Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:35

Түндүк Корея: Картер мекендешин куткарды


Мурдагы президент Жимми Картер Пхеньян аба майданына жеткенде Айжалон Махли Гомести чындап куткарганына ишенди окшойт, 27-август, 2010

Мурдагы президент Жимми Картер Пхеньян аба майданына жеткенде Айжалон Махли Гомести чындап куткарганына ишенди окшойт, 27-август, 2010

АКШнын мурдагы президенти Жимми Картер Түндүк Кореяга барып, ал жакта чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн сегиз жылга түрмөгө кесилген америкалык активистти эркиндикке чыгара алды. Картер бул боюнча Түндүк Кореянын “номур экинчи лидери”, элдик жыйындын туруктуу кеңешинин төрагасы Ким Ең Нам менен сүйлөшкөндөн кийин, Айжалон Гомес менен бирге АКШга жөнөп кетти.

Түндүк Корея - дүйнөдөгү эң эле жабык делген коомдордун бири. Ал жерде өкмөттүн кийинки кадамы кандай болоорун алдын ала болжой албайсың.

Америкалык мурдагы президент Жимми Картер да Пхеньянга барганда түрмөдөн өзүнүн мекендешин чыгарып кете алаарына толук ишенген эмес.

Бирок жума күнү расмий Пхеньян камактагы америкалык активист Айжалон Гомеске мунапыс жарыяланганын, эми ал Америкага кете берсе болоорун билдирди.

Гуманизм?

Ошентип, Картер менен Гомес АКШга жөнөп кетишти.

Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат агенттигинин кабарында бул боюнча кыскача эле жаңылык чыкты. Анда: “Өлкөгө мыйзамсыз кирүүнү каалаган кишинин түрмөдөн бошотулушу - Түндүк Кореянын гумандуу жана тынчтыкты гана жактаган саясатынын далили” деп айтылат.

Картердин өзүнүн уюму билдиргенине караганда, “Жимми Картер Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ирге жиберген суранычынын негизинде америкалык жаранга мунапыс жарыяланды”.

30 жаштагы америкалык укук коргоочу активист Гомес Түштүк Кореядан Түндүк Кореяга мыйзамсыз өтүп кеткени үчүн быйыл январда камалган. Ал Түштүктө англис тилинен сабак берчү. Буга чейин Түндүк Кореядагы адамдардын укугу орой бузулуп жатканын айтып, Гомес нааразылык демонстрацияларына катышып жүргөн.

Бул өңдүү диссиденттик маанайдагы демонстранттар Түндүк Кореянын өзүндө узак мөөнөткө түрмөгө кесилет, иш лагерлерине жиберилет. Мамлекетте эл ачкадан араң жатса да, аскерий коргонуу тармагына үлкөн каражат жумшалат. Ошон үчүн Бириккен улуттар уюму азык-түлүктөн колдоо көрсөтүп жүргөнү бар.

Гомес ал жакта кадимки эле түрмөдөгү адамдардын оор тагдырын көрдү. Апрелде аны сегиз жылга оор иш лагерине кескен соттун чечими чыккан. Уруксатсыз эле чек арадан өткөнү үчүн 600 000 доллар айып тагышты.

Түндүк Кореядагы маалымат агенттиги июлда Гомес жанынан тоюп, өзүн-өзү өлтүргөнгө аракет кылганын, кийин ооруканада дарыланганын кабарлаган.

Анын камалышы ансыз деле оор Вашингтон-Пхеньян алакаларын андан бетер кыйындатты окшойт.

Азыр эми Вашингтондо Мамлекеттик департамент Гоместин түрмөдөн чыкканын жылуу кабыл алганын билдиргени менен, мында өкмөт эч аралашпаганын айтып жатат.

Мамдепартаменттин расмий өкүлү Филип Кроули: “Биз Картердин Түндүк Кореяга өз ыктыяры менен барганын, расмий Пхеньян Гомести бошотконун колдойбуз. Бирок Жимми Картердин сапарынын расмий өңүтү жок”, - деп билдирди.

Сүйлөшүүгө ишарат

Буга чейин Американын мурдагы президенттеринин бири Билл Клинтон да ушундай эле максатта Пхеньянга барып, ал жактагы түрмөдөн эки америкалык журналистти бошотуп келген.

Расмий Пхеньян америкалык адам укугун коргоочу активистти түрмөдөн бошотуудагы чыныгы максаты эмнеде болгонун ачыктай элек. Ошентсе да, Жимми Картер менен Ким Ең Намдын сүйлөшүүлөрүндө бир маанилүү маалымат айтылгансыды – Түндүк Корея өзүнүн ядролук программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүгө кайтууну каалайт.

Быйыл Түштүк Кореянын аскерий кемеси аварияга учурап, 46 адам өлгөндө эларалык иликтөө буга Пхеньяндын тиешеси болгон деп чыккан. Ага таарынган Түндүк Корея сүйлөшүүлөрдөн чыгып кеткен эле. Расмий Вашингтон да бейшембидеги билдирүүлөрдө сүйлөшүүлөрдү улантыш керек деген белги берип жаткансыды. Бирок алар качан жанданаары ачыктала элек.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG