Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:57

Орусия доллардан баш тартууга камынууда


Орусия Кытайдын валютасы юань менен иш жүргүзүүгө кам көрө баштады.

Орусия Кытайдын валютасы юань менен иш жүргүзүүгө кам көрө баштады.

Батыштын санкцияларына кабылган орус ишканалары эл аралык каржы операцияларын доллар менен эмес, Кытайдын юаны менен жүргүзүүгө кам көрө башташты. Африкадагы кытайлык мигранттардын саны миллионго жетти.

Чет өлкөлөр менен иш жүргүзгөн орусиялык ишканалар келишимдерин жана соодасын Кытайдын улуттук акчасы юань жана башка азиялык валюталарга өткөрүүгө даярдык көрүшүүдө. The Financial Times гезити кабарлагандай, Батыштын бир нече санкцияларына кабылган Орусия үчүн доллар менен иш жүргүзүү барган сайын татаалдашы мүмкүн. Эл аралык соода – Американын улуттук акча бирдиги менен жүргүзүлөт.

Германиянын Дойче Банкы кабарлагандай, соңку жумаларда азиялык валюта рыногуна көптөгөн орус корпорацияларынын кызыгуусу артты. Орусиянын ири компаниялары юань жана башка азиялык акча бирдиктеринде каржы операцияларын жүргүзүүнү жана Азиянын финансы борборлорунда туруктуу өкүлчүлүк ачууга камынып жатканы маалым болду. Орус банктары дагы доллардан тыш валюталар менен иш алып барууга даярдана баштады.

Деген менен, ири орус банктары валюталык операцияларды кеңейтүү жана долларга болгон көз карандуулукту жоюу Батыштын санкцияларына байланыштуу эмес деген пикирди карманып келет. ВТБ банкынын төрагасы Андрей Костин эл аралык эсеп-кысапты, сооданы жана каржы операцияларын рубль жана юань менен жүргүзүүгө даярдыктар май айынан бери приоритеттик тапшырма болуп келгенин билдирди.
Юань – Кытайда реньминьби деген ат менен белгилүү.

Юань – Кытайда реньминьби деген ат менен белгилүү.

​Орусиянын Батыш менен алакалары катаалдашканы эл аралык товар жүгүртүүгө терс таасирин бериши мүмкүн. Ошондуктан Орусия Азияга ыктап, Гонконг доллары, Кытай юаны жана Сингапур доллары өңдүү валюталар менен финансылык операцияларды жүргүзүүгө ынтызар. Экономикалык санкциялардын айынан орус компаниялары Батыштын ири каржы базарларынан насыя алуусу татаалдашып, март айынан бери европалык жана америкалык банктар орус ишканаларына берген карыз көлөмү болуп көрбөгөндөй азайды.

Дүйнө жүзүндө америкалык MasterCard жана Visa төлөө системалары кеңири тараган. Орусияда бул пластикалык карталар менен төлөө кадимки көрүнүш жана көптөгөн орус компаниялары аталган эки төлөө системаларына көз каранды. Санкциялардын айынан, Орусиянын борбордук банкы өзүнүн улуттук төлөө системасын иштеп чыгууга киришти.

Айрым адистер болсо орус каржы бийликтеринин бул аракеттерин колдошту. Каржы операцияларында, соода тармагында жана төлөө системасында колдонгон валютаны диверсификациялоо – жакшы жараян деп белгиледи атын атагысы келбеген европалык банкир. "Газпром" жана "Норильский никель" ири компаниялары доллардан тыш валюта менен соода жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жатканын кабарлашты.

Кытай мигранттары Африкага агылууда

Акыркы 20 жылга жакын убакытта Кытай Африкага миллиарддаган доллар инвестиция салды. Кытайдын мурдагы жетекчиси Цзян Цзэминь 1996-жылы Кытай-Африка кызматташтык форумун түзгөндөн бери кара континентке көрсөтүлгөн жардам көлөмү эки эсеге көбөйгөн. Андан бери Кытай Африканы өнүктүрүү үчүн беш миллиард доллар берген, чөлкөм өлкөлөрүнүн карызын кечкен, соода жана экономикалык аймактарды түзгөн, 30 оорукана жана 100 мектепти курган жана 15 миң африкалыкты окуткан. Ал эми Кытайдын Экспорт-импорт банкы Африкага 67.2 миллиард доллар насыя берген.

Кытайдын акчасы менен бирге Африкага кытайлык мигранттар агылууда. Бул тууралуу “Кварц” порталы кабарлады. Акыркы маалыматка ылайык, 2001-жылдан бери кара континентке миллиондой кытайлык өз алдынча көчүп келген. Алардын көбү Гана, Замбия, Малави, Мозамбик, Намибия, Сенегал жана Танзанияда. Кыргызстандагыдай эле, жергиликтүү калк кытайлыктар жумуш орундарын тартып алууда деп нааразы.
Мурдагы жетекчиси Цзян Цзэминь кытайлыктарга Африкага жол ачкан.

Мурдагы жетекчиси Цзян Цзэминь кытайлыктарга Африкага жол ачкан.

Мисалы Гана, Малави, Намибия, Сенегал жана Танзанияда жергиликтүү африкалыктар көп ирет нааразылык акцияларын уюштурган. Замбиянын өкмөтү болсо кытайлыктарга өлкө экономикасынын кирешелүү тармактарын алдырып койду деп сынга кабылды.

Андан сырткары, Кытай дүйнөдөгү эң жакыр он өлкөгө кирген Мозамбикте 65 миллион доллардык футбол стадионун салып берген. Стадионду курууга жергиликтүү калк ишке тартылбаганы көптөгөн чыр-чатактардын очогу болгон. Адистердин пикиринде, келерки 10 жылда Африкадагы кытайлыктардын саны беш миллионго жетиши мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG