Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:43

Бишкекте ислам дининдеги үй-бүлө маселелерин, аялдар укугун талкуулаган эл аралык илимий жыйын өттү.

25-ноябрда өткөн конференцияда Иран, Өзбекстан жана Кыргызстан окумуштуулары ислам дининдеги аял менен эркектин укуктары, үй-бүлөдөгү мамилелерди чечмелешти.


Ислам эрежелери менен гендердик теңчилик чечилеби?


Ирандагы Табаи университетинин окутуучусу Махмуд Реза Пасбан Кыргызстанда айрыкча исламдын аялга жана үй-бүлөгө мамилеси тууралуу жаңылыш пикирлер бар деп эсептейт. Маселен, үй-бүлөлүк мамилелерде аялдарды эркектерден төмөн көрүп, анын эркиндиктерин чектөө ислам динине жат:

- Дүйнөдөгү бардык цивилизациялар, диндер сыяктуу эле исламда да аялдардын адамзат жашоосундагы ордуна өзгөчө маани берилген. Бул жөнүндө Куранда көптөгөн аяттар бар. Муну менен катар эл аралык конвенциялар менен өлкөлөрдөгү мыйзамдар жыныстык өзгөчөлүктөн улам аялдарды кордоого тыюу салган. Тилекке каршы, бул мыйзамдарга, эрежелерге карабастан дүйнөдө, өзгөчө ислам динин тутунган өлкөлөрдө аялдардын укуктары корголбой келет. Мисалга Ооганстанда талибдер башкарып турган учурду, же Сауд Аравиясындагы аялдар менен эркектердин ортосунагы укуктардын теңсиздигин айта алабыз. Бул өлкөлөрдө аялдар унаа башкаруу үчүн айдоочулук күбөлүк алуу, шайлоо жана шайлануу укугунан ажыратылган. Муну акыйкаттыктын бурмаланышы катары саноого болот.

Ирандык окумуштуунун жүйөөсүнө караганда, исламдын эрежелерин сактоо менен гендердик теңчилик, үй-бүлөдөгү теңдик мамилеге жетишүүгө болот.


Чала молдо дин бузат


Илимий жыйындын катышуучулары Кыргызстандагы көп аял алуу, нике маселелери жана жоолук салынууга байланышкан талаштар да исламды жаңылыш чечмелөөдөн улам чыгып жатканына көңүл бурушту.

Исламдагы үй-бүлө мамилелерин изилдеген социолог, профессор Саида Нурова калктын ислам тууралуу тайыз түшүнүгүн айрымдар өз пайдасына колдонуп жатат деп эсептейт:

- Мусулманчылыкты аялдарга жаман мамиле кылат, эркектер өз билгенин жасайт деп жаманатты кылып жатышат. Чын-чынына келгенде коомду оңдоо үчүн Кудайга чындап ишенип, Куранды жана исламды үйрөнүү абзел. Азыр бизде динди эч ким билбейт. Мындан улам «чала молдо - дин бузарлардын» айткандары менен болуп жатабыз. Анын үстүнө азыркы коомубуз оорулуу болуп турат. Ушундай мезгилде аны дарылоо жана оңдоо үчүн дин чоң салым кошот.

Кыргыз коомунда бир жагынан ислам дөөлөттөрүн алга сүрөгөн күчтөр менен катар ага каршы турган топтор ачыкка чыга баштады. Маселен, социология илимдеринин кандидаты Топчугүл Шайдуллаева исламдын эрежелери адам укуктарын корголушун жана гендердик теңчиликти камсыз кылат дегенге ишене бербейт:

- Мындай радикалдуу кадамдарды жасаардан мурда кыргыз элинин аң-сезимине ислам канчалык сиңген, ал кандайча сиңген деген суроолордун үстүнөн ойлонушубуз зарыл. Ошол эле учурда Кыргызстандын мамлекет катары өнүгүү багыты кайсы жолдо экенин да эстен чыгарбоо зарыл. Мына ушунун баарын таразалап туруп, анын баалуу жагын алсак болот. Ошол эле учурда ислам десе эле аны саясатташтырып, анын мыйзамдары менен принциптерин мамлекеттик башкарууга, стратегиялык багыттарга байлап, таңуулап алганга акыбыз жок.

Кыргызстан мусулмандары адатта исламдын сүннөт (суни) багытын тутунат. Ошондуктан шиит багытын тутунган ирандык окумуштуулардын кеңештери канчалык орундуу деген суроо жаралат.

Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалилов айырмачылыктарды мындайча чечмелеп берди:

- Кыргызстанда сүннөт багытандагы мусулмандар, ал эми Иранда болсо шиит багындагы мусулмандар жашайт. Негизинен жалпы баалуулуктар боюнча, маселен, аялды урматтоо деген маселе боюнча көз караш бирдей эле. Бирок ислам укук таануусунда бир аз өзгөчөлүктөр бар. Ошондуктан жалып баалуулуктарды кантип ишке ашырабыз деген маселеге келген учурда чеберлешибиз керек.

Кыргызстанда исламга ыктагандардын саны арткан сайын бул диндин тегерегинде коомдук талкуу да күч алды. Кыргыз коомунда кыздар хижаб жамынганы, мамлекеттик каттоону кыйгап өтүп, мечитте нике кыюу, көп аял алуу сыяктуу маселелер күн сайын кызуу талкуу чордонунда турат. Быйыл эле парламентте намазканага уруксат берилди, азыр болсо президенттин ант берүү текстине Кудай деген сөздү кошуу керекпи-жокпу деген маселе талкууга алынууда.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG