Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Сексизм: төрөй албаган аял айыптуубу?


Кыргыз коомчулугунда үй-бүлөдөгү тукумсуздукка, төрөлгөн балага, анын саламаттыгына, тарбиясына байланышкан маселелерде өңчөй аялдарды айыптаган учурлар арбын. Үй-бүлөдөгү аял-эркек ортосундагы ушул көйгөйдүн күңгөй-тескейи тууралуу “Аялзат” берүүсүнүн бул чыгарылышында кеп болот.

Аты-жөнүн толук атабай коюуну өтүнгөн Бактыкан 35 жашта. Анын балалуу боло албай жүргөнүнө он жылдан ашты. Коомчулуктун канына сиңген “тукумсуздук аялдан” деген түшүнүктөн жок дегенде күйөөсү оолак болуп, өз саламаттыгына кам көргөндө балким перзенттүү болуп калышмак:

- Айылда жашайбыз. Жолдошум менен 13 жылдан бери бирге турабыз. Ошондон бери төрөй элекмин. Эки жылдан кийин төрөбөй жүргөнүмө көп кыжаалат болдум, дарыландым, кыргызчылык да кылып көрдүм, көзү ачыктарга бардым, өзгөрүү болбоду. Жолдошумду дарылатуу оюма келбептир, өзүмдү гана жеп жүрө бергем. Элге, кайын-журтка сөз болдум, "согончогу канабайт" дешти. Кичүү абысындар алдында корундум. Той-топурда алар балдары менен отурса мен өзүмчө жаман болом. Беш жылдык аракеттен кийин да төрөгөн жокмун. Бала жок болсо күйөөң менен да уруш көп болот экен. Ортону бала бириктирет тура. Анан досторум күйөөң да дарыланбайбы дешти. Ал макул болгон жок. Бир да жолу басып бара элек.

Бактыкандын кайын-журту да баланын жоктугу үчүн келинин айыптап, аларды ажыраштырып, күйөөсүн башкага үйлөндүрүшкөн. Аны менен бир жарым жылдай жашап, балалуу болбогондон кийин кайра биринчи аялына кайтып келиптир. Бактыкан да буга макул болуп, кайра кошулуп алышканын айтты. Азыр кайнисинин кызын багып алып, экөө ошону данакер кылып, эш тутуп жашап келатышат. Өзү болсо дале төрөттөн күдөрүн үзбөй, бирок күйөөсүн дарыланууга көндүрө албай жүрөт:

- Айла жок, кайнимдин бир жашар кызын багып алганбыз. Азыр жети жашта, окуп калды. Ушуга да шүгүр, бирок ичимде баары бир түпөйүл кылган нерсе бар.

Бактыканды үй-бүлөсүндөгү ушул санаа кыйнаганда кризистик борборго кайрылып, психологдун кеңешин алып турат. Бул – кыргыз үй-бүлөсүндөгү тукумсуздук үчүн аял күнөөлөнгөн бир эле мисал.

Элден корунган эркектер

Башкалаада дарыгер-гинеколог болуп иштеген Анара Өрдөковага кайрылган кыз-келиндердин 20-30 пайызынын гана өмүрлүк түгөйлөрү кошо келип дарыланат экен:

- Аял тапшырган анализдердин жыйынтыгы боюнча экөөнө тең дары-дармек жазып бергенге аргасыз болобуз. Дарыланбай койбой, жок дегенде ушул дарыларды колдонсун дейбиз. Антпесе, аял дале баягы оорусу менен келе берет.

Бишкектин тургуну, гендер маселесин өз алдынча иликтеп жүргөн Жазгүл Беккелди кызы да тукумсуздук көйгөйү үчүн бир эле аялды күнөөлөй берүү көндүм адатка айланганын белгилейт. Бирок ал бул маселеде аялдарга караганда эркектердин жоопкерчилиги чоң болушу керек деп эсептейт:

- Арак ичишет, тамеки тартышат, ысык-суукта көп жүрүшөт. Мындайча айтканда, ден соолукка зыян келтире турган кыймылиштерди көп жасашат. Эркектин саламаттыгына көбүрөөк доо кетет, болбой эле төрөт көйгөйүн аялдан эле издей беришет. Кыргызстанда эркек биринчи барып, толук медициналык кароодон өткөнү, дарыларды толук колдонгону өтө сейрек учурайт. Алар жыгылып калмайынча доктурга барбайт деле.

Бирок, Кубан аттуу жаран тукумсуздук үчүн жоопкерчиликтин көбү эркектерде деген пикирлерди четке кагат. Анын айтымында, көп эркектер аялды басынтуу максатын көздөбөйт, бирок табияттан эле саламаттыкка кам көрбөйт:

- Эркектер табиятынан ошондой. Өзү ооруп жатса деле кенебей жүрө беришет. Аялдар ушуну көрүп алып эле эркектерди күнөөлөп атышат. Чындыгында аялдардын өздөрү айыптуу. Эмнеге эркектер тукумсуз болуп калышат жана бөйрөк же башка органдары ооруйт? Анткени, кыздардын ачык-айрым жүргөнүнө байланыштуу алар жаш кезинде ойнойт. Эркек көзү менен сүйөт деген чындык да.

Кыргыздарда эркек төрөлүшүн абдан каалайт. Бата бергенде “уулдуу бол” дейт. Муну динге таясак болот.

Кубандын баамында, ушул тапта Кыргызстанда көп көңүл аялдардын укуктарынын бузулушуна бурулуп, эркектин көйгөйү көз жаздымда калууда. Андыктан эркектерге кризистик борборлорду ачуу керек, алар да психикалык жактан жардамга муктаж.

Дарыгер, укук коргоочу Байгазы Эрматов да бул пикирге кошулат. Ал эркектердин көпчүлүгү “эл эмне дейт” деген түшүнүктөн дале арыла албай жатканына токтолду:

- Маселен, урологго барса кокустан кошунам, балдарым же дагы бир туугандарым көрүп калса, мен тууралуу жаман ойдо калат деп кооптонот. Бизде ушундай коркунуч сезим бар. “Тиги баланча жерде жүрөт, дарыланып жатыптыр” деген сөздүн өзү эле тоскоолдук жаратып жатпайбы. Коомдо “бул жөн ооруган” эмес деп билип-билбей сүрүштүрүп баштайт эмеспизби. Менимче, көп учурда эркектер дарыгерге баргандан тартынышат. Мындан тышкары акча маселеси да роль ойнойт. Анализдерди тапшыруу үчүн эле көп акча кетип калат, үч-төрт миңдей. Ушул каражаттын жоктугунан да айрымдар барбай жүрүшү мүмкүн.

Ден соолук үчүн жоопкерчилик

Анткен менен коомдо үй-бүлөдөгү өксүктөр үчүн өңчөй аял айыптуу болгон учурлар азайып баратат деген көз караш да жок эмес. Укук коргоочу Токтокан Боромбаеванын билдиришинче, бөтөнчө шаар жергесинде эркектердин түшүнүгү артып, үй-бүлөгө жоопкерчиликтүү мамиле жасагандардын катары калыңдоодо:

- Мурунку убак менен азыркы кезде салыштырып болбойт. Мисалы, 10-20 жыл мурда бул маселени эч ким түшүнчү эмес. Учурда эркектер деле төрөт бир гана аялдарга тиешелүү эместигин түшүнүп калды. Чындыгында ошондой. Бардык нерсе биздин кандай шартта жашаганыбыз, эмне ичип-жеп, эмне менен тамактанганыбыз, кандай дарыланып жатканыбыз менен байланыштуу. Мындан улам аялдардын да, эркектердин да ден соолугу бир топ начарлап кетти.

Психолог, гендердик эксперт Акчач Жолдошева, тилекке каршы, айылдарда мындай көрүнүш дале күч экенин белгилеп, андан аялдар көп жабыркап жатканын айтууда:

- Шаарда жашагандар дарыгерге көрүнүп, текшерүүдөн өтүүгө кудурети жетет. Айылда мен эки-үч аялга туш келип, жардам бердим. Күйөөлөрү дарыланбайт, “төрөбөсөң жүрө бер” деп коюшат. Ушундай түшүнүк айылда калыптанып калган. Бул психикалык саламаттык деп аталат. Ар бир эркек ошого даяр болуп, түшүнүшү керек. Алар “балким менде да илдет бардыр” деп өзүнө анализ жасагыдай түшүнүктү элге жеткирүү зарыл.

Акчач Жолдошева тукумсуздук бир эле үй-бүлөнүн эмес, жалпы улуттун көйгөйү экенин белгилеп, маселени кыздарга да, балдарга да жаштайынан үй-бүлө, саламаттыкка кам көрүүнү үйрөтүү аркылуу чечүүнү сунуштайт. Анын баамында, буга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулууга тийиш. Деген менен тукумсуздукту дарылоо, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча саламаттык сактоо тармагында көрүлүп жаткан чаралар азырынча жетиштүү эмес.

Кызды чанып, уулду күтүп...

Укук коргоочулар билдиргендей, тукумсуздук менен катар эле коомдо “кыз төрөп койдуң” же “оорукчан бала төрөдүң” деген өңдүү айыптар да аялдын моюнуна артылат. Эр жеткен балдары бейбаштык кылса деле, бойго жеткен кыздары турмуштан жолу болбой калса деле “энеси жаман!” деп зекигендер четтен чыгат. Тескерисинче, балдары тың чыккан үй-бүлөдөгү аталарда “мен тарбиялаган бала” деп менменсинүү, кыргыздын эзелтен канына сиңип калганын гендер маселесин өз алдынча иликтеп жүргөн Жазгүл Беккелди кызы айтат:

- Башка мамлекеттерде, мисалы, Европада кызбы-эркекпи маани деле бербейт. Бирок, кыргыздарда эркек төрөлүшүн абдан каалайт. Бата бергенде “уулдуу бол” дейт. Муну динге таясак болот. Анткени, мусулманчылыкта тукумду эркек улайт да. Жакынкы мезгилде эле өлкөдө кыз төрөгөнү үчүн аялын сабагандар кезикчү. Бул алардын кызды чанганы, экинчиден, аялын сабаган эркектин билимсиздиги. Аялы кыз кылып өзү жаратып алгансып түшүнүшкөн да.

Жазгүл кошумчалагандай, дегеле кыргыз үй-бүлөлөрүндө кызга караганда эркек балага артыкчылык берилет. Биз муну менен кыргыз коомчулугунда бардык үй-бүлөлөр уулду биринчи орунга коет деп айтуудан алыспыз. Эркек балдар көп төрөлүп, кыздуу болууну эңсеген ата-энелер деле бар. Бирок, мындайлардын саны азыраак дешет эксперттер.

Эркек төрөлбөгөн үй-бүлө өксүгү бар бүлө катары кабылданган учурлар көп эле жолугат. Маселен, удаа кыздар төрөлө баштаганда эле кийинкиси уул болуп калсын деп ырымдап, “Жаңыл, Бурул, Токтайым, Уулкан, Уултай” өңдүү ысымдардын коюлушу деле буга далил болуп тургансыйт.

Эркек төрөгүсү келген энелер
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:11 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG