Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:06

Ушул тапта Кыргызстандан качкын макамын сурап кайрылгандардын саны 225 адамга жетти. Бул тууралуу өкмөт даярдаган улуттук баяндамада айтылды.

Кыргызстандан баш калка сурап кайрылгандардын арасында Өзбекстан, Ооганстан жана Орусиянын жарандары арбын.

Кыргызстан адам укугу жаатында өзү кол койгон эл аралык мыйзамдарды канчалык аткарып жаткандыгы боюнча улуттук баяндамасын камдап бүттү. Анда Кыргызстандан качкын макамын сурап кайрылгандардын саны 225 адам экени айтылган.

Алардын катарында Өзбекстандын 152, Ооганстандын 47, Ирандын 9, Чеченстандын 13 жараны бар. Ал эми Кытай, Пакистан, Сирия жана Түркия мамлекеттеринен бирден адам кайрылган. Ошондой эле баяндамада качкын макамын алып, Кыргызстанда жашап жаткандардын саны ушул жылдын 1-июнуна карай 193 адам экени жазылган.

Качкын макамын алууну каалагандар адатта Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине кайрылышат. Аталган министрликтин Качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Базаркүл Керимбаева “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Азыр 230 адам бар кайрылган. Анын ичинде Ооганстандан бар. Чеченстандан үчөө калган, булар мурда келгендер. 13 киши деп берген турбайбы, калгандары эсептик каттодон чыгышкан. Казакстандан жок. Ирандан, Сириядан, Кытайдан да бар.

Керимбаеванын айтымында, бул адамдардын документтери бүгүнкү күндө каралууда. Ошондон кийин гана качкын макамын берүү же бербөө боюнча чечим чыгарылат.

Четке кагылган өтүнүчтөр

Кыргызстан ар кандай негиздер менен чет элдик жарандарга баш калка берүүдөн баш тарткан учурлар бар. “Эл аралык коргоого көмөктөшүү” борборунун юристи Канатбек Абдукеримовдун айтымында, кээде жөнсүз да себептер менен эле качкын макамын берүүдөн баш тартылууда.

- Качкын макамын берүүнү өз талаптары бар. Аны мамлекеттик комиссия өзү чечет. Алардын чечимдерин сотко берсе болот. Бирок алар кандай негиздерде макул болбогонун айтышпайт. Көпчүлүк учурларда жөн гана каршы болуп коюшууда. Мисалы, Ооганстандан келген көпчүлүк качкындарга качкын макамы берилген эмес. Алар Ооганстандагы абалды, кайсы жеринен келгенин, кайсы социалдык топко кирерине да карашууда.

Кыргызстанда Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссариаты да бул маселе боюнча иш алып барат. Кыргыз бийлиги качкын макамын берүүдөн баш тарткан айрым адамдарга аталган комиссариат качкын мандатын берген учурлар бар.

Коңшулардан айырмаланган Кыргызстан

Улуттук баяндамада Кыргызстандан качкын макамын сурагандардын ичинен Өзбекстандын 152 жараны бар экендиги айтылган. “Эл аралык коргоого көмөктөшүү” борборунун юристи Канатбек Абдукеримов мунун себебин мындайча түшүндүрдү:

- Бардыгыбыз билгендей эле, 2005-жылы Анжиян окуясы болгон. Ошондо качкандар көп болгон. 500-600гө жакын адам Кыргызстанга качып кирип, андан кийин үчүнчү мамлекеттерге - Канада, Швецария, Австралияга чыгарылышкан. Ал эми бүгүнкү күндө келип жаткан качкындар алардын жакындары.

Акыйкатчы Турсунбек Акун Кыргызстан чөлкөмдөгү башка өлкөлөргө караганда качкындарга жакшы шарт түзгөн деп эсептейт.

- Биз качкындар боюнча эл аралык пактылардын баарына кол койгонбуз. Ошондуктан качкындарга макам берүүгө сөзсүз милдеттүүбүз. Коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу бизде качкын макамын берүү жакшы жолго коюлган.

Түркиянын жараны Али Осман Зордун саясий баш калка берүү өтүнүчүн Кыргызстан өткөн айда четке каккан. Ал эми “Азаттыкка” Казакстандын жараны Жандос Кашкенбаев эки жылдан бери качкын макамын алалбай жүргөнүн айтып арызданган эле.

Өткөн кылым аягында Кыргызстанга келгендердин ичинен Тажикстандагы жарандык согуштан качкандар көп болгон. Ал эми 2005-жылы Өзбекстандын Анжиян калаасындагы козголоңдон оой качкандар тобу да кыргыз жакка өтүп келишкен. Алардын басымдуу көпчүлүгү эл аралык аракеттердин жардамы менен 3-өлкөлөргө чыгарылган.
XS
SM
MD
LG