Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:24

Москвада ксенофобияга каршы митинг өттү


Москвадагы митинг, 26-декабрь.
Москвадагы митинг, 26-декабрь.

26-декабрда Пушкин аянтына чогулган эки миңге чукул адам «Фашизмге жол жок!», «Орусия – баарыга!» деген ураандарды кыйкырып турду.

Митинг учурунда кыйла таанымал коомдук ишкерлер сүйлөштү. Алардын арасында Виктор Шендерович, «Химки» токоюн коргоочулар кыймылынын лидери Евгения Чирикова, жазуучу Мариэта Чудакова, учак сыноочу Магомед Толбоев жана башкалар болушту. Митинг өткөрүү мүдөөсү 11-декабрда Манеж аянтында чыккан башаламандыкта улутчулдар жана футбол күйөрмандары менен милиция кагылышынан бир нече киши жараат алгандан соң пайда болгон.
Москвадагы митинг, 26-декабрь.

Пушкин аянтына чыккан кишилер арасында болгондуктан, мага келген жарандар эсеби он миңдей сезилди эле. Бирок агенттиктер таркаткан маалыматтарда 2 миңдин тегерегинде эсеп жүрөт. Кандай болгондо да күндүн суугу, жердин тайгактыгына карабай эл чогулуп, өлкөдө кулач жая баштаган улутчулдук, алардын катарында фашисттик жааттын артып баратышына каршы тургандар жыйыны болду.

Алар 11-декабрда Кремлдин кызыл сепили алданда фашисттик айкырыктар коштоосу астында улутчул жааттын өңүнө карап жек көрүүгө, мигранттар менен теги кавказдыктарга каршы чакырык таштоосуна нааразылык билдирип турду:

- Фашизмге жол жок! Фашизмге жол жок!

Митинг өткөрүү демилгесин интеллигенттер жааты көтөргөн. Сөз сүйлөгөндөр арасында жазуучулар: Виктор Шендерович, Мариэта Чудакова, Дмитрий Быков, Алексей Симонов, кинорежиссерлор: Генриета Яновская, Павел Бардин, академик Юрий Рыжов, музыкачы Тимур Шаов, саясий ишкер Андрей Нечаев жана башкалар болушту.
Москвадагы митинг, 26-декабрь.

Маселен, таанымал учкуч Магомед Толбоев айтымында:

- Орусия бактылуу болушу - Кавказ, Татарстан, Башкортстан кубаттуу болгондо, тувалыктар, камчадалдар, Сахалинде жашаган элдерибиз бактылуу болгондо ишке ашат.

Митинг учурунда өз кесиптеринде аттын кашкасындай чыгаан адистер: Чулпан Хаматова, Евгений Миронов, Дмитрий Муратов, Евгения Чирикова, Владимир Мирзоев, Леонид Парфенев, Вадим Абдрашитов, Лео Бокерия жана башкалар болду.

Алардын бири Мариэта Чудакова мындай сөз сүйлөдү:

- Ар бир адамдын жашоосунда жанына батып, тутулуп калган учуру болот. Кысым босогоңо келип, эшикти ургулап калган учур болот. Ошондой учур азыр бизге келди. Фашисттик күчкө жол бербей турганыбызды билдирүүгө кез келди!
Москвадагы митинг, 26-декабрь.

26-декабрдагы демократиялык маанайдагы митинг москвалыктардан он миңдеген колдоо таппаса да улутчулдук менен фашизмге каршы күрөшө тургандыгын жазуучу Дмитрий Быков айты:

- Биз акылы бөксө, көзүнөн жаалы төгүлгөн, санда жок немелерге Орусияны ушулардыкы туура дешке эч качан жол бербейбиз!

Митингге келгендер арасында мигранттар абалын коргогон да ураандар болду. Милиция менен кагылышуу болгон жок. Акция бийлик уруксаты менен уюшулган эле.

XS
SM
MD
LG