Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:31

Согуш жылдарындагы каатчылык, 1945-жылкы Улуу Жеңиш күнү, Иосиф Сталин кайтыш болгон күн, Никита Хрущёвдун Кыргызстанга келүүсү - мунун баары Сонунбү байбиченин эсинде кудум бүгүнкүдөй сакталган.

Ак чач карыялар менен ак саамай энелердин катары сербаа мончоктой суюлуп барат. Алар жашаган дооруунун түрдүү боекторго бай тарыхын, жаш кезде жүрөккө каткан махабатын жана кайталангыс жашоосунун ажайып күндөрүн өзү менен ала кетишет.

Улуу муундун аңгеме эскерүүлөрү ошол катаал мезгилден бизге калган осуят-таберик. Сонунбү байбиче же өзү айткандай Аспектин кызы Сонунбүнүн балалык жана өспүрүм курагындагы негизги окуялар, совет мезгилинде ырасмий айтылгандай, Улуу Ата Мекендик согуш кезге жана андан кийинки жылдарга шайкеш келет.

76 жаштагы Сонунбү байбиче менен анын киндик каны тамган Сокулуктун Жыламыш айылында жолугуп баарлаштык:

- Аспектин кызы Сонунбүмүн. 1939-жылы 5-мартта туулгам. Атам 1941-жылы иним 6 ай кезинде согушка кетип, 1943-жылы урушта курман болгон. Анан үйдө жокчулук болуп, апам машак терип, кой кыркып, кызылчада иштеп жүргөндө атасы кызымды Аспектин иниси карабай кетти деп, бизди алып кеткен. Биз таятамдын үйүндө 3 жыл эле туруп, 1946-жылы Жыламышка кайра келдик. Апам анан кызылчада звеновой болуп иштеп калды. Өмүрү ошол кызылча менен өттү.

- Апаңыз жумушка кеткенде сиздерге ким баш-көз болуп жатты?

- Апам бизди үйгө камап кетет. Үйдө эле ойнойбуз, үйдө эле жатабыз. Ал убакта колхоз эчтеке бербейт. Эмгек күнү деп коюп айлык жок. Апамдын үйгө алып келгени - жарым мүшөк буудай же жүгөрү же ушундайлар...

- Аны жумасына алабы же айына бир жолубу?

-Жок! Алты айда бир. Анан айыл ачка болбодубу.

Согуш кезде жана Жеңиштен кийинки жылдары совет өкмөтү социалдык инфраструктурасы жок айыл элин шаар калкына караганда айоосуз пайдаланган. Тамак-аштын тартыштыгынан улам айыл калкы эгин орулгандан кийин аңызда машак теришкен.

- Биз күндүз “койо берди” кылган (буудай орулуп бүтүп, машак тергенге уруксат берилген) жактан машак теребиз. Жерге жалчыбаган бирдемелер түшөт. Ошону эптеп чогултуп, бир алакандай баштыгыбызга түйүп келебиз. Түйсөк түйдүк, түйбөсөк жок. Апамдар болсо түн ичинде чабыла элек буудайдын башын акырын көргөзбөй оруп, уурдап келип, үйдү караңгылап, машакты кууруйт. Ошону менен оокат кылган күндөр болду.

Кыздар кошок кошуп ойношкон...

Ошондой бир күнү Сонунбүнүн 3-4 жаштагы иниси Шаршенбек жоголуп кетип, үй-бүлөсү дүрбөлөңгө түшөт.

- Бир күнү апам үчөөбүздү үйдүн алдындагы дөңгө жаткырып коюп, буудай уурдаганы кеткенде Шаршенбек төшөктөн туруп кетип калыптыр. Апам келет. Карабайт. Машакты акырын кууруп болуп, жатайын десе эле Шаршенбек жок. Тура калып эле ”Шаршенбек жок!”- деп издейт. Таппайт... Караңгы... Ыйлап чоң атама барат. “Аке, аке. Ушинтип буудай уурдайын деп кетсем, Шаршенбек жок,”- деп. Эшигибиздин астынан гилейген суу өтөт да, күркүрөгөн.

Кудай төбөңөн тийгир! Буудай уурдайм деп, баланы өлтүргөн турбайсыңбы! Сууга агып кеткен турбайбы!-дейт чоң атам. Апам бакырып ыйлап, туугандардын баары турушуп, чоң союл алашып, Жыламыштын суусун издешпейби. Таң атып кетет. Жок. Чуру-чуу... Апам үйүбүздүн жогору жагындагы эски мектептин дааратканасына барса, Шаршенбек анын оозунда уктап калыптыр. Сүйүнчү эле аке, сүйүнчү! Шаршенбек быякта экен деп, апкелгенмин деп апам көп айтат эле.

Согуш учурундагы каат жылдары кыз балдар кошок кошуп, уул балдар каза болгон адамды эскерип, өкүрүп ойночу элек деп эскерет Сонунбү байбиче:

- Биз бала кезекте айылчылап ойночубуз. Анан кыздар кошок кошот. Эркек балдар өкүрүп келет. Ушундай оюн ойнодук ко... Ой, кагылайын кудай ай десең. Бала көргөнүн кылат экен да. Кагылайын кудай-ай, экинчи мындайды көргүлүк кылбасын. Согуш учуру жаман эле болду, жаман.

Сталин өлгөндө ботодой боздогон балдар

СССР жолбашчысы жана лидери И. В. Жугашвили - Сталин өлгөндө коммунисттик идеологиянын заар камчысы алдында тарбияланган мектеп окуучулары ботодой боздоп ыйлашат.

- Сталин өлгөндө Калинин мектебинде 7-класста окуп жүргөм.1953-жылы 5-мартта радиодон кайгылуу музыканы берип жатты. Мугалим ”Сталин атаңар өлүптүр” десе тим эле классыбыз менен бакырып ыйлабадыкпы. Аны атабыз деп ушунчалык берилип калыптырбыз. Ошо боюнча траурга туруп, үйгө кеч келдим. Апам сурады:

- Ии, айланайын, эмне мынча кечиктиң?-деп.

- Сталин атам өлүптүр деп бакырып ыйлап атпаймынбы.

- Ээ, өлүгүңдү көрөйүн! Өз атаң өлгөндө деле ыйлаган жок элең, - деди апам мени урушуп.

Сталинди жоктоп мектеп окуучуларынан тартып, улуу курактагылардын көпчүлүгүнө дейре көз жашын төгүүсү анын күчтүү башкаруу системасын түзө алганына, массалык пропаганданын кубатына жана гитлердик Германияны жеңүүдөгү Сталиндин ролун көкөлөтө көрсөтүүгө байланыштуу болгон. Ошондуктан 1956-жылы февралда КПССтин ХХ съездинде Н.С.Хрущёв Сталиндин жеке башына сыйынууну айоосуз сындап, көсөмдүн башка да кемчиликтерин ашкере кылганы Аспектин кызы Сонунбүнүн муунуна жакпайт. "Биз мугалимди жактырбай, анын Сталинди жамандаган сөздөрүн уккубуз келчү эмес" дейт байбиче. Ал кезде 17 жаштагы Сонунбу Фрунзе же бүгүнкү Бишкек шаарындагы Гидромелиорация техникумунда окуп жаткан.

Н. С. Хрущёв жүгөрү нан жегизгенде

1957-жылы КПССтин 1-секретары Никита Хрущёв Кыргызстанга келет. Азыркы муун коммунизмде жашайт деп ооз толтура убада берген Хрущёвду тоскону борбордук стадионго студенттер да алып барышат.

- Ой, Хрущёвду тособуз деп техникумдардан, институттардан, мектептерден балдарды стадионго алып барган. Анан күтүп атабыз...Кармаганыбыз желек. Айланайын, Хрущёвду трибунадан тээ капкаяктан көрүп-көргөн деле жокпуз. Бир элесин көрдүк. Ошондо тебеленген кишилер андан көп, “скорый” (тез жардам) менен алып кетип жаткан кишилер мындан көп. Ал убак биздин бала кезибиз да...тияктан-бияктан секирип жатып, стадиондон сыртка качып чыктык: “Мындай болсо барбайт болчубуз. Аны көргөн да жокпуз,” -деп.

Гидромелиоративдик техникумдун студенттери жатаканада. Бишкек (ал кезде Фрунзе), 1957-ж.

Гидромелиоративдик техникумдун студенттери жатаканада. Бишкек (ал кезде Фрунзе), 1957-ж.

Хрущёв 1958-жылы СССР Министрлер Советин да жетектей баштагандан кийин жеке менчик көмөкчү чарбага каршы чабуулга өтөт. Шаар жана поселоктордо жашагандар үчүн мал кармаганга тыйуу салынат. Айыл элинин менчик малын колхоз сатып ала баштайт. Колхозчулар малын жапырт союп кирет. Анын айынан өлкөдө малдын саны азайып, айыл-кыштак калкынын жашоосу кыйындайт. Ал эми 1959-жылы Хрущёв АКШга барып келгенден кийин СССРде жүгөрү өстүрүү өнөктүгү башталат.

- Хрущёв келди, эми жыргатат экен, анан минтет экен деп жатышты. Хрущёв жыргатпай эле элди сары жүгөрүгө отургузуп койбодубу. Эл жакшынакай оңолуп калганда жүгөрү нан жеп калбадыкпы. Буудай нанды көрбөй калдык.

Аспектин кызы Сонунбү окуган Гидромелиорация техникуму кийинчерээк Политехникалык техникумга айлантылган. Азыр техникумдун имаратында Кыргызстан эл аралык университети жайгашкан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG