүндү иликтөө боюнча көз карандысыз комиссиянын өкүлдөрү келген жок.

Кино жаатында “Үркүн” тасмасы көрүүчүлөргө жетпей создукканы жагынан да коомчулуктун көңүлүн бурду. Муну айрым эксперттер Орусия менен болгон мамилени бузуудан чочулоо белгиси катары баалаган. Аталган фильмдин режиссеру Медин Учукеев аталган тасма тартыла баштаган кезден эле “көрүнбөгөн колдор” аркылуу тыкыр көзөмөлгө алынганын айтып берген:

- Биз сценарий жазылып бүткөндөн кийин эле комиссияга бергенбиз. Ал жактан бизге тасма үч нерсеси алынып салынгандан кийин келди. Балдар окко учкан жерлер, айрым бир сценалар, көп адамдар кыргынга учураганын ачык көрсөткөн жерлер оңдолуп келген. Мындайча айтканда, саясый жактан да туура болуш керек деп атып сценарий жипке тизген шурудай тизилген, өтө жөнөкөй болуп калып, фильм көңүлдөгүдөй болбой калды, - дейт Учукеев.

Коомчулукта Үркүн темасы боюнча өтүп жаткан иш-чаралар Орусиянын атайын кызматы тарабынан көзөмөлдөнүп турат деген кеп-сөздөр да болду. Буга чейин интернетте тарыхчылардын Үркүн боюнча өткөн жыйынында Кыргызстандагы Орус элчилигинин биринчи катчысы жергиликтүү тарыхчыларга багыт бергени тууралуу маалымат жарыяланган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG