Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:22

Тажикстанда ири Рогун ГЭСинин курулушу башталганы жатат. Аймактагы Тажикстандай эле ири суу ресурстарына ээ болгон Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлор кантти?

Тажикстанда көп жылдан бери сөз болуп келген жалпы наркы 4 миллиард доллар деп бааланган Рогун ГЭСин куруу боюнча италиялык компания менен келишимдин түзүлүшү, коңшу өлкө менен энергетикалык жаатта окшош абалда турган Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорду эске салды.

Кыргыз бийлиги ГЭСтерди курууну өлкөдөгү негизги долбоорлор катары атап, аны ишке ашырууну убадалап келет. Алардын катарында Камбар-Ата 1-2 ГЭСтери, Жогорку Нарын ГЭСтер каскады, Кара-Кечедеги жылуулук электр борбору жана бир нече чакан ГЭСтерди куруу айтылып келген. Бирок акыркы учурда бул долбоорлорду ишке ашыруу шыр жүрбөй, үзгүлтүккө учуроодо.

Анын ичинен Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСи менен Жогору Нарын ГЭСтер каскадын Орусия менен куруу боюнча келишим түзгөн.

Кагазда калган долбоор

Кагазда калган долбоор

Бирок Москва келишимди аткарууну ар кандай себептер менен создуктургандыктан быйыл жыл башында кыргыз өкмөтү Орусия менен келишимди денонсациялоо чечимин кабыл алган. Учурда келишимди денонсациялоо жараяны аягына чыга элек.

Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаковдун “Азаттыкка” билдиришинче, бул жараян аяктаган соң жаңы инвесторду аныктоо боюнча иштер башталат:

- Денонсация аяктап калды. Учурда анын мөөнөтү 8-августта аяктайт. Мына ушундан кийин биздин колубуз бош болуп, иштер башталат.

Камбар-Ата-1 ГЭСи курулчу аймак

Камбар-Ата-1 ГЭСи курулчу аймак

Буга кошумча Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга даярдык иштерин жүргүзүүдө аткарылган жумуштарды ашкере кымбат кылып көрсөтүлгөнү боюнча чыр чыккан. Муну депутаттык комиссия иликтеп, “РусГидро” ишканасы тарабынан коррупциялык ишке жол берилген деген корутундуга келген.

Буга кошумча, өкмөт өлкө аймагында Чехия менен 16 чакан ГЭСти куруу боюнча келишимге кол коерун айтып келген. Чакан ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 188 мегаватты түзүп, бул багытта тике инвестициянын көлөмү 190 млн доллар болмок. Бирок жакында бул келишимге кол коюлбай калганы ачыкка чыкты.

Ошондой эле Кара-Кече көмүр кенин комплекстүү иштетүүнүн алкагында 1200 МВт кубаттуулуктагы жылуулук электр борборун куруу пландалган. Өкмөт планына ылайык, Кара-Кече жана Миң-Куш кендери толук иштетилип, Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолу курулмак. Бирок бул жаатта жарыяланган тендерге кызыкдар инвестор табылбагандыктан кайрадан конкурс жарыяланарын Алмаз Сазбаков кабарлады:

- Бул долбоор боюнча өз шарттарыбызды кайрадан карап чыгып жатабыз. Конкурсту жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн конкурстук комиссиянын чечими менен консалтингдик компания жалдоо караштырылып жатат. Бул боюнча өкмөткө сунуштар киргизилди. Буга карабай биз инвесторлор менен жолугуп, шарттарды түшүндүрүп жатабыз. Кызыккан инвесторлор бар.

Ошентип, кыргыз бийлиги маанилүү деп санаган гидроэнергетикалык долбоордун тагдыры беймаалым бойдон калууда.

Азамат Акелеев

Азамат Акелеев

Адистер мындай кырдаалдын жаралышын бир нече себеп менен түшүндүрүшөт. Эксперт Азамат Акелеевдин баамында, бул жааттагы ачыктыктын жоктугу жана маселенин ашкере саясатташтырылып кеткени долбоорду ишке ашырууга зыянын тийгизди:

- Бул жерде биринчиден, ачыктыктын жоктугу, экинчиден, саясий долбоорго айланып кетип жатат. Мисалы, Орусиянын ГЭСтерди куруу ниети геосаясий эле долбоор болчу. Алар башынан эле региондогу таасирин күчөтүү үчүн алып коюшкан. Аягында өздөрүнүн чамасы жетпей калды. Бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн экономикалык кызыкчылык сакталып, ачыктык орун албаса, иш ордунан жылышы кыйын.

Ал эми мурдагы вице-премьер Базарбай Мамбетов энергетика жаатындагы жетекчилердин компетентсиздиги жана тармактагы туруксуздук учурдагы абалга алып келди дейт:

- Биздин жетекчилердин, анын ичинде энергетика жаатындагы башаламандыгы, алардын ири долбоорлорду ишке ашырууга жетиштүү деңгээлинин жетпегени ушундай кырдаалды түздү. Бул үчүн башка өлкөлөрдөгү инвесторлор менен түз сүйлөшүп, аны улантууга бардык аракетти көрүшү керек болчу. Андай болбой жатат.

Нарын

Нарын

Мамбетов долбоорлор жетиштүү деңгээлде даярдык көрүлбөй туруп башталгандыктан долбоорго терс таасирин тийгизгенин кошумчалады. Ошондой эле Базарбай Мамбетов кыргыз бийликтеринин узак убакыттан бери Камбар-Ата 2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизе албаганын сынга алды:

- Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу 1984-жылы башталган. 32 жыл өттү. 2010-жылы ошол кездеги президент Роза Отунбаева биринчи агрегатын ишке киргизген. Алты жылдан бери экинчи агрегатын бере албай келебиз. Бул эми туура эмес да.

Ал эми өкмөт болсо 150 мегаватт кубаттуулук менен камсыз кылчу Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегаты 2017-жылы бүткөрүлөрүн айтып келет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG