Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:07

Чаалыкпаган марафончу Алесандро


Америкалык инженер-марафон сүйүүчү Алесандро Нунес. Марафондон кийин. Праганын Эски аянты. 3-май, 2015-жыл.
Америкалык инженер-марафон сүйүүчү Алесандро Нунес. Марафондон кийин. Праганын Эски аянты. 3-май, 2015-жыл.

Америкалык инженер Алесандро Нунес 57 жашта. Ал отуз жашынан бери 42 км. 195 метрге чуркап, ири эл аралык марафондорго катышып жүрөт. Алесандро мырза 3-майда Прагада өмүрүндөгү 57-марафондук жарышта чуркады.

Алесандро Нунестин теги Мексикадан. Кесиби боюнча жарандык инженер. Ал Прагага 3-май күнү болгон марафондук жарышка катышканы 70тен ашык өлкөдөн келген ышкыбоз жөө күлүктөрдүн бири. Бул Алесандронун 57-марафону болду.

- Алгач салмагымды жоготом деп марафондо чуркай баштагам. Отуз жашымда томолок элем. Ошентип өзүмө максат коюп бутту иштете баштадым. Кызыгына кирип алгандан кийин чуркаганды таштай албайсың. Анын үстүнө ар бир мелдеште мага медаль берет. Менден кээ бир адамдар: “Эмне үчүн марафондо чуркайсың?” деп сурашат. “Себеби мен жүгүрө алам”, - деп жооп берем. Мүмкүнчүлүгүм барда мен марафонго катыша берем.

Прагадагы марафондо кениялык жөө күлүк Феликс Канди 42 миң 195 метрди 2 саат 8 мүнөт 32 секундада чуркап, 15 миң долларлык баш байгени утту. Аялдардан эфиопиялык Йебругал Мелесе да 15 миң долларлык мөрөйдү жеңди. (Убактысы 2:23:49).

Феликс Канди былтыркы Афиныдагы марафондун жеңүүчүсү. Ал эми Алесандро Нанес марага 4 саат 20 мүнөттө жетип, башка катышуучулар сыяктуу эле колодон жасалган эстелик медалы менен сыйланды.

- Мен үчүн марафондук жарыш А чекитинен Б чекитине мүмкүн болушунча ылдам жетүү. Мелдеш маалында кээ бир адамдар басып-чуркап, чуркап-басып отуруп, марага тынбай чуркаган адамдардан тез жетишет. Ошон үчүн марафондо чуркаган же баскан маанилүү эмес. Мен сыяктуу жакшы машыкпаган адам чуркап баратып бир мүнөт басса, булчуңдары тыныгып, чыйралат. Күчүнө күч кошулат. Былтыр мен ден соолугума байланыштуу аз машыктым.

Маара жетейин деп калган мекендеш марафончулар. Прага, 3-май.
Маара жетейин деп калган мекендеш марафончулар. Прага, 3-май.

Болбосо, аптасына 15 миль (32 км.) чуркап, өзүмдү жарышка түшчү тобурчактай таптап турчумун. Өткөн айда болгону 5 миль чуркадым. Мен бир айда жок дегенде 200 миль (321.8 км) жүгүрүшүм керек болчу. Марафондук жарыштарга катышып жүрүп, сабырдуу жана чыдамкай болгонго үйрөндүм. Ошон үчүн мара мен каалагандан узак болсо да мен ага жетем.

Алесандро кемелине толуп турган учурда бир айда 350 чакырымга чейин жүгүрүп машыккан.

- Менин эң жакшы убактым 3 саат 11 мүнөт. Акыркы үч марафонду 4 саат 20 мүнөттө чуркадым. Себеби, машыкпасаң, натыйжа болбойт. Күчкө толуп турган учурумда чоң жарышка түшөм деп бир айда 220 миль (354 км.) чуркачумун. Мелдешке даярданууда кубатың толкуп-ташып турган мезгил да, мамыр деңиздей жайбаракат жашоого ыктап калган учуруң да болот. Табыңа келип турган маалыңда көп чуркайсың. Анан булчуңдарыңдын эс алуусу үчүн темпти басаңдата баштайсың.

Чакан бойлуу, чымыр денелүү Алесандро 57-марафондо бардыгы 2 405 115 метр чуркаган.

- Марафонго катышуу мен үчүн эрмек (хобби). Мелдешке катышып жүрүп, түрдүү элдердин маданиятын билдим, ар кыл адамдар менен тааныштым, ар кандай шаарларды көрдүм. Прагада алгачкы жолу 15 жыл мурда болгон элем. Анда шаарды көргөнү келгем. Прага абдан кооз шаар. Азыр аба ырайы жылуу, жаз. Ошон үчүн жүгүргөнгө да сонун мезгил экен.

Алесандро Лос-Анжелестен Прагага Копенгаген аркылуу учуп келген. Билети 700 доллар болгон. Марафонго катышуу 80 доллар турат. Мейманкана үчүн да өзү төлөгөн. Анын айтымында, Европадагы марафондук жарыш АКШга салыштырганда ылдам темпте өтөт:

Жөө күлүктөр марага жеткенден кийин. Прага. 3-май
Жөө күлүктөр марага жеткенден кийин. Прага. 3-май

- Нью-Йорк, Бостон, Чикаго, Лондон марафону - дүйнөдөгү эң чоң марафондук мелдеш саналат. Бул марафондордо жүгүргөндү ар бир эле адам кааласа керек деп ойлойм. Мен өзүм Лондон марафонунда чуркай элекмин. АКШнын Юта штатындагы Сент-Жорж шаарындагы марафонго жети миңдей гана адам катышат. Ага карабай, мелдеш өтө мыкты уюштурулган. Баасы да арзан. Мен жашаган Лос-Анжелестен 6 сааттык жол. АКШда марафондук жарышта Европадагыдай тез чуркашпайт. Мен үзбөй машыгып турчу болсом, Европада элдин ортосунда келем; АКШда алдыда келген 10 проценттин катарына кирем. Европада марафонго өтө олуттуу мамиле жасашат.

Алесандро Нью-Йорк марафонун баарынан жакшы көрөт. Экинчи

Праганын Эски аянты марафон учурунда. 3-май 2015
Праганын Эски аянты марафон учурунда. 3-май 2015

жакшы көргөнү - Франциянын жүзүмзарлуу Бордо чөлкөмүндөгү Мэдок марафону.

- Мен Нью-Йорк марафонун баарынан жакшы көрөм. Ал марафондо жети жолу чуркадым. Азыр анын баасы кымбат болуп кетти. Нью-Йорктун өзү да кымбат шаар эмеспи. Ошол себептүү Нью-Йоркто жүгүрбөй калдым. Мен Францияда жүзүм талааларын аралап өтчү Мэдок марафонун да сүйөм. Жарыш 32 эски сепил же чеп аркылуу өтөт. Алардын ар биринде марафончуларга шарап берилет. Акыркы беш чакырымда отко бышырылган эт, деңиз үлүлүн берет. Шарап мол болот.

Тынч океандын ортосунда жайгашкан Гавай аралдарынын борбору Гонолулудагы жөө күлүктөрдүн 42 км. жарышы таңкы саат беште башталат.

- Гонолулудагы марафондо качан жүгүргөнүм эсимде жок. Аба өтө нымдуу болгондуктан жарыш таңкы беште старт алат. Караңгыда жүгүрөсүң. Бул өтө кызык. Бирок Гонолулуда мен кыйналдым. Нымдан улам денемден буу бөлүнүп чыгып жатты. Ошон үчүн марага чейин жорголоп басып жеткем. Бул мен үчүн эң мыкты марафондордун бири.

Нью-Йоркто, Чикагодо жана Бостондо жөө күлүктөрдү миллиондон ашык көрөрман сүрөп турат. Алардын алдында марафончу өзүн жылдыз сезип калат, деп улантты аңгемени Алесандро Нунес:

- Чикаго марафонун да жакшы көрөм. Жолу тегиз. Бирок баасы кымбаттап баратат - 180 доллар. Чикаго марафонунда 40 миң адам жүгүрсө да катышуучуларга талап катаал. Биринчи талабы - сен марафонду ылдам чуркап өтө аларыңды далилдешиң шарт. Экинчи талабы - эки же үч ай мурда тизмеге жазылууң керек. Ошондон кийин лотерея ойнолуп, марафонго катышуу укугун аласың. Мен лотереяны жаман көрөм. Бостондо Чикаго жана Нью-Йорктогу марафончуларды 1 миллиондон көп адам тамаша кылат. Алар сени алга сүрөп турат. Жүз миңдеген адамдардын көңүл борборунда болуунун өзү рахат. Өзүңдү жылдыз сезесиң. Бирок эл тез жүгүргөн жөө күлүктөрдү көрүүнү каалашат.

Акыркы 100 метрди чуркоо марафончудан чоң эркти жана чыдамкайлыкты талап кылат.
Акыркы 100 метрди чуркоо марафончудан чоң эркти жана чыдамкайлыкты талап кылат.

Бирөөлөр үчүн 42 чакырымга чуркоо өз эркин сыноо, эрмек болсо, экинчи бирөөлөр үчүн жакшы акча табуунун жолу. Прага марафонунун баш байгеси 15 миң доллар болсо, АКШдагы чоң марафондордун жеңүүчүсү кошумча сыйлыктары менен кошо 500 миң долларга чейин табат, дейт Алесандро Нунес:

- Марафон өткөрүү үчүн көп акча чогултулат. Анын чоң демөөрчүлөрү бар. Уюштуруучулар, менин билишимче, белгилүү күлүктөрдү катыштыруу үчүн аларга акча төлөшөт. Атактуу марафончулар Нью-Йорк, Чикаго, Бостон марафонунда жеңеби же жокпу, 50 миң доллар сыйлык алышат. Жеңсе 100 миң доллар, рекорд койсо 150 миң доллар байге алат. Марафончу жеңишке жетсе, жарым миллион долларга чейин акча алат.

Классикалык марафондон башка да Чехиянын шаарларында жарым марафондук жарыш (21 км 91, 5 м), 10 км., 5 км. жарыштар өткөрүлөт. Былтыр мындай мелдештерди тамаша кылган көрүүчүлөр 15 миллион доллар, чет өлкөдөн келген көрүүчүлөр 8 млн. доллар сарпташкан (Hospodářské noviny гезити. 3-апрель, 2015). Алесандро мырзанын эмки максаты Мехико шаарында 31-августта болчу марафонго катышуу:

- Эмки жолу Мехикодогу марафонго катышам. Калаа деңиз деңгээлинен 2240 метр бийиктикте жайгашкан. Кычкылтек да суюк келет. Мен жашаган Лос-Анжелес деңиздин деңгээлинде шаар. Бул, албетте, менин организмиме таасир этет. Ошон үчүн бир аз чочулап турам. Андыктан жакшы даярдануум керек.

Эгер кимде-ким марафондук аралыкка чуркайм десе, эмнеден баштоо керек?

- Ким марафонго катышууну ниет кылса, ал кыска аралыкка чуркоодон башташы керек. Адегенде 5 км., 10 км. жүгүрүп, бара-бара жарым марафондук аралыкка, анан 30 км. жүгүрүп көнсө, денеси даяр болгон соң 42 км. чуркаса болот. Андан кийин үзбөй машыгып, бир мерчемдеген убактыңды багындырышың абзел,- деди чаалыкпаган марафон сүйүүчү, 57 жаштагы Алесандро Нунес.

XS
SM
MD
LG