Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:58

Ливияда каддафичил күчтөр улам бир шаарды кайтарып алууда


Рас Лануф портунан алыс эмес жерде өкмөттүк күчтөр менен козголоңчулар ортосунда салгылашуулар болду. 11-март, 2011-жыл. AFP.
Рас Лануф портунан алыс эмес жерде өкмөттүк күчтөр менен козголоңчулар ортосунда салгылашуулар болду. 11-март, 2011-жыл. AFP.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Ливия оппозициясынын өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн Парижге учуп кетти. Ишембиде болсо Араб Лигасы БУУнун Коопсуздук кеңешине кайрылып, Ливиянын аба мейкиндигин согуштук учактар үчүн жабуу чечимин кабыл алууга үндөгөн. Өлкөнүн өзүндө лидер Муаммар Каддафинин күчтөрү Брега шаарын козголоңчулардан кайтарып алышканы кабарланууда.

АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон Парижде Ливия оппозициясынан тышкары дүйнөлүк ири мамлекеттердин өкүлдөрү менен жолугушуп, Түндүк Африканын бул өлкөсүндөгү кризисти талкууламакчы. Андан кийин мамкатчы Тунис менен Египетке жол тартат.

Анын алдында Ак Үй Араб Лигасынын Ливия боюнча чечимин кубаттады.

Ишембиде (12-мартта) Каирдеги жыйынында араб өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине кайрылып, Ливиянын карапайым элин коргоо үчүн өлкөнүн аба мейкиндигин аскер учактары үчүн жабуу чечимин кабыл алууга үндөшкөн.

Вашингтон администрациясынын билдирүүсүндө Араб Лигасынын кайрылуусу “олуттуу кадам” катары сыпатталат.

АКШ жана Европа биримдиги Ливиянын "ыңкылап лидери" Муаммар Каддафини бийликтен кетүүгө үндөп келатышат.

Бирок алар БУУнун резолюциясысыз аскерий чараларга баруудан карманышууда.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Ливиянын аба мейкиндиги боюнча маселени колго салабы же жокпу азырынча белгисиз.

Клинтон айым бул план шейшембиде НАТО менен талкууланат деди.

Ал эми Ливиянын расмий өкүлү Араб Лигасынын кайрылуусун сындап, бул – уюмдун хартиясына жана принциптерине каршы келет деп билдирди.


Жекшембиде (13-мартта) Каддафиге ыктаган күчтөр өлкө чыгышындагы Брега шаарын оппозициядан кайтарып алышканы тууралуу кабарланды.

Күбөлөрдүн айтымында, калаа абадан, кургактан жана деңизден аткылоого алынып, ондогон козголоңчулар Брегадан качып чыгып жатышты.

Оппозиция бир нече күндөн бери өкмөттүк аскерлерге туруштук бере албай, улам бир чөлкөмдөгү көзөмөлүн жоготуп келатат.

Буга чейин Рас-Лануф порту Каддафинин армиясына өткөн.

Айрым кабарларга караганда, Триполи өкмөтү өз жеңиштери тууралуу маалыматтарды атайлап көбүртүп-жабыртып берүүдө.

Бул аралыкта Хьюман Райтс Уотч эл аралык уюму Ливияда адамдар дайынсыз жоголо баштаганын, Каддафинин режимине каршы көтөрүлүшкө чекит коюу максатында мыйзамсыз камакка алуулар жүрүп жатканын билдирди.

Уюм өкүлдөрүнүн ырастоосунда, Триполи шаарынын жашоочулары антиөкмөттүк чыгууларды уюштурууга жардам берген, аларга демонстрацияларга катышкан же чет өлкөлүк журналисттер менен мамиле курган адамдардын кармалышы жөнүндө айтып беришкен.

Каддафи бул жалпы нааразылык иш-аракеттери "Ливияны жок кылууну көздөгөн чет мамлекеттердин колдоосу менен "ал-Кайиданын" жоочулары тарабынан уюштурулган" деп буга чейин билдирген.

"Ливияда кыйноолорго, саясий өлтүрүүлөргө жол берилип келгенин эске алганда камалган кишилердин тагдыры тынчсыздантпай койбойт", - деп айтылат Хьюман Райтстын билдирүүсүндө.

Ал тапта "ал-Жазира" сыналгы каналы өз операторлорунун бири Бенгази шаарына жакын жерде буктурмага кабылып каза тапканын маалымдады. Бул – Ливияда жан таслим болгон алгачкы чет өлкөлүк кабарчы.

XS
SM
MD
LG