Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:21

1916-жылдагы кандуу окуяларда кырылгандардын сөөгү 11-августта Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлат. Аны Үркүндү иликтөө боюнча көз карандысыз коомдук комиссия уюштурууда.

Аталган комиссиянын демилгеси менен былтыр Ысык-Көлдө өткөн элдик курултайда Үркүндүн 100 жылдыгын 11-августта белгилөө чечими кабыл алынган. Анткени 1931-жылы дал ушул күнү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов кандуу окуянын 15 жылдыгын биринчи жолу өкмөттүк деңгээлде Фрунзеде өткөргөн. Комиссия төрагасы Азимбек Бекназаров бул багытта "Азаттык" радиосуна маек курду.

“Азаттык”: Бүгүн канча адамдын сөөгүн кайрадан жерге бергени жатасыздар?

Азимбек Бекназаров: Мынча адамдыкы деп айтыш кыйын. Анткени биз жүз жыл көмүлбөй, көрүнгөн таш, кычыкта жаткан сөөктөрдү терип келдик. Оппозиция дагы саясат кылып атат дебесин деп бийликти күттүк. Ушул убакка чейин эстелик коюлуп атат. Сөөк алынып келинген жок. Былтыр курултайда 11-августту 100 жылдыктын күнү деп белгилегенбиз. Ошондуктан символикалык түрдө 2006-жылы өзүбүздүн экспедиция учурунда көмгөн жерден чогултканбыз.

“Азаттык”: Көз карандысыз коомдук комиссия Үркүндү изилдөөгө кандай салым кошо алды?

Азимбек Бекназаров: Былтыр 27-майда президент Алмазбек Атамбаев 1916-жылдагы окуяларга тарыхый жактан объективдүү баа берүү үчүн жумушчу топ түзгөн. Бийликти карап отура бербей Кыргызстандын жарандык коомчулугу да жардам берели деген максатта жарлыкты колдоп ,бир жумадан кийин, 2015-жылдын июнунда биздин комиссия түзүлдү. Ошол боюнча архивдик изилдөө жүргүзүп, китеп чыгардык. Далай сунуштарды мурдагы премьер Темир Сариевге бердик. Биздин комиссиядан төрт адамды Сариев макул деп өкмөттүк комиссияга кошту. Чогуу иштей турган болдук. Кийин эле бизге кабар айтпай, булар өздөрүнчө кетти. Биз да өз алдыбызча иш жүргүзө баштадык.

Үркүндүн 100 жылдыгына карата 5-августта Бишкектен башталган “Өмүр көчү” деп аталган автокербендин катышуучулары.

Үркүндүн 100 жылдыгына карата 5-августта Бишкектен башталган “Өмүр көчү” деп аталган автокербендин катышуучулары.

Былтыр 11-августта Барскоондо элдик курултай уюштуруп, кандуу окуя боюнча өзүбүздүн корутундуну элдин назарына койдук. Ага катышкандар бир добуштан “геноцид” болгон деп добуш беришти. Анан бул чечим Орусия, Өзбекстан, Казакстандын жана өзүбүздүн президентке жиберилди. Кыргызстандын коомчулугу ушундай чечимге келди деген мазмунда. Эмне үчүн “геноцид” деген бүтүм кабыл алынганын, анын себептерин бүт жаздык. Акаевдин убагында Үркүндү эскерүүгө Бишкектин Түштүк дарбаза тарабында бир гектардай жер бөлүп берген эле. Ушул жерге мемориалдык музей ачып, архивдерди, документтерди коюуну, Кыргызстанга келген кишилер Армениянын борбору Еревандагыдай музейди көрсүн деп сунуштасак, бийлик ага макул болгон жок. “Ата-Бейитке” эстелик тургузуларын, өлгөндөрдүн сөөктөрү алып келинип коюларын айтып, ал жер комплекс болот деген жооп узатышты. Бирок, мына жыл айланды, эстелик курулуп атат, бирок бир жерден сөөк алынып келген жок.

Үркүн курмандыктарына арналып тургузулган Ак-Шыйрактагы эстелик

Үркүн курмандыктарына арналып тургузулган Ак-Шыйрактагы эстелик

Биз саясат кылган жокпуз, өз тарыхыбызды тактап атабыз. Бул биздин тарых, кыргыздын тарыхы. Эмне үчүн 100 жыл бою сөөктөр көмүлгөн жок? Канча адам өлгөн? Эмне себептен кырылганын талдап атабыз. Бирок, биз эч кимге доомат кылбайбыз. Геноцид боюнча азыркы Орусиянын бийлигине дооматыбыз жок. Анткени кыргынды орус падышачылыгы салган. Жүз жыл мурдагы саясат. Биз болгону кыргыздар тарыхыбызды белгилеп коелу деген максатты көздөйбүз. Бул эмне үчүн Үркүн деп аталып калган. Ушунун өзү чоң тарых. Муну жеткиликтүү иликтеген киши жок. Мал үркөт, адам үркпөйт да. Тарыхчылар, адабиятчы, сынчылар ушуну изилдеши керек эле. Президент ушуга чекит коебуз деп жарлык чыгарды эле, бирок жүз жылдан кийин деле ата-бабалар эмнеге көмүлбөй калды деп жан дүйнөбүздөн өткөрө алган жокпуз. Кыргыз коомчулугу дале буга даяр эмес экен.

“Азаттык”: Маркумдардын сөөктөрү кайсы аймактардан табылып жатат?

Азимбек Бекназаров: 2006-жылы Ысык-Көлдүн Бедел, Ак-Шыйрак, Сөөк жана Барскоон аймактарында сөөк тергенбиз. Бул ирет Барскоондун Чаар-Арча деген жеринен алып келдик. Сөөктүн белине барып башкалар Беделди ашып кетүүсү үчүн орус падышачылыгынын отрядын үч күн бою тосуп турган Кадыр мергенге эстелик койдурттук. Ал “Кадырдын кара ташы” деп аталды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG