Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:03

Тажикстанга караган Жерге-Тал районунда кыргыздардын дээрлик баарынын тууган-туушкандары Кыргызстанда. Канча адам менен баарлашсаңыз да, көбү бак-шактуу үй-жайын таштап, баса бергени тургандыгына күбө болосуз.

Алардын бири саймачы Дилбаркан Исаеванын зоокалуу Депшаар айлындагы үйүндө Жаңыл Жусупжан болуп кайтты.

Жерге-Тал районунда кыргыздардын саймасын башка аймактардыкы менен чаташтыруу мүмкүн эмес. Район борборунда жердиги жалтырак кездемеге сайышат. Ал эми Лакшы тарабында, Кыргызстан менен чек арага жакын айылдарда, кадимки эле чыт, сурпка жыш кылып, килем сайгандай кооздоп сайышат.

Дилбаркандын кол эмгеги

Дилбаркандын кол эмгеги

Дилбаркан Исаева: Мен Жерге-Талдын Мөк айылынан болом. Азыр кырк төрттөмүн, күйөөм кырк алтыда. Ушул Депшаар айлына турмушка чыкканыма 25 жыл болду. Жашоом жакшы, күйөөм жакшы, эки уулум, үч кызым, үч неберем бар. Эң бир жакшы, адептүү, маданияттуу, жакшы тартиптүү балдарым бар. Кыздарым да бактылуу, экөө үй-бүлөлүү, бирөө тогузунчу класста окуйт. Өзүм болсо үйдө дыйканчылык, үйдүн жумушу мененмин. Бошоп калганда сайма сайып, ушинтип жашап жатабыз. Күйөөм жакшы, кадырыма жеткен, айтканымды кылат. Мен да анын айтканынан чыкпайм. Биз ушинтип ынтымакта тең карып дегендей... балдарыбызга дагы ошол максат менен жакшы той кылалы дейбиз. Эки уулум окуйт. Кичүү кызым калган, ошону колубуз менен чыгарып (кол менен турмушка узатып), кемпир-чал болуп отурганды каалайбыз.

Жаңыл Жусупжан: 40тан ашканда эле абышка, кемпир болсок деп тилейсиңерби?

Дилбаркан Исаева: Ооба, карылыкты ким тилебесин, тилейт да, кары болуп жашасак, жакшы күндөрдү көрсөк, тилегим ошол. Кыштагыбыз ушундай кичинекей, он эки кожолук бар.


Жаңыл Жусупжан: Депшаарда орто мектеп жок экен, уулуңар кайда барат?

Дилбаркан Исаева: Балам ылдыйдагы Сары-Кенже деген айылда окуп жатат. Ал тарапты Лакшы деп коебуз. Окуп бүтсө Бишкекке барып, Ислам университетине кирем деп жатат. Чоң балам Бишкекте англис тилин окуйт, азыр 3-курста.

Жаңыл Жусупжан: Балдардын баарын акырындап Бишкекти көздөй жылдырып, жылдырып, акырында өзүңүздөр да кетсек деп турасыздарбы?

Дилбаркан Исаева: Эки баламдын экөөнө тең Бишкек жаккан, максатыбыз - балама ошол жактан үй алып беребиз го.

Дилбаркан кызы, өмүрлүк жолдошу, уулу менен

Дилбаркан кызы, өмүрлүк жолдошу, уулу менен

Жаңыл Жусупжан: Бишкек силерге жагабы?

Дилбаркан Исаева: Жагат. Тууган-уругумдун баардыгы Кыргызстанда жашайт. Мен он бир бир тууганмын, беш уул, алты кызбыз. Бул жакта бир агам, бир иним, бир эжем бар, калгандары баары Бишкекте турушат.

Жаңыл Жусупжан: Кыздарды бул жакка таштайсыңарбы?

Дилбаркан Исаева: Кыздарымдын күйөөлөрү макул болсо алып барышат, макул болбосо калышат, кыз бала бирөөнүн бүлөсү, эмне кылабыз?.. Ошон үчүн кичүү кызымды алып кетип, ошол жактан турмушка берсем деймин.

Жаңыл Жусупжан: Бул жакта айдоо жерлериңер бар экен, тамарка, мал дегендей. Бардык оокатыңыздар жетиштүү. Бал кармайт экенсиңер. Ошонун баарын кимге таштайсыңар?

Дилбаркан Исаева: Кичүү уулумду бул жакта калса десек, ал деле кеткиси келет. Ал жакка да барабыз, бул жакка да келебиз...

Жаңыл Жусупжан: Үйдү кимге таштайсыңар?

Дилбаркан Исаева: ...коңшу, туугандарыбызды киргизип коебуз, карап турат да.

Жаңыл Жусупжан: Силердин кол эмгегиңерди карасам, укмуш сонун саймаларды сайат экенсиңер. Аттары барбы?

Дилбаркан Исаева: Мунусу “зар” деп аталат, мунусу аппак сурпка (сурп, же сулп - чытка окшош кездеме) тигилген, бул да “зар”.

Жаңыл Жусупжан: Чытта сайылса да, тегиз жана жыш болгондуктан, килемдей эле көрүнөт экен. Деги канчада бүтүрөсүңөр?

Тууган-уругумдун баардыгы Кыргызстанда жашайт. Мен он бир бир тууганмын, беш уул, алты кызбыз. Бул жакта бир агам, бир иним, бир эжем бар, калгандары баары Бишкекте турушат.

Дилбаркан Исаева: Эгер жакшы тигип бүтүрөм десең, жалгыз отуруп жыйырма күндүн ичинде бир жулпуну (жаздыкты) тигесиң (саясың), мына бул пайы (түгөйү) менен. Жаздык, жууркандар кызыма сепке даярдалган. Сеп даярдаш эненин милдети, сайма илгертен калган салтыбыз. Мен бошой калсам эле сайма сайам. Кыздарымды, сиңдилерди баарын турмушка чыкканда сайма берип узаткам.

Жаңыл Жусупжан: Бул жер шаардан алыс, тоонун чокусу, Коммунизм чокусунун этеги экен, киши жок, свет жок, кышкысын зериккенде септи даярдап коет турбайсыздарбы?

Дилбаркан Исаева: Ооба, кышында бекерчиликте кирип-чыгып, бошой калсаң тиге коесуң. Мына бул саймаларды энем мага сепке берген.

Жаңыл Жусупжан: Кыздар сайма сайышабы?

Дилбаркан Исаева: Жок, кыздарым мени тартышкан эмес, мен аябай саймага кызыкчымын.

Жаңыл Жусупжан: Кичинекей кезиңерде жашооңуздар кандай болот деп элестетиңиздер эле?

Дилбаркан Исаева: Балалык кезиңде эчтеке эсиңе келбейт экен. Турмуш кандай экенин билбейсиң. Ата-эненин кадырын балалуу болгондон кийин билип, кадырына жаңы жеткенде ата-энең өлүп калат экен. Ата-энең өлгөндөн кийин өзүңдүн жолдошуңа, балдарыңа сүйөнүп калат экенсиң. Дилиң, дүнүйөнүн кызыкчылыгы - балдарың, жолдошуң, бир туугандарыңда болуп калат экен.

Жаңыл Жусупжан: Мектепте окуп жүргөндө силерди куудул болгон дешет го?!

Дилбаркан Исаева: Куудулду жаш кезиңде аткарат экенсиң да, азыр эми...

Жаңыл Жусупжан: Таштап койдуңарбы?

Дилбаркан Исаева: Таштап койдук.

Жаңыл Жусупжан: Бишкекте болсоңор балким сахнага чыгып, куудулдардын арасында жүрмөксүңөр?!

Дилбаркан Исаева: (күлүп) Балким. Кимдин суусун сууласаң, ошонун ырын ырда дегендей кеп да.

Дилбаркандын короосу

Дилбаркандын короосу

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG