Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

Чек ара маселесине байланыштуу Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык мамиле үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

Расмий Бишкек Ташкенден келген жооп ынанымдуу болбогондуктан Кербен-Ала-Бука жолу өткөн чек ара тилкесиндеги тосмолорду алып, куралдуу күчтөрүн жана аскер техникасын чыгарып кетүүнү талап кылган экинчи нааразылык нотасын Өзбекстанга жөнөттү.

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов тараптарды тирешүүдөн алыс болуп, жогорку деңгээлдеги саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөргө барууга үндөдү.

Ташкендин жообу

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын тышкы саясат мекемесинен расмий Бишкектин нааразылык нотасына расмий жооп келгенин кабарлады. Анда өзбек тараптын жообунда “Чаласарт” чек ара аймагынан тосмолорду алуу, куралдуу күчтөр менен аскер техникасын чыгаруу боюнча кыргыз тараптын талабына ынанымдуу жооп болбогону көрсөтүлгөн.

Расмий Бишкектин 18-марттагы нааразылык нотасына карата Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин жообунда “Өзбекстанда жылда Нооруз майрамына байланыштуу коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо максатында мамлекеттик чек араны кайтаруу күчөтүлгөнү" маалымдалган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов Ташкендин мындай туюк жообуна карата кезектеги дипломатиялык кадамдар жасаларын белгиледи:

- Өзбекстан тараптан оң жооп болбогондуктан ушул окуяга байланыштуу кыргыз тарап чек ара сызыгы тактала элек “Чаласарт” тилкесине өзбек тарап тосмолорду коюп, куралдуу күчтөрүн жана аскер техникасын киргизип алууга мүмкүн эмес экенин дагы бир жолу кайталап эскертет. Өзбекстан мына ошол тилкеден тосмолорду алып, аскерлерин жана аскер техникасын чыгарып кеткенден кийин гана кыргыз тарап өзбек кесиптештер менен эки өлкө ортосундагы бардык маселелер боюнча конструктивдүү сүйлөшүүлөргө даяр.

Жекшенкулов: тирешүү пайда алып келбейт

Ошол эле кезде Кыргызстандын бийлиги Өзбекстан менен чек ара талашын жөнгө салуу үчүн ЖККУ жана ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдар аркылуу аракеттенүүгө өткөнү белгилүү. Расмий Бишкектин сунушу менен 22-мартта Москвада ЖККУнун туруктуу кеңешинин жыйыны өтүп, уюм кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануу менен байкоо салып турганы кабарланган. Бирок анда кандайдыр бир чечим кабыл алынган эмес.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов чек ара көйгөйү алгач эки тараптуу шартта гана чечилерин айтып, кыргыз дипломатиясынын бул жагдайга байланышкан соңку кадамдарын төмөндөгүчө сынга алды:

- Эл аралык уюмдарга арачы болуп бергиле деген негизде адатта эки мамлекеттин ортосунда мамиле такыр болбой калган учурда гана кайрылат. Эл аралык тажрыйба ушундай. Биз бул багытта кандайдыр бир жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөстөн эл аралык уюмдарга кайрыла баштаганыбыз бир аз туура болбой калат. Биздин дипломаттар нотаны улам жиберип коюп эле "биз каалагандай чечимдерге келбесе, анда дипломатиялык мамилени үзөбүз жана элчини чакыртып алабыз" деген кадамдар бул эң акыркы кадамдар болушу керек эле. Бул жерде жөн эле эки тараптын дипломаттары отуруп алып сүйлөшүшү керек. Азыркы дипломаттар сүйлөшө албай жатышса, анда өкмөт алардын ордуна башка дипломаттарды коюш керек. Нота жөнөтүп коюп отура берүү тирешүүнү тереңдетип, кырдаалды курчутууга гана өбөлгө түзөт.

Ошол эле кезде кыргыз өкмөтүнө жакын, ишенимдүү маалымат булагынын маалымдашынча, Ташкен менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыгарына ишеним болбогондуктан Кыргызстан учурда эл аралык уюмдарга кайрылууга аргасыз болду.

Ал арада президент Алмазбек Атамбаев бүгүн чек ара көйгөйү жөнгө салынбай турган болсо, быйыл жайында Ташкенде өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынына барбай турганын жарыялады. Талдоочулар президент Атамбаевдин чек ара талашы чечилбесе, Ташкенде өтө турган саммитке катышуудан баш тартуу чечимин демарш катары мүнөздөшүүдө. Анткени Ташкендеги жыйындын күн тартибинде Индия сыяктуу ири мамлекеттерди уюмга мүчөлүккө кабыл алуу маселеси каралат. Ага Кыргызстан катышпай турган болсо, анда тарыхый деп күтүлүп жаткан Ташкен декларациясы кабыл алынбай калышы мүмкүн дешет эл аралык мамилелер жаатындагы адистер.

Ошондой эле 24-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев казак кесиптеши Эрлан Идрисов менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү кабарланды. Анда тараптар ЖККУ жана ШКУ алкагында аймактык коопсуздукту камсыздоо чаралары жана эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелери туурасында баарлашканы айтылган. Бул тууралуу таратылган расмий маалыматта 18-марттан бери Өзбекстан Кыргызстандын Кербен-Ала-Бука жолун бөгөп алган кырдаалга байланыштуу кандайдыр бир маселе көтөрүлгөнү кабарланган эмес.

Өкмөт: Үңкүр-Тоо өзбек тарапка өтпөйт

Кыргыз өкмөтү 24-мартта кыргыз-өзбек чек арасы боюнча атайын маалымат жыйынын уюштурду. Ошондой эле бул күнү жарандык активисттер Ак үй алдына нааразылык акцияга чыгып, өкмөттөн чечкиндүү аракеттерди талап кылды.

Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров 24-мартта Бишкектеги маалымат жыйынында Үңкүр-Тоонун тегерегиндеги сөздөр боюнча буларга токтолду:

- Үңкүр-Тоону өзбек тарапка өтүп кетиптир деген маалымат жалган. Ал өтпөйт эч качан, биз берген жокпуз. Ал жерде делимитация иштери боло элек. Ушул өңдүү 58 аймак бар. Токтом чыгарыптыр деген болбогон сөз, өкмөттүн эч кандай токтому жок.

Аксы районундагы Кербен шаардык кеңеши Үңкүр-Тоодогу телерадио сигналдарын таратуучу станцияга байланыштуу өкмөттүн протоколун 23-мартта талкуулап, колдогон эмес. Искандаров өкмөттүн бул сунушунун максаты маалыматтык коопсуздукту күчөтүү жана байланыштын сапатын жакшыртуу үчүн Үңкүр-Тоо аймагындагы “Кербен" радиорелейлик станциясына кошумча станция куруу болчу деп түшүндүрдү.

Ак үй алдына чыккан жаштар

24-мартта Ак үй алдына чыккан "Жаңы муун", "Кыргыз чоролору" жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү өкмөттөн чек арада түзүлгөн кырдаалды чечүүнү, элге толук кабар берүүнү, Үңкүр-Тоо өзбек тарапка өттү деген маалыматтын чын-төгүнүн түшүндүрүп айтууну талап кылышты.

Акцияга чыккан отуздай адам азыркы оппозицияны колдобой турганын, бирок талаптары аткарылбаса, өкмөттүн кетишин, парламентти таркатуу чакырыктары менен митинг башташарын эскертишти. “Кыргыз чоролору” уюмунун жетекчиси Замир Кочорбаев:

- Эгер бул маселе чечилбей, депутаттар жерине барып абал менен таанышпай, шалаакылык мамиле жасай турган болсо, биздин кийинки кадамдарыбызда өкмөт, парламент тарасын деп митингге чыгышыбыз толук мүмкүн.

Өзбек тараптын Үңкүр-Тоо боюнча пикири​

Расмий Ташкен Кыргызстандын антенналары 2007-жылдан бери аталган тоодо мыйзамсыз турат деп доомат койгону бар. Кыргызстан болсо жер тактала электигин билдирип келет. Үңкүр-Тоого байланышкан маселе 2013-жылы 22-сентябрда дагы көтөрүлгөн. Анда күтүүсүздөн тик учак менен учуп келген өзбек чек арачылары телерадио сигналдарын таратуучу станцияга кирип барган. Анда сүйлөшүүлөрдөн кийин аларды кыргыз тарап артка кайтарган болчу.

2013-жылдын 23-октябрында Өзбекстандын Наманган облусунун Чартак район акимиятынын өкүлү Абдусамат Исабаев Podrobno.uz маалымат сайтына берген маегинде Үңкүр-Тоо Өзбекстандын аймагы экенин айткан. Ал аталган аймакта кыргыз тараптын сигналдарын таратуучу гана антенналары орнотулуп калганы болбосо, ал Өзбекстандын жери экенин билдирген. Ошондой эле кыргыз тарап өзүмбилемдик менен ал жерге кийин да кошумча антенналарды орнотконун айткан. Абдусамат Исаевдин пикиринде, Үңкүр-Тоо Өзбекстанга таандык.

- Кыргыз тараптын Үңкүр-Тоо боюнча айткандары эч кандай негизи жок. Бул анык. Өзгөчө белгилеп коюш керек, бул атүгүл талаштуу участок эмес. Талкууланып жаткан тоо Кыргызстанда айтылып жаткандай чек арада эмес, Өзбекстандын Наманган облусуна карай 800 метр ичте жайгашкан.

Чырга Орто-Токой себеп болдубу?

Кыргыз өкмөтү чек арадагы соңку окуяга Орто-Токой суу сактагычы себеп болушу ыктымал деген позицияны карманууда. Өкмөттүн жүйөсүндө совет мезгилинде курулуп, бүгүнкү күндө өзбек тарап колдонуп келаткан Орто-Токой суу сактагычын оңдоп-түзөйлү деген нота жиберген. Кыргыз өкмөтү өзбек тараптын суу сактагычты оңдойбуз деген сунушуна макул болгон эмес.

Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров ушул сыяктуу талаштуу аймактарда жайгашкан объекттерди өзүнө каратып алуу боюнча кыргыз өкмөтү чечкиндүү кадамдарды баштаганын билдирди:

- Сариевдин атайын буйругунун негизинде Ноокен районундагы төрт насостук станцияны өзүбүздүн менчигибизге кабыл алдык. Булар чоң объекттер. Ошондой эле Кадамжай районунан үч объектти өзүбүзгө кабыл алдык. Ал эми Орто-Токой суу сактагычы боюнча да жумушчу топ түзүлүп, өзүбүзгө кабыл алуу боюнча чечим чыгыш керек.

18-мартта Кыргызстандын Чаласарт аймагында өзбек аскерлеринин пайда болушу кыргыз-өзбек мамилелериндеги жаңы чыңалууну пайда кылды.

  • 16x9 Image

    Кубанычбек Жолдошев

    "Азаттыктын" иликтөө журналисти. Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG