Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Токмоктун тургундарын үшүткөн карыз


Токмок шаары
Токмок шаары

Токмок шаарында аймактык оорукана, наристелер үйү баш болгон социалдык мекемелер кыш мезгилинде жылуулуксуз калды.

Мындай кырдаал шаардын газга болгон карызы 42 миллион сомго жеткени себеп болду. Мындан улам “Газпром-Кыргызстан” компаниясы “Жылуулук” ишканасына көгүлтүр от берүүнү токтоткон.

Шаар бийлиги 18-ноябрдан тарта жылуулук бериле баштаганын билдиргени менен бул убадага жергиликтүү тургундар ишенбей турган кези.

Жылуулук көйгөйүнө үч мектеп, аймактык оорукана, анын карамагындагы төрөт үйү, бала бакча жана үй-бүлөлүк медицина борбору, медициналык колледж, ымыркайлар үйү, Аскерлер шаарчасында жашагандар туш болгон.

Айрыкча ата-энелери таштап кеткен жана майып наристелер багылган ымыркайлар үйүндө абал оор. Аталган жайдын тарбиячысы Наталья Боева имаратты көмүр жана электр менен жылытып жатышканын билдирди:

Токмоктогу адистештирилген Наристелер үйү.
Токмоктогу адистештирилген Наристелер үйү.

- Отун менен жылытып атабыз. Бир жашка чейинки наристелер кармалган бөлмөлөр жакшы эле жылып жатат. Бирок андан чоңураак балдардын бөлмөсү суук, ал жакта кондиционерлер бар. Жылуулук беребиз деп атышат. Билбейм, ага ишенбей деле калдык.

​Токмоктогу аймактык бейтапкананын абалы да ушундай. Андагы бөлүмдөрдө жылуулук жок. Бирок, төрөт үйү башкаларга салыштырмалуу электр энергиясы менен жылытылып жаткан экен.

Наристелер үйүн көмүр менен жылытып жатышат.
Наристелер үйүн көмүр менен жылытып жатышат.

Оорукананын башкы дарыгери Бактыгүл Исаева 17-ноябрга оогон түнү катуу суукта төрөт аз болгонуна "шүгүр" деп жатканын жашырбады:

- Азырынча жарык өчкөн жок. Авариялар болбоду. Бизди Кудай сактап калды го. Ошол түнү бир эле аялдын төрөтүн кабыл алдык. Бардык бөлмөлөргө жылыткычтарды койгонбуз. Октбярда кар жааганда мэрия да жылыткычтарга 20 миң сом бөлүп берген. Азыр ушулар менен абалдан чыгып жатабыз. Мына бүгүн газ берилди деп маалымдашты. Эми жылуулук да келет.

Шаардагы Аскерлер шаарчасында жайгашкан үйлөргө баш бакканыбызда, жашоочулардын дээрлик баары электр жылыткычка өткөнүнө күбө болдук. Бул жерде батирде турган студент Данияр Тынычбек уулу өзү билим алган медициналык окуу жайда да, үйдө да сууктун айынан сыркоолоп калганын айтып берди:

- Жылуулук 1-ноябрдан тарта берилиши керек болчу. Бирок азыркыга чейин жок. Минтип электр плита сайып отурабыз. Суукта түнү бою иштетип жатабыз.

Токмок шаарындагы мындай көйгөй жергиликтүү элди жылуулук менен камсыздаган ишкананын газга карызы көбөйүп кеткени менен байланыштуу. “Газпром-Кыргызстан” ишканасы "көгүлтүр от" берүүнү токтотуп, шаардын социалдык мекемелер орун алган бөлүгүнө быйыл жылуулук берилген эмес. Шаардык мэриянын жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Милан Табалдиев “Газпром-Кыргызстан” менен сүйлөшүү жүрүп, социалдык мекемелерге кайра жылуулук бериле баштаганын маалымдады:

- "Жылуулук" ишканасына газ берилип, алар жылытып баштады. Бүгүн (18-ноябрь) кечке чейин ооруканалар жылуулук менен камсыз болот. Андан кийин башкаларга берилет.

Анткен менен жылуулук берилет деген убада шаардыктарды ынандырбай турат. Алар буга чейин да бир нече жолу мындай сөз берилгени менен аткарылбаганын кабарлашты.

Ушул тапта газга болгон карыз 42 миллион сомго жеткен. Ал каражатты төлөө үчүн өкмөттөн акча бөлүнө элек, “Газпром-Кыргызстан” көгүлтүр отту дагы токтотпой коеруна жана жарык өчпөй турганына кепилдик жок. Милан Табалдиев газ берүү үзгүлтүккө дагы учураса кандай чаралар көрүлөт деген сурообузга төмөнкүчө жооп берди:

- Муну мэрия же муниципалдык ишкана чече албайт. Өкмөттүн деңгээлинде чечилиши керек. Маселени чечүү үчүн бул жылуулук менен камсыздоо мекемесин "Кыргыз турак жай коммуналдык бирикмесине" өткөрүп берүү же болбосо карызды жаап бергиле деген сунуш менен өкмөткө, парламентке кайрылганбыз. Азырынча жооп келе элек.

Токмокту жылуулук менен төрт-беш ишкана камсыздайт. Азыр көйгөй жаратып жаткан "Жылуулук" ишканасына социалдык мекемелер менен Аскер шаарчасына жылуулук берүү милдети жүктөлгөн. Мекеме шаардык мэрияга караштуу.

Токмок жылуулуксуз калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:43 0:00
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG