Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:03

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги адамды кыйноо көрүнүшү көбөйүп жатканына жергиликтүү бийликтин көңүлүн бурду. АКШнын Бишкектеги элчисинин орун басары Ларри Маммотко "Азаттыктын" айрым суроолоруна жооп берди.

- 13-январда АКШ элчилиги "Кыргызстанда камакка алынгандарды кыйноолор көбөйгөнү тууралуу укук коргоочулардын билдирүүлөрү америкалык элчиликти тынчсыздандырат" деген билдирүү таратты. Бул тууралуу сиздерде конкреттүү далилдер, фактылар барбы?

Л. Маммот: Бизде кыйноолорду далилдеген так, даана фактылар жок. Биз кыйноолордун саны тууралуу да айткан жокпуз, биз болгону укук коргоочулар тараткан билдирүүлөр АКШ элчилигин тынчсыздандырып жатканын гана айттык.

- Freedom House эл аралык уюму жылдык баяндамасында Кыргызстан “эркин эмес” деген топтон кайрадан “жарым жартылай эркин” деген топко кошулгандыгын шардана кылды. Бул баага сиз кошуласызбы?

Л. Маммот: Менимче, чынында алдыга жылыштар бар. Алар көз көрүнөө эле байкалып турат. Мен "Фридом Хаустун" атынан айта албайм. Бирок АКШ өкмөтүн тынчсыздандырып жаткан нерселерди айтып кеттим. Бул - кыйноолор боюнча билдирүүлөр, соттук териштирүүлөрдү адилеттүү түрдө алып баруу. Бул маселелер бизди эле эмес, башка Батыш өлкөлөрүн тынчсыздандырганы да алар тараткан билдирүүлөрдөн байкалып турат. Деген менен, өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай, Кыргызстандын азыркы жасап жаткан кадамары туура багытта баратат.

- Апрель окуяларынан бери жаңы өкмөт тогуз ай иштеди. Бул убакыт арасындагы өкмөттүн аткарган иштерине кандай баа бересиз?

Л. Маммот: Убактылуу өкмөттүн жетишкендиктери катары Конституциянын иштелип чыгышы жакшы баага татыды. Ошондой эле референдум менен парламенттик шайлоолорду бурмалабай эркин өткөрүп, мунун жыйынтыгы катары мыйзамдуу өкмөттүн пайда болушун жетишкендик деп эсептер элем.

Убактылуу өкмөттүн кандайдыр бир катачылыктары тууралуу айтууга укугум жок. Себеби, өзүңүздөр билесиздер, убактылуу өкмөт болду, анын алдында көп татаал маселелер турган. Ушундай оор маселелердин бири катары түштүктө орун алган окуяларды айтса болот. Тилекке каршы, бул көйгөйлөр дагы эле толугу менен чечилип бүтө элек. Менимче ушундай жагдайлардын баарын эске алып, убактылуу өкмөттүн жасаган иштерин жакшы эле бааласа болот.

- Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы транзиттик борбордогу АКШ учактарына келген авиакеросинге акциздик салык системасын киргизүү демилгесин көтөрүп жатат. Буга кандай комментарий бересиз?

Л. Маммот: АКШ өзүнүн аскерлерин жайгаштырардан мурун ошол өлкө менен тийиштүү келишимге кол койгонго аракет кылат. 2001-жылы АКШ базасын Кыргызстанга жайгаштырардан мурун зарыл келишимге кол коюлган. Ошол жерде "АКШ эч кандай салыктарды төлөбөйт" деп айтылган. Бул база транзиттик борбор болуп калгандан бери АКШ өкмөтү кыргыз өкмөтүнө 60 млн. доллар өлчөмүндөгү каражат төлөйт жана кандайдыр бир салыктар болсо ушул сумманын ичине кирет. Бул Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө АКШнын бардык базалары жайгаштырылган өлкөлөрдө шарттар ушундай. Эгерде Кыргызстанда мындай салык киргизиле турган болсо, анда башка өлкөлөр да АКШга карата салык киргизебиз деп чыгышы мүмкүн.

- Кыргызстанда парламенттик демократия көпкө өмүр сүрбөйт. Мындай башкаруу система бул өлкөгө жарабайт деген өңдүү сөздөр өлкө ичинен да, тыштан да байма-бай айтылып жатат. Ал эми АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Бишкекке иш сапары маалында, тескерисинче, АКШ Кыргызстандын парламенттик демократия куруу аракетине колдоо көрсөтүп турарын убада кылган. Бул сөздөр конкреттүү кандай чаралар менен коштолууда?

Л. Маммот: Ооба, АКШ өкмөтү Кыргызстанда демократияны колдойт. Бирок кыргыз эли бул парламенттик демократия болобу, же президентикпи - өзү чечиш керек. Ал эми АКШ өкмөтү өлкөдөгү бардык демократиялык жараяндарды кубаттап турууга даяр.

Конкреттүү кандай колдоолор болот деп сурап калдыңыз. Бир мисал. Апрель окуяларынан кийин АКШ өкмөтү Кыргызстанда социалдык көйгөйлөрдү чечүү максатында 22 млн. доллар бөлгөн. Мына бүгүн төрт мектеп жана бир жетим балдар үйүн ремонттоо үчүн үч жүз миң долларлык гранттык келишимге кол койдук.

- АКШ Кыргызстан менен тыгыз алакада болуу аракетин жашырбайт. Чоң державанын кенедей Борбор Азия өлкөсүндө кандай кызыкчылыктары болушу мүмкүн?


Л. Маммот: Биринчиден, Кыргызстандагы эң негизги кызыкчылык бул - демократия деп айтаар элем. Себеби биздин ишенимибизде өлкө демократиялуу болсо, ал өлкө менен достук мамиледе алгылыктуу иш алып барса болот.

Экинчиден, коопсуздук маселеси. Себеби Кыргызстан Ооганстанга байланыштуу маселеде тыгыз кызматташып жатат. Анын үстүнө акыркы кезде терроризмге байланышкан көрүнүштөр да орун алышы коопсуздук жаатында кызматташуу керектигин айгинеледи.

Үчүнчүдөн, биздин кызыкчылыгыбыз - Кыргызстанда экономиканын өнүгүшү. Себеби кыргыз экономикасы өнүксө өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасына да таасирин тийгизет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG