Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:27

Бишкек шаарындагы №4 төрөтканада дагы бир ымыркай чарчап, анын энесинин ден соолугу жабыркаган.

Бишкек шаардык перинаталдык борборунда (№4 төрөтканада) ымыркай жарык дүйнөгө келбей жатып чарчап калды. Баланын атасы Анарбектин (аты өзгөртүлдү) айтымында, дарыгерлер келинчегинин жатынын да кесип салышкан.

- Мындай эле төрөгөнгө болот экен дешкен. Догдурлар айтып жаткандан кийин биз деле ишендик да. Саат бештерде төрөтү башталыптыр. Ошол учурда врачтар карабай коюптур да. Баланын тону жарылып, кычкылтек жетпегенден курсактан эле чарчап калган. Салмагы үч жарым килограмм экен. Дарыгерлер карабай койгонун моюнуна алып, түштөн кийин кечирим сурап жатышат.

Чарчаган ымыркайдын убалы кимге?

Кыргызстанда төрөтканага байланыштуу аянычтуу окуялар маал-маалы менен орун алып келет. Июль айынын башында эле №2 шаардык төрөтканада жардам көрсөтүлбөй чарчап калды делген ымыркайдын окуясы коомчулуктун көңүлүн бурган.

Бала чарчап калгандан кийин догдурлар аны алып чыгуу үчүн вакуумдук сордургучту колдонушкан. Натыйжада аялдын жатыны айрылып, ичинен кан ага баштаганда шашылыш операция кылышкан.

Дарыгерлер бала тирүү кезинде карабай коюшканын Перинаталдык борбордун башкы дарыгери Бурул Алмазбекова да ырастады.

- Алтыга 15-20 мүнөт калганда акушер-гинеколог баланын жүрөгүн тыңшап көрүп, бир мандемди сезген экен. Анан ал биринчи нөөмөттөгү догдурду издесе, ал башка бирөөнү төрөтүп жатыптыр, экинчи нөөмөттөгү дарыгер да бир аялдан кан кетип ошол жакта экен. Ошентип каралбай калганы чын.

Дарыгерлер ымыркай чарчагандан кийин жубайларды "дагы балалуу болосуңар" деп жубатып, ооз басырык иретинде 100 миң сом беришкен.

Жабырлануучу

Жабырлануучу

Бирок 26 жаштагы келинге оор операция жасалып, жатыны ампутация болгону же туугандарына, же күйөөсүнө, жада калса өзүнө да айтылган эмес. Жабырлануучу эгер аялынын жатыны алынганын убагында билгенде акчадан баш тартмакпыз дейт:

- Мен башкы дарыгерден убагында жардам бербеген догдурларга кандай чара көрүлөрүн сурадым. Ал "ошол күнү нөөмөттө турган ага дарыгер менен нөөмөттөгү врачты гана иштен кетире алам. Эгер ага макул десең мына буйругум даяр, азыр кол коем деди. Андан башка эч нерсе кыла албайм. Кайда кайрылсаң өзүң бил" деп кайдыгер мамиле жасады. Ошондо аябай ичим күйүп кетти. Бул жакта бейкүнөө бала өлсө, келинчегим жарымжан болуп калса... Ичим ачышып, ызы-чуу сала баштадым. Маалымат каражаттарына, прокуратурага кайрылам деп чыктым. Бала чарчаган кезде 100 миң сом берип, жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын дешкен. Аны кайдан, кантип чогултушту билбейм, - дейт Анарбек.

Бейтапка акча беришкенин башкы дарыгер Бурул Алмазбекова да жашырган жок. Бирок бул тууралуу камерага ачык айтуудан баш тартты. Муну ал этикага жатпайт деп түшүндүрдү. Башкы дарыгер 100 миң сомду окуяга тиешеси бар дарыгерлер өз чөнтөктөрүнөн чогултканын да ырастады. Ал эми "эмне үчүн келинге жатыны алынганы тууралуу маалымат убагында айтылган эмес" деген суроого мындай жооп узатты:

Бурул Алмазбекова

Бурул Алмазбекова

- Бизде ушундай тажрыйба калыптанып калган. Мындай маалыматты бейтап психологиялык жактан алсыз болуп турганда бере албайбыз. Ал өзүнө келгиче күтөбүз. Аны ошол операция жасаган дарыгерлер гана айтышы керек. Аял андан ары күйөөсүнө айтабы же дагы кимге маалымдайт, өз эрки, - деди Алмазбекова.

Дарыгерлердин бул аракети канчалык туура, абалдан кантип чыгуу керек? “Эргене” кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана көп учурда жатыны ампутацияланган рак оорулуу аялдар менен түздөн-түз иштеген Таалайгүл Сабырбекова:

- Медицинада жазылбаган бир эреже бар. Биринчи кезекте эненин өмүрүн сактап калууга аракет кылабыз. Төрөт абдан тез өтүп жатса, же жатын жыйрылбай, кан ага берсе дарыгерлер түрдүү ыкмаларды колдонушат. Эгер алардын баары жардам бербесе, жатынды ампутация кылышат. Менимче, бул жерде алар айласы кеткенден ушуга барышкан. Бул жерде кандай кыйынчылыктар болду, аялдын жатынсыз калуусуна эмне себепкер эле деген сыяктуу көп суроолор жаралат. Дал ушулардын баарын комиссия түзүлүп, оорулуунун ар бир кадамын жана операцияны талдап чыгышы керек. Ампутация тууралуу кабарды аялга врачтар айтышы керек болчу. Эми бул жерден психологиялык акыбалы да эске алынса керек. Ошентсе да бул ишти ушул бойдон жаап коюу туура эмес.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев бул ишти өзү көзөмөлгө алып, ага себепкер болгон дарыгерлердин ишин карап чыгарын убада кылды. Бул тууралуу Батыралиев “Азаттыкка” радиосуна өзү телефон чалып билдирди:

- Жабырлануучуларга менин телефон номумурумду берип коюңуздар. Мен кайсы учурда чалса же келсе кабыл алам. Бул ишти дарыгерлер мыйзамсыз жол менен жаап койо электе чара көрүш керек. Эч бир окуя көңүл жаздымда калбайт. Баарына жооп берүүгө даярмын, - деди министр.

Азыркы тапта баласынан да, жатынынан да бир учурда айрылган келиндин абалы оор, үйүндө төшөктө жатат. Ага психологиялык жактан жардам көрсөтүлгөн жок. Ал эми наристеси төрөлбөй жатып чарчаган ата адилеттик таппай турган чагы.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG