Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:03

Обама менен Путин Украинаны талкуулады


Барак Обама менен Владимир Путин.
Барак Обама менен Владимир Путин.

АКШ президенти Барак Обама мөөнөтү аягына чыкканга чейин Украина жаңжалын сүйлөшүү менен жөнгө салууну кааларын билдирди. Бул маселени ал Перу саммитинде орус президенти Владимир Путин менен кыска жолугушууда көтөргөн. Президент Обама Сирия чатагы боюнча оптимисттик маанайы жок экенин билдирди.

Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама Перуда өткөн Азия-Тынч океан экономикалык кызматташуу саммитине катышты. Саммиттен кийин маалымат жыйынында Обама январь айында президенттик мөөнөтү бүткөнгө чейин Украин жаңжалын сүйлөшүү менен жөнгө салууга жетишүүнү көздөрүн билдирди. Сирияда жүрүп жаткан жарандык согуштун күчөшү үчүн Орусия жана Иранды айыптады.

Барак Обама 20-ноябрда Перу саммити учурунда орус президенти Владимир Путин менен жолугушуп, Украина боюнча “бир келишимге жетишүү керектигин” билдирген. “Мен аны сүйлөшүүгө катышып жаткан адамдарына Франция, Германия жана Украина менен иштешип, менин мөөнөтүм бүткөнгө чейин эмне кыла аларыбызга карап көрүүгө чакырдым”,- деди Барак Обама.

Украина жаңжалын жөнгө салуу Барак Обаманын Европа Биримдигине сапарында да талкууланганы кабарланган. АКШ президенти Перуга Берлинден кийин келген. Чыгыш Украинада 2014-жылдан бери өкмөттүк күчтөр менен жикчилдер ортосунда уруштар токтолуп, кайра улантылып келатат. Минскиде жетишилген келишимдерге карабай эки тарап ортосунда ок атышуулар жана Минск келишимин аткарбай койгондугу тууралуу бирин бири айыптоолор да токтой элек.

Кошмо Штаттар менен Орусиянын Украина менен катар Сирия боюнча да чоң карама-каршылыктары бар.

Барак Обама Перудагы кыска жолугушууда Сирияда жаңжалды саясий жол менен чечүүгө басым жасоого орус президентин чакырганын айтты:

- Президент Путинге байланыштуу айтсам, мен аны менен кенен жолукпадым. Сессиялар аралыгында гана кыска сүйлөшүп калдык. Ал сүйлөшүүнүн маңызы аны менен бир нече ай мурда сүйлөшүүлөргө окшош болду. Асад режими жана Орусиянын Алеппо калкына чабуулдарына, ал жердеги кан төгүүлөргө терең тынчсызданууларыбызды билдирип, гуманитардык максатта ок атууну токтотуу жана жаңжалды саясий жол менен чечүүгө багыт алуу зарылдыгын көрсөттүм.

Сирия согушун токтотуу максатында Улуттар Уюмунун Сирия боюнча элчиси Стефан де Мистура Дамаскиде Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем менен 20-ноябрда сүйлөшүү өткөрдү. Анда Мистура согуш жүрүп жаткан Алеппонун чыгыш жагына автономия берүүнү сунуштаган. Сириянын тышкы иштер министри аны четке кагып, аны “эгемендүүлүктү бузуу” катары баалаганын Стефан де Мистура айтты:

- Сирия өкмөтү менен эки башка көз карашта болдук. Министр ал-Муалем Алепподогу азыркы бийликти калтыруу боюнча сунушту толук четке какты. Мен, БУУнун ичинен же сыртынан бирөө-жарым Сириянын улуттук эгемендүүлүгүн күмөнгө ала албайт, мен ал принципти урматтайм деп жооп бердим. Бирок экинчи жагынан алганда, Алепподогу кырдаал өзгөчө кырдаал болуп жатат. Мунун баары абалдан чыгуу үчүн убактылуу чара катары сунушталды. Мына ошону менен чектелдик.

Алепподо өкмөттүк күчтөр чабуулун күчөткөнү кабарланды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жоочулар көзөмөлдөгөн Алеппонун бөлүгүндө ооруканалар бүтүндөй жабылганын билдирди. Сирия активисттери 15-ноябрдан бери 103 киши набыт болгонун маалымдады. Сириянын өкмөттүк маалымат каражаттары жоочулардын мектепти аткылоосунан сегиз адам набыт болгонун, алардын дээрлик баары балдар экенин билдирди.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG