Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Өзгөн: жер көчкү алдында 24 адам калды


Куткаруучулар
Куткаруучулар

29-апрелде эртең менен 6:40 чамасында Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү түшүп, жети үйдү басып калды.

30-апрель - Аза күтүү күнү

Өзгөндүн Аюу айылындагы 24 адамдын өмүрүн алган жер көчкүгө байланыштуу бүгүн Кыргызстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланган. Тиешелүү жарлыкка кечээ президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Ага ылайык, Кыргызстандагы бардык органдардаргы жана чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдөгү мамлекеттик туулар түшүрүлүп, бардык оюн-зоок программалар токтотулду.

Өзгөндүн Аюу айылындагы жер көчкү басып калган эки кыздын сөөгү 30-апрелде түш ченде табылды. Бул тууралуу кырсык болгон жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Маалыматка ылайык, алар айыл тургуну Абдисалам Ризабаевдин он эки (Маманова Адина) жана эки жаштагы (Хабибиллаева Мадина Абдисаломовна) кыздарынын сөөктөрү экени аныкталды. Ал эми кечки саат беш жарымдарда 20 жаштагы Гүлайым Назирбаеванын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдалдар министрлиги кабарлады.

Учурда жер көчкү басып калган башка адамдарды да издөө-куткаруу иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Кечээ кеч киргенине байланыштуу убактылуу токтотулган издөө иштери бүгүн таң эрте жанданды. Учурда бул иштерге 175 куткаруучу, 100 аскер жана жергиликтүү тургундар, жалпысы 400гө жакын адам тартылган.

29-апрелде эртең менен Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, жети үйдү басып калган. Жер көчкү алдында калган алты үйдө 24 адам болгон. Алардын тогузу балдар.

Дарыгерлер жабыркагандардын жакындарына психологиялык-медициналык жардам көрсөтүп жатышат. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлиги көчкүдөн жабыркаган жети адам райондук ооруканада дарыланып жатканын билдирди. Алардын баары каза тапкан 24 адамдын жакындары. Беш адамга невроз, бирөөнө инсульт диагнозу коюлуп, реанимация бөлүмүндө жатат.

Адам өмүрүн алган табигый кырсыкка байланыштуу президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине Орусиянын, Казакстандын президенттери көңүл айтуу телеграммаларын жөнөткөнү кабарланды.

Көчкү алдында калгандардын такталган тизмеси:

1.Коргонбаев Икрамжан Назирбаевич 16.02.1978-жылы туулган,

2.Юсупахунова Зилола Азизовна 30.06.1980-жылы туулган,
3. Назирбаев Хуршидбек Икрамжанович 25.12.2000-жылы туулган,
4. Назирбаева Азиза Икрамжановна 04.04.2003-жылы туулган,
5. Назирбаева Умида Икрамжановна14.04.2007-жылы туулган,
6. Назирбаева Алмазбек Икрамжанович 18.04.2013-жылы туулган,
7. Коргонбаев Маматали 26.05.1968-жылы туулган,
8. Назирбаева Гулайим Маматалиевна 01.09.1997-жылы туулган,

9. Разабаев Хабибилла 10.01.1933-жылы туулган,
10. Разабаева Арзы 10.04.1939-жылы туулган,
11.Разабаева Мехринса Хабибиллаевна 1979-жылы туулган,
12. Каримов Мухаммед 2015-жылы туулган,
13. Хабибиллаев Захид Шерниязович 13.01.2000-жылы туулган,
14. Ибрагим уулу Дилшодбек 13.04.2000-жылы туулган,
15. Разабаев Абдисалом Хабибиллаевич 12.07.1970м
16. Маманова Нигорахон Мамажановна 05.07.1975-жылы туулган,
17. Маманова Адина 2005-жылы туулган (сөөгү табылды),
18. Хабибиллаева Мадина Абдисаломовна 2015-жылы туулган (сөөгү табылды),
19. Адыразакова Рахима 27.10.1967-жылы туулган,
20. Камчиев Фарух 11.12.1988-жылы туулган,
21.Шермамат кызы Хамдона 07.01.1993-жылы туулган,

22. Артыкбаева Ситора Фаруховна 28.09.2016-жылы туулган,
23.Артыкбай уулу Ориф 12.03.2003-жылы туулган,
24. Артыкбаева Хилола Фарезовна 03.11.2013-жылы туулган.

Өзгөн: жер көчкү алдында 24 адам калды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашынча, жер көчкү астында алты үй-бүлөнүн мүчөлөрү калган. Маалыматка ылайык, жер көчкү басып калган алты үйдө 24 адам болгон. Алардын тогузу балдар экени айтылууда. Жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 1 млн метр кубду түзгөн.

- Эки үкамдан айрылдым. Бири айылдын ылдый жагында, бири жогору жагында жашачу. Бир үкам кызы менен жашайт эле. Аялы Орусияда. Экинчи үкам төрт баласы, келинчеги Зилола менен бирге топурактын астында калды, - ботодой боздогон бул аял бүгүн таңда эки инисинен ажыраган.

Биз барган тушта жакынын жоготкондор ар жерде топтошуп, жашын тыя албай ыйлап отурган экен.

Таңкы саат алты жарымдар чамасында коктуда жайгашкан айылдын капталынан жарып келаткан көчкүнү көргөндөр дагы болгон. Алар кыйкырып, коркунучту эскерткени менен, бейкапар уйкуда жаткандардын көбү уккан эмес. Аюу айылынын тургуну Момун Сулайманов:

- Эртең менен саат 6:30дарда адамдардын айрымдары мал чыгарып жүргөн. Ошолор көчкү жылып атканын биринчи көрүп кыйкырып калышты. Акыл-эсти жыйганча эле айыл чаңып калды. Качырап үн чыкканын угуп келиним баласын көтөрүп нары качты, мен бери карай качтым.

Алты үй-бүлөнү жер көчкү басты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:23 0:00

Чогулгандардын айтымында, көчкү астында калган бир үй-бүлө кооптуу жердеги жаңы бүткөн үйүнө он күн мурда көчүп кирген.

Кубатбек Боронов
Кубатбек Боронов

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов көчкү астында калгандардын көпчүлүгү буга чейинки эскертүүлөргө кулак салбай келгенин айтты:

- Ушул окуядан эки күн мурун да айыл башчы келип элди чыккыла деп айтыптыр. Азыр ал көчпөйбүз деген жети адамдын тил катын көтөрүп жүрөт. Адам жашаган жети үйдөн 24 адам көчкү астында калган. Көчкүнүн көлөмү 1 миллион куб метр. Материалдык зыяндын көлөмү аныкталып бүтө элек.

Учурда Аюу айылында оперативдүү штаб иштеп жатат. Министр Боронов аталган айылдагы кооптуу жерде турган 30 үй-бүлө башка жерлерге көчүрүлөрүн билдирди. Куткаруучулар алар үчүн отуз чатыр тигип беришкен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, бул жер көчкү жүрө турган кооптуу аймактардын тизмесинде болгон. Акыркы жолу ушул жылдын 28-мартында анда жашагандарга башка коопсуз жакка көчүү тууралуу эскертүү берилген. Ошондой эле 2003-жылы бул жердеги үч үй-бүлөгө башка жерге үй салууга үчүн мамлекет тарабынан жеңилдетилген ссуда берилгени айтылууда. Көчкү алдында калган төрт үй болсо, алдын ала маалыматтар боюнча, мыйзамсыз салынган.

Өзгөн: Аюудагы кырсык
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:46 0:00

Кырсык болгон айылга премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар, биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев барды.​ Алар кайгыдан мөгдөп турган тургундарга кайрат айтып жатышты.

- Урматтуу тургундар. Жер маселесин чечүүдө, үй куруп берүү маселесин чечүүдө биз жардамыбызды беребиз. Бюджетке өзгөртүү киргизип, керектүү каражаттарды бөлдүртөбүз. Эң башкысы сиздер өз коопсуздугуңуздарды ойлоңуздар, - деди Чыныбай Турсунбеков.

Мындан сырткары Ош облусунан дарыгерлер барып, кырсыкка учурагандын жакындарына психологиялык-медициналык жардам көрсөтүп жатышат.

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөндөгү Аюу айылында жер көчкү кесепетинен жабыр тарткандарга керектүү жардамдарды көрсөтүүнү тапшырды.

“Бүгүн Кыргызстанда, тилекке каршы, кайрадан көчкү болуп, Өзгөн районунда кичинекей айылды, он чакты үйдү басып калды. Баарынан кейиштүүсү, эки-үч күн мурун барып, көчкүлө десе укпай, “көчпөйбүз” деп, ошол жакта жашаган биздин мекендештерибиз такыр болбой коюптур”, -деди президент Атамбаев теле кайрылуусунда.

Президенттин кайрылуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:32 0:00

Кыргызгидрометтин жетекчисинин орун басары Ырыскелди Асанкожоев табигат кырсыктары, аларды алдын алуу боюнча "Азаттыкка" маек курду:

Көчкү түшкөн Өзгөндүн Аюу айылы

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG