Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:08

От жакпай эле үйдү жылытса болот


Кыргызстан катуу сууктан кандай сабак алды? Кантип үйдү көп каражат жумшабай жылытуу керек? “Азаттыктын" “Арай көз чарай” берүүсү ушул темага арналды.

Катышуучулар: Кыргызстандагы белгилүү курулушчу-инженер, ишкер Асыкбек Оморов, техника илимдеринин доктору, академик Алайбек Обозов жана “Оргтехстрой” курулуш ишканасынын архитектору Кайназар Алтымышов.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Быйыл жылдагыдан өзгөчө кыш болуп атат. Сууктан мектептер жабылып, муз ээрип үйлөрдү каптаган, электр энергиясын ашыкча пайдаланып авария болгон, анын айынан жол тосуп митингге чыккан учурлар катталууда. Кыргызстан кандай сабак алды, же алышы керек?

Асыкбек Оморов: Курулуш-архитектура багытында азыр деле Советтер союзу учурундагы иш стилди улантып жатабыз. Бүгүнкү күндө Орусиянын курулуш фирмалары жаңы методго өтүштү. Мурда дубалдын калыңдыгын 75 см., же абдан суук жерлерди гана үч кирпиччелик кылып куруп, конструкцияларды жасашчу. Азыр жарым кирпичти коюп, жакшы, монолиттик конструкция жасап, сырткы дубалдарын алгач жарым кирпич менен, анын бетин полиэтилен менен жаап жасашат.

Дубалдын ортосу ысык сууну муздатпай турган термос сыяктуу болот. Улам барган сайын үйдү жылуу кармай турган заманбап технологияга өтүш керек. Үй салып жатканда кээ бирөөлөр акчасын аяшат, бат бүтүргөнгө шашат. Келечекте балдары жашай турган болсо жакшылап куруу зарыл. Акчаны үнөмдөбөй, имараттын жертөлөсүн жана үстүн жакшылап жылуулаш керек.

Алайбек Обозов: Биз кышында электр энергиясын көп өндүрүп, бирок ашыкча пайдалангандыктан подстанциялардын күчү жетпейт деп жатабыз. Бул жагынан да жаңы, инновациялык технологияларды карасак болот.

Биринчиден, салттуу эмес энергетика деп коёт: күн, башка энергияны пайдалануу. Анткени ага бөлүштүрүүчү тармак, зымдар, трансформатор кереги жок. Үйдүн жанына эле чакан, кичине биогаз куруп, кыктан газ таап алып, андан үйдү да жылытып, тамак да бышырса болот. Бул багытта да көп айтып, жазып атабыз, бирок көңүл бурулбай жатат.

Экинчиден, жакшы үй курганда деле аны жылытыш керек. Ал үчүн да күндүн энергиясын пайдаланса болот. Бизде 12 айдын ичинен 8 айында күн тийип турат. Күндүн энергиясын эмне кыларыбызды билбейбиз. Күндүн энергиясын топтоп алып, аны кышкысын үй жылытканга пайдалансак болот экен. Биз бир-эки эксперимент жүргүздүк, эл да кызыгып жатышат. Буйруса муну 1-2 жылда бүтүрүп, сунуштайбыз.

Бир үйгө биогаз коюу 2,5-3 миң доллар болот. Аны бир жасап алса 50-60 жылга чейин жетет. Эл деле ага даяр, болгону башында кичине жардам бериш керек, азыраак пайыз менен насыя бериш керектир. Бул метод дүйнө жүзүндө көп пайдаланылат.

Кайназар Алтымышов: Азыркы күндө көп жеке турак-жайлардын жылыбай жатышынын дагы бир себеби бар. Көптөрү долбоору жок өздөрү эле куруп, ошонун кесепети болуп атат. Анткени үйдүн долбоорун түзүп жатканда курулуш материалдар, ошол эле жылуулук маселеси эсептелет. Үй куруп жаткан адамдын каражаты да эске алынат.

Азыр курулуш индустриясында жылуулукту абдан жакшы сактаган материалдар көп. Ошолорду колдонуш керек. Эгер көп кабаттуу үйдө турсаңыз, анда үйдүн ичинен жылууласаңыз болот. Мисалы, ички дубалга пенопласт каптап, сыртынан гипсокартон же башка материалдар менен жаап, кооздоп койсоңуз болот.

XS
SM
MD
LG