Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:05

ШКУнун АСКЕРИЙ МАШЫГУУСУ КАНДАЙ МАКСАТТЫ КӨЗДӨЙТ?


9-августта Кытайдын Цинзянь-уйгур автономиялуу провинциясында Шанхай кызматташуу уюмунун террорчулукка каршы күрөшүү боюнча ири машыгуусу башталат. “Тынчтык миссиясы-2007” деп аталган бул машыгуу 17-августта Орусиянын Челябинск облусунда аяктайт. ШКУ өзү орток машыгуу кайсы бир үчүнчү өлкөгө же уюмга каршы багытталбайт деп дембе-дем ырастоодо. Бирок, Батыштык айрым адистер машыгуу ШКУга мүчө өлкөлөрдө 2005-жылы Кыргыз президенти Акаевди омкоруп түшкөндөй ыңкылапты болтурбоону көздөйт дешет.

“Террорчулар Чебаркул шаарынын ыптасындагы элдүү жайды ээлеп алышып, ынангыс саясий талап коюушту. Алардын талабы аткарылбаса, барымтадагы адамдар өлтүрүлөт деп коркутууда”. Бул кабар Үрүмчүдө башталчу машыгууну жетектөөчү штабга келип түшөт да, алар операцияны башташат.

Көнүгүүнүн Челябинск облусунда аяктоочу чечүүчү бөлүгүнө бардыгы 6, 5 миңдей аскер, анын ичинде Орусиядан 2 миң, Кытайдан 1 700 аскер, Казакстандан 1 батальон, Тажикстандан 1 рота, Кыргызстандан 1 взвод жана өзбек офицерлери катышат. ШКУнун буга чейинки машыгууларына мындай көп аскер чогулган эмес.

Лондондо жайгашкан Jans маалымат борборунун талдоочусу Матью Клементс “Тынчтык миссиясы-2007” машыгуусу Борбор Азиядагы көйгөйлөргө көңүл буруу максатында өткөрүлүп жатат деп боолгойт:

- Региондо, өзгөчө, маң аткезчилиги сыяктуу апааттын коркунучу өсүүдө деп ойлойм. Борбор Азия үчүн ооган апийими кекиртекте тыгылган сөөктөй болууда. Фергана өрөөнүндө алаамат чыкса Орусиянын түштүгү жана Кытайдын батыш канатындагы жагдайга таасир этет деген чочулоо бар.

Ал эми АКШ армиясынын Аскерий колледжинин профессору Стефен Блэнк такыр башка пикирде:

- Мынабу машыгуулардын масштабы өсүүдө. Көпчүлүк эксперттер маневр антитеррордук максатты көздөйт же Борбор Азияны гана камтыйт деген ырастоолорго ишенишпейт. 2005-жылдын августунда ШКУнун алкагында кытайлык-орусиялык чоң машыгуу өткөрүлдү. Ага түрдүү аскерлер катышып, жоокерлер согуштук жагдайда аракеттенди. Ошон үчүн аскерлер Борбор Азияда мүмкүн болчу ар кандай кырдаалда машыкса да, адамдарда анын бутасы Тайвань менен Кореяга багытталды деген пикир жаралды.

Профессор Блэнк бул анын жеке көзкарашы экенин баса белгилөө менен, баркыт ынкылабы Аскар Акаевди тактан алып түшкөндөн тарта ШКУнун аскерий кызматташуусу уюмга мүчө өлкөлөрдө берегидей төңкөрүштөрдү болтурбоого багыттала баштады дейт:

- Албетте, террордук чабуул же козголоң сыяктуу нерсе болот дегенге негиз бар. Андай нерсе антиөкмөттүк көтөрүлүш болушу мүмкүн. Кытай жана Орусия 2005-жылы Кыргызстанда эч нерсе кыла алышкан эмес. Алар ошол абалга кайра кабылбоо үчүн мына бу теманы козгоодо деп ойлойм.

ШКУнун лидерлери Бишкек саммитинен кийин “Тынчтык миссиясы-2007” машыгуусунунун чечүүчү бөлүгүн барып көрүшөт.

XS
SM
MD
LG