Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

Обама саясий программасын жарыялады


Вашингтон. 28-январь, 2014-жыл
Вашингтон. 28-январь, 2014-жыл

28-январда АКШ президенти Барак Обама Конгресске жана өлкөгө жыл сайын жасачу кайрылуусун жолдоду.

Документте өлкө башчысы 2014-жылга карата саясий программасын жарыялады. Обама өз кайрылуусунда америкалыктарды ойлонткон бир нече көйгөйдү баса белгиледи. Бул жумуш ордуларын түзүү, эң бай жана орто жашаган америкалыктардын кирешелеринин ортосундагы ажырымды азайтуу, мектепке чейинки билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү.

Демократтар республикачылдарды байлардын коргоочулары катары санашат. Ошондуктан алар Обаманын экономикалык адилеттүүлүккө жана байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырымды азайтууга көңүл бурушун каалап келишкен.

Обама Америкада кирешелердин ортосундагы ажырымдын чоңоюп баратышына токтолду:

- Партиясына, расасына, кайсы жерден экенине, карыбы же жашпы, жакырбы же байбы эч нерсеге карабай биздин элди бириктирип турган идея – бул “Америка мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү” деген ой. Сен көп эмгектенсең жана жоопкерчиликти алсаң, алдыга озуп чыга аласың.

Обаманын кайрылуусунан кийин республикачыл Кэти МакМоррис Рожерс Обаманнын кирешелердин теңсиздиги боюнча айткандарын сындады:

- Президент кирешелердин теңсиздиги тууралуу көп сүйлөдү. Бирок чыныгы ажырым азыр мүмкүнчүлүктөрдүн теңсиздигинде. Азыркы администрация ал ажырымды ого бетер күчөтүп жатат.

Бирок Обаманын кайрылуусунда ал айтып жаткан экономикалык өсүшкө өбөлгө болчу жана кошумча жумуш ордуларын түзүү боюнча ири экономикалык демилгелер байкалбайт. Компаниялардын салыгын жеңилдетүү, энергияны үнөмдөө боюнча технологияларга жана инфраструктураларга инвестиция жумшоо тууралуу айтылды.

Мектепке чейинки билим алууну каржылоого, аялдардын айлык акысын жогорулатуу, эң төмөнкү айылыктын чегин көтөрүү, жумушсуздук боюнча берилчү жөлөк пулдун мөөнөтүн узарту маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тышкы саясатка токтолгон президент сириялык бийликтерге күчтү колдонбоо жөнүндөгү эскертүү гана химиялык куралдан баш тартууга алып келгенин айтты. Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөр жемиштүү болоруна үмүтөнөөрүн этияттык менен билдирди. Украинадагы акыркы кырдаал тууралуу украин эли өз оюн ачык билдире алат деген оюн айтты.

Иран жана Ооганстан тышкы саясат боюнча бөлүктүн эң башкы темасына айланды. Обама Конресстин Иранга карата жаңы санкцияларына вето коерун эскертти. Президент дипломаттарга жакынкы айларда мүмүкүнчүлүк берүү керек экендигин дагы бир жолу кайталады. Бирок Обама сүйлөшүүлөр натыйжа бербесе, анда жаңы санкциялар киргизилет деп жарыялады.

Ошондой эле Обама АКШнын жана НАТОнун чакан аскер бөлүктөрү Ооганстанда 2014-жылдан кийин да кала алаарын айтты. Бирок 12 жылдык согуштун аягы бул 2014-жылдын аягы экенин белгиледи. Обаманын айтымында, 2014-жылдан кийин Ооганстанда калган аскерлердин эки гана миссиясы болот – бул тренинг жана террорчулукка каршы күрөшүү максатында ооган коопсуздук күчтөрүнө көмөк көрсөтүү.

Жон Хопкинс университетинин конфликттерди жөнгө салуу боюнча профессору Даниэл Сервер Обаманын согуштар тууралуу айтканын мындайча талдады.

- Обама Ирактагы жана Ооганстандагы согуштардын аяктагандыгына, жоокерлердин мекенине кайткандыгына сыймыктанат. Ал согуштарды аяктап, көбүрөөк дипломатияга таянат.

Экономика жаатындагы кадамдарды тезинен ишке ашыруу үчүн Обама президенттин атайын укугун колдонорун билдирип, мунун себебин республикачылар көпчүлүктү түзгөн Конгресс анын программаларына тоскоолдуктарды жаратып жаткандыгы менен түшүндүрдү. Конгресстен көз каранды болбош үчүн программасын ишке ашыруу максатында керек болсо президенттик жарлык аркылуу иштерин баса белгиледи:

- Бүгүн мен экономикалык өсүштү, ортоңку классты бекемдөө жана ага өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир нече конкреттүү сунуштарды айтып жатам. Айрым сунуштарды аткаруу үчүн Конгресстин макулдугу керек. Мен Конгресс менен иштешүүгө даярмын, бирок Америка кечке күтүп отура албайт. Мен да күтө албайм. Ошондуктан эгерде бул кадамдарды мыйзам чыгаруучуларсыз жасоо керек болсо, мен бул нерсени жасайм.

Ошондой эле Обама америкалык бизнесмендерге кайрылып, аларды эң төмөнкү айлык акыны саатына 10 долларга чейин көтөрүүгө чакырды.

Барак Обама медициналык камсыздандыруу тармагын реформалоо ишке жарамдуу идея экендигин дагы бир жолу эскертти жана республикачыларды ага каршы күрөштү токтотууга үндөдү.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG