Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:30

Өнүгүү - чындык жашаган жерде


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Шайдулла Жолдубаевден келген материалды сунуштайбыз. Сынакка материалдарды кабыл алуу 30-июлда токтотулду.

Таӊ атып, айлана-чөйрө көзгө даана көрүнүп калган учур. Бишкектен бери өзгөчө бир жерге барарын билгендей, чарчаганын сезбей чимирилген темир тулпар Кайрагачтын өрүкзарын аралап, көз жеткис чоӊ өрөөнгө чыга келди. Шарип аксакал көөдөнүн кере дем алып, толкундана түштү. Рулду башкарып бараткан Пааша уулуна:

- Балам, ушул жерге токтотуп койчу, - деди.

Жолдун оӊ тарабында ”Исхак Раззаков атындагы Кулуңду колхозу” деген чоӊ жазуу алдына токтошуп, баары автоунаадан түшүштү. Шарип аксакал ойго баткан абалда:

- Ээ, балдарым,мындан 72-75 жыл мурун ушул өрөөнгө көз чаптырып, кайран Исхак Раззаков эмнелерди эӊсеп, эмнелерди ойлоду экен?, - деди жазууну сылай кармап. Анан сөзүн минтип улантты:

- Азыр бул өрөөндө канча түтүн эл жашайт. Орто мектеп, гимназия, оорукана, клуб, стадион, аскердик гарнизон жана башкалар бар. Бир мезгилде атагы чыккан миллионер колхоз да болгон.

Бир саамга унчукпай туруп, күтүүсүз суроо узатты:

- Дүйнөдө эӊ кымбат эмне?

- Дүйнөдө эӊ кымбат нерсе ата-эне да! Ата-энесиз ата журтуң да, мамлекетиң да жаралбайт! – деп шарт жооп берди Пааша.

-Ээ, абышкам, эң кымбат нерсе бул - ден соолук. Ансыз байлыгың, бийлигиң да бир жутум абага татыбайт, - деди Зуура апа үшкүрүп жер таяна отура.

-Туура айтасың, кемпирим, улгайган соң ден соолугуӊ көзүңө көрүнүп, анын кымбаттыгы баасыз экенине ынанат экенсиӊ.

Атасынын ойго батып турганын сезген тун уулу Кубан:

- Дүйнөдө эң кымбат нерсе бул – Ата мекен! Анткени Ата мекен үчүн эчен кыргындар, өмүрүн арнаган адамдар болгон!

-Ооба, балам, Ата мекенден ыйык нерсе барбы!

Аксакал жол жүргөндөн уюган тизелерин ушалай кобурады. Кайрадан Исхак Раззаков деген жазууну кармалап:

- Өлкөбүзгө ушундай адам керек! Элдин 30 жылдан бери алданып келаткан үмүтү агарган таңды күткөндөй болуп турат. Кудайым элибиздин үмүтүн колдой көр!

Машинеге отуруп, сөзүн кайра улантты:

- Жашоодо кымбат нерселер көп. Ал ыймандуу адамга өлчөмсүз берилген. Ыймандуулуктун өзү - кымбаттыктын туу чокусу. Ал эми ыймансыз адам - алсыз жан. Ыймандуулуктан чындык жаралат. Ал эми чындык жаралган жерде өнүгүү, өсүү, абийир, ар-намыс, мекенге, адамга болгон сүйүү сөзсүз жаралат! Булардын баары бири-бирине жуурулушкан бир бүтүндүк! Бири-бирин толуктап турат. 30 жылдан бери бизден качып кеткен чындыкты караӊгыда шам чырак менен издегендей издеп келебиз. Жылтырап көрүнгөн эле сыяктуу.

Балдарым, мекен, ата-эне, ден соолук, абийир, ыймандуулук, чындык деген түшүнүктөрдү да өзүнө багындырган дагы бир нерсе бар экенин унутпагыла. Ал убакыт! Убакыттан уттурсаӊ, күтүлбөгөн терс көрүнүштөргө дуушар болосуӊ.

Алыска барбай эле мамлекетибизге көз чаптыргылачы. Убагында керектүү жумуштар аткарылбагандыктан, өлкөбүздө канчалаган кандуу окуялар болуп кетти. Баарынан да өкүнүчтүүсү, 30 жылдан бери билим берүүгө тиешелүү деӊгээлде көӊүл бурулбай келди.Мамлекеттик өнүгүүнүн рычагы, ыймандуулуктун башаты, чындыкты жаратуучу бул мыйзам эмес, тарбия, билим экенине өзгөчө маани берүүгө мамлекетибиз суусап турат. Туура тарбияланган коом коррупцияны өзү сүрүп чыгарат. Айлык алуу үчүн эле эмес, коомго ыймандууларды тарбиялаймын деген педагогдорду тандоо зарылдыгы турат. Ал үчүн чындыкка тике карап, күрөшүү керек да!

Эсиӊерде болсун, балдарым, чындык - ийгиликтин башаты. Убакыт менен чындыкты айкалыштыра алып жүрсөӊөр, Исхак Раззаков атаңардай эл алдында да, абийриңер алдында да жүзүңөр жарык болот.

Шайдулла Жолдубаев, пенсионер

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG