Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

Бенгазидеги кол салууга тактоолор киргизилүүдө


Ливиялык демонстранттар Бенгазидеги АКШ консулдугуна кол салуу кезинде Кошмо Штаттардын элчсинин өлтүрүлүшүн айыптаган плакаттарды кармап турушат. 12-сентябрь 2012
Ливиялык демонстранттар Бенгазидеги АКШ консулдугуна кол салуу кезинде Кошмо Штаттардын элчсинин өлтүрүлүшүн айыптаган плакаттарды кармап турушат. 12-сентябрь 2012

АКШнын Бенгазидеги консулдугуна өткөн аптада жасалган чабуулга байланыштуу төрт адам камакка алынды.

11-сентябрдагы кол салууда АКШнын элчиси жана үч дипломат курман болгон. Кандуу окуяга Кошмо Штаттарда жеке адамдар тарабынан тартылган Мухаммед пайгамбар тууралуу фильм шылтоо болгон. Нааразылыкка чыккандар фильм пайгамбарды шылдыңдап көрсөтөт деп санашат.

Ливиянын ички иштер министри Фавзи Абдел Аал дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө өткөн шейшемби күнкү куралдуу калабага байланыштуу эки тактоо киргизди. Биринчиден, Бенгазидеги АКШ консулдугуна жасалган чабуулга катыштыгы бар деп, азырынча төрт адам кармалганын баса белгиледи:

- Мен 50 адам камакка алынды деп ойлобойм. Балким алар тергөө маалында суракка алынчулар. Мендеги маалыматка ылайык, 4 адам камакка алынган. Ошондой эле суралчу жана мүмкүн камакка алынчу адамдардын тизмеси бар. Бирок тергөөнүн майда-чүйдөсүн аякка чыгарганга шашпоо керек. Бул зыян гана алып келиши ыктымал.

Бир күндөй мурда Ливия парламенти - Улуттук жыйындын төрагасы Мухаммед Магариф америкалык телеканалга курган маегинде Бенгазидеги консулдукка кол салууга тиешеси бар деп шектелип, 50 адам кармалганын айткан эле.

Пакистандык суннилер анти-исламчыл фильмге каршы өткөн демонстрация учурунда АКШнын желегин өрттөшүүдө. Карачи шаары. 16-сентябрь, 2012
Пакистандык суннилер анти-исламчыл фильмге каршы өткөн демонстрация учурунда АКШнын желегин өрттөшүүдө. Карачи шаары. 16-сентябрь, 2012
Экинчиден, Фавзи Абдел Аал консулдуктун алдына нааразылык акциясына чогулгандар курал-жаракчан болгону - протест мурдатан мерчемделген деп боолгогонго негиз берерине көңүл бурду:

- Бул акциянын деталдары протест куралдуу болгонун, анын катышуучулары автоматтык
жана башка куралдарды, гранаталарды алып жүрүшкөнүн күбөлөйт. Муну тынч протест болгон деп ойлобойм.


Ливия бийликтеринин айтымында, консулдукка кол салууга негизинен чет элдиктер менен “ал-Каиданын” жергиликтүү тарапкерлери катышкан.

Ливиянын ички иштер министринин Бенгазидеги консулдуктун алдына топтолгондор каруу-жаракчан болушкан деген сөзү расмий Вашингтондун билдирүүсүнө каршы келет. Себеби АКШнын Бириккен улуттар уюмундагы элчиси Сюзана Райс жекшемби күнү АВС телеканалынан сүйлөп, Бенгазидеги пландалбаган же “спонтандуу протестти” “экстремисттик элементтер” пайдаланып кетти деген болчу.

- Биздин Бенгазидеги консулдугубуздун жанында башаламан нааразылык акциясы башталгандан көп узабай ага бир нече экстремисттер кошулган, - деп билдирген Райс айым. - Алар куралчан эле. Азыр тилекке каршы, Ливияда каруу-жарак табуу проблема эмес. Акция акыр аягында зомбулукка айланган.

Бенгазидеги АКШ консулдугуна кол салууда Кошмо Штаттардын Ливандагы элчиси Кристофер Стивенс жана үч дипломат набыт болгон. Имарат өрттөлүп-тонолгон.
Калабанын чыгышына Кошмо Штаттарда Мухаммед пайгамбар тууралуу тартылган “Күнөөсүз ислам” деген тасма жүйө болгон. 2001-жылдын 11-сентябрында АКШ шаарларында болгон террордук чабуулдардын 11 жылдыгы күнү Каирдеги Американын элчиканасына да кол салынган. Ошондон тарта Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка, Азиянын көпчүлүк мамлекеттериндеги АКШ элчиканасынын алдында протесттер уланууда.

Соңку маалыматтар боюнча, анын жүрүшүндө 18 адам өлдү. Дүйшөмбү күнү “Хезболла” уюмунун Ливандагы ана башы Хасан Насралла фильмге каршы бир жумалык акция өткөрүүгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG