Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Пакистан: христиандарга каршы чабуул


Жардыруудан жаракат алгандар менен өмүрү кыйылгандардын туугандары Лахордун ооруканасына чогулду. 27-март, 2016-жыл.
Жардыруудан жаракат алгандар менен өмүрү кыйылгандардын туугандары Лахордун ооруканасына чогулду. 27-март, 2016-жыл.

Лахор шаарындагы ири теракт үчүн "Талибан" менен байланышкан топ жоопкерчилик алып, христиандарды атайлап бутага алышканын билдирди. Жекшембинин кечиндеги жардыруудан жетимиштей кишинин өмүрү кыйылып, 300дөй адам жаракат алды.

Жардыруу жекшемби күнү кеч кирип калган маалда өлкөнүн чыгышындагы Лахор шаарында, Гульшан-и-Икбал деп аталган коомдук парктын балдар ойной турган бөлүгүнө жакын жайгашкан автоунаа токтоочу жайында болду.

Ал учурда паркта эл котолоп, көбүнесе жергиликтүү христиандар үй-бүлөлөрү менен Пасха майрамын белгилөө үчүн чогулган кез эле.

Теракт пакистандык христиандар топтолгон жерде жасалгандыктан дароо эле ал түздөн-түз диний жүйөдөн улам болдубу деген жоромолдор чыккан.

Муну кандуу булоондон бир нече саат өткөн соң жардыруу үчүн жоопкерчилик алгандар өздөрү дагы ырасташты.

Жардыруу жасалган жер.
Жардыруу жасалган жер.

Пакистандагы "Талибан" кыймылына байланышы бар “Жамаат-ул-Ахрар” деген топтун билдиргенине караганда, алар Пасха майрамын белгилеп жаткан христиандарды атайлап бутага алышты.

Бул террорчул топтун өкүлү ошондой эле чабуул Пакистандын премьер-министри Навази Шарифге жолдонгон “салам дубай” экенин, кол салуулар улана берерин эскертти.

Учурда сегиз миллиондой киши жашаган Лахор шаары - премьер-министр Шарифтин саясий таянычы катары саналган Пенжаб провинциясынын борбору.

Лахордогу кызыл кыргын үчүн жоопкерчилик алган террордук топ аны кантип ишке ашырганын ачыктаган жок. Пакистан полициясынын болжолунда жардырууну жанкечти жасагандай. Дарыгерлердин айтымында, жардыруудан өмүрү кыйылгандар менен жаракат алгандар арасында аялдар менен балдар көп. Жардыруудан кеминде 69 кишинин өмүрү кыйылса, дагы 300дөй киши жаракат алды. Алардын канчасы христиандар экени так белгисиз.

Пакистандагы жардыруу 70тей өмүрдү жалмады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:04 0:00

Кандуу окуяга байланыштуу Пенжаб провинциясынын бийликтери үч күнгө аза күтүү жарыялады. Пакистан өкмөтү азырынча кандайдыр бир билдирүү менен чыга элек.

Ал эми президент Манмун Хуссаин кол салууну айыптап, окуяны Пакистандын көп конфессиялуу коомуна жик салуу аракети катары мүнөздөдү.

Жардыруудан кийин. 27-март, 2016-жыл.
Жардыруудан кийин. 27-март, 2016-жыл.

Жардырууну “коркоктордун” аракети катары АКШ да кескин айыптады.

“Кошмо Штаттар бул кыйың кезеңде Пакистандын өкмөтү жана эли менен бирге. Биз Пакистандагы жана аймактагы өнөктөштөрүбүз менен терроризмдин тамырын кыркуу үчүн иштешүүнү уланта беребиз”,- деп айтылат Ак үйдүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңеши тараткан билдирүүдө.

Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы, Папа Франциск жардырууну айыптоо менен Лахордо бейкүнөө адамдардын канын төккөн окуя Пасха майрамына кайгынын көлөкөсүн түшүргөнүн белгиледи.

Пакистанда азыркы өкмөт 2014-жылы өлкөнүн түндүк-батыш чек ара аймактарында "Талибанга" жана “ал-Каидага” каршы ири чабуул баштагандан бери согушкерлердин кыянатчылыктарынын жалпы деңгээли басаңдаган.

Ага карабастан радикал топтор маал-маалы менен ири кол салууларды жасоого мүмкүнчүлүк алууда.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG