Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:19

Аксы: гүлбактыктар өкмөттөн жардам күтөт


Кыргыз-өзбек чегиндеги абал дале өзгөрүүсүз кала берүүдө. Жагдай жеңил эмес экендигин жана жакынкы күндөрдө жолдо турган куралданган аскерлер алынбай тургандыгын өкмөт башчысы Темир Сариев Ала-Бука районунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.

Ал арада чек арага жакын жашаган тургундар өзбек чек арачылары кирип алган аймакта алардын үлүш жерлери калганын айтып, өкмөттөн маселени тезирээк чечүүнү суранууда.

Аксы районуна караштуу Гүлбак айылынын тургуну Советбек Исмаилбеков талаачылык жумуштарын баштай албай жатат. Анткени өзбек чек арачылары кирип алган аймакта анын үлүш жери калып кеткен. Кооптуу аймакка өтө албай, өкмөттөн маселени тезирээк чечүүнү суранууда.

- Атамдан калган 1,5 га сугат жерибизди илгертен тартып эле иштетип келебиз. Азыр анын жанына өзбек чек арачылары танктар менен чыгып, биздин жер деп жатышат. Жазгы талаа жумуштарын да баштай албай турабыз, өтсөк дагы бизди атып жибереби деп. Башка жерибиз жок. Маселе тезирээк чечилсе, эгин эгүүгө киришет элек. Кайрылганыбызга карабай азырынча бийлик тараптан эч нерсе деп айтылган жок.

Гүлбактыктардын айтуусунда, 1994-жылы жер көчкү жүрүү коркунучуна байланыштуу аймактардан көчүрүлгөн жарандарга ошол тилкеден ар бир адамга 1 сотиктен жер берилген болчу, ошондон бери эгин айдап, иштетип келатышкан. Азыр Гүлбак айылында 30 түтүн үй-бүлө жашайт.

Айыл тургуну Сонунбү эже беш жыл мурда өзбек чек арачылары менен талашкан үлүш жерин мындайча айтат:

- Такталбаган жер деп айтылып жаткан 38 гектар жерде биздин ата-бабабыздан бери колдонуп келаткан үлүш жерлерибиз бар. 2011-жылы коңшуларым сиздин жериңизге өзбек чек арачылары келип, казык орнотуп экскаватор менен казууга аракеттенип жатышат деп айтып калды. Анан мен раматылык абышкам менен бирге барсак, өзбек чек арачылары бизге автомат кезеп, киргизбөөгө аракет жасашты. Мен алардын автоматына асылып, алар менен тең тайлаша сүйлөшүп, бул менин жерим экенин тактап бердим. Анан ошол замат бул жакка телефон аркылуу кабар жеткирдим. Жер адис жана чек арачылар барып алар менен сүйлөшкөндө гана алар техникаларын алып кирип кетишкен. Кийин ошол бойдон бул маселе тынчып калган болчу. Эми кайра ошол жагдай менен жолду тосуп туруп алышыптыр.

Талаштуу аймак Кыргызстанга таандык экендигин кечээ күнү Ала-Бука районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда премьер-министр Темир Сариев да бышыктады. Өлкөнүн бир да сантиметр жери эч кимге берилбесин белгилеген Сариев маселе жеңил эместигине токтолду.

- Силерге айтып коёюн, бир сантиметр жерибизди эч кимге бербейбиз. Бул – президенттин, өкмөттүн так, ачык позициясы. Эч нерседен кайтпайбыз жана баарына чыдайбыз. Биздин колубузда турган документтер бар. Ошонун негизинде гана сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Чек ара жылып жатыптыр деген сөздөр болсо ага ишенбегиле. Мына 25 жылдан бери ала албай келе жаткан объекттерди жана жерлерди кайра мамлекетке кайтарып жатабыз. Биз бул аракеттерибизден кайтпайбыз. Ал эми жолдо орнотулган постторду эртең алабыз деп айтуу кыйын, силер бул жагдайды түшүнүп турасыңар. Биз ар бир кадамыбызды биргелешип тактап, кайсыл жактарга кайрылып, маселени кантип чечүүнү пландаштырдык.

Өкмөт башчысы мындан сырткары Аксы жана Ала-Бука райондорунун активи менен жолугушуп, эки райондо тең чогулган жергиликтүү тургундарга да барды. Сариев бардык маселени сүйлөшүүлөрдүн жолу менен чечүүгө чакырды.

Учурда кыргыз чек арачылары Өзбекстандын аскер күчтөрү кирип келген аймакты күчөтүлгөн режимде кайтарууда. Кыргыз-өзбек чегиндеги өткөрмө бекеттер жабык бойдон турат. Бир гана Кызыл-Кыя бекети ачык, ал жерден Өзбекстандын Сох жана Шахимардан анклавдарынын жашоочулары өтүшөт.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымдашынча, мындан тышкары өзбек тарап 18-мартта эртең мененки саат сегизден тарта “Маданият-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пунктун бир тараптуу жаап салып, "Достук-автодорожный" өткөрүү пунктунан жарандардын жана транспорттун каттамына чектөө киргизген. Кыргыз тарап өз кезегинде өзбек жарандарына "Баймак-автодорожный", "Кен-Сай-автодорожный", "Кадамжай-автодорожный" өткөрмө пункттары аркылуу кирип-чыгууга тыюу салган болчу.

Куда-сөөк кыйналды

Кошуна өлкөнүн чек арачылары кыргыз жарандарына Өзбекстандан чыгууга уруксат берип, ал эми кирүүгө тыюу салышкан. Чек аралардын жабык турушу куда-сөөк болуп жашаган чек арадагы эки өлкөнүн тургундарына кедергисин тийгизип жатат.

Маселен, Өзбекстандан бул жакка турмушка чыккан кыз-келиндер, үйлөнгөндөр документ иштеринде кыйналып жатышат. Алардын бири Базар-Коргон районунун тургуну Алишер мындай дейт.

- Жубайым Өзбекстандын Анжиян облусунан болот. Үйлөнгөнүбүзгө бир топ жыл болсо да ага кыргыз паспортун ала элекпиз. Ошол себептүү аны 58 күн ичинде чек арадан кирди-чыкты кылып паспортуна мөөр бастырып турушубуз керек. Антпесе эки айдан ашык бул жакта жүрүүгө болбойт. Келинчегимдин паспортундагы мөөнөт 23-мартта соңуна чыгат. Эгерде убагында кирип чыкпаса айып акча төлөөгө туура келет. Азыр аны Казакстан аркылуу кирип чыгуусу үчүн Бишкек шаарына жөнөттүм. Чек ара эртерээк ачылса жакшы болмок.

Бейрасмий маалыматта учурда коңшу өлкөдөн Кыргызстанга келин болуп түшүп, бирок паспорту жок чек арадагы айылдарда жашаган 30 миңдей келин бар. Эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык жарандар 60 күн гана визасыз жүрүүгө болот.

18-мартта Жалал-Абаддын Аксы районуна чектеш аймакта кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек тилкесин Өзбекстандын чек арачылары ээлеп алган. Бул тилкенин аянты 38 гектарды түзүп, анын 1 800 метри аркылуу Кербен - Ала-Бука жолу өтөт. Кийин кыргыз тарап да жооп кылып, ал жерге аскер техникасын жана аскерлерди жайгаштырган. Өзбекстан болсо бөтөн тилкени ээлеп албаганын айтып, болгону Нооруз майрамына карата Кыргызстан менен болгон өзүнүн чек ара тилкесинде көзөмөлдү күчөткөнүн жарыялаган болчу.

XS
SM
MD
LG