Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:12

Евробиримдик-Орусия: мамилелер дагы бир тепкичке көтөрүлдү


Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна өтүү жолунда тоскоолдуктар көп.
Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна өтүү жолунда тоскоолдуктар көп.

7-декабрда Брюсселде башталган Евробиримдик-Орусия саммитинин алдында биримдиктин комиссия мүчөсү, соода байланыштары боюнча жетекчи Карел де Гюхт менен Орусиянын экономика министри Элвира Набиуллина меморандумга кол коюшту.

Дүйнөлүк соода уюмуна 153 өлкө мүчө. Алардын катарында Кыргызстан да бар. Орусия Дүйнөлүк соода уюмуна өтүүгө 17 жылдан бери аракет жасап келатат. Эми буга чейин тил табыша албай келе жаткан маселелер боюнча тараптар мунасага келгени кабарланууда.

Евробиримдиктин жетекчиси Херман ван Ромпей, Еврокомиссиянын жетекчиси Жозе Мануэл Баррозу жана Орусиянын президенти Дмитрий Медведев кабыл алынган меморандумду “тарыхый” деп баалашты.

Быйыл октябрда АКШ Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмга мүчө болушун колдой турганын. Уюмга мүчө болуу үчүн коюлган шарттардын бир тобун Москва дагы да аткарары айтылат.

2008-жылы Орусия менен Грузиянын ортосунда тиреш болуп, мунун натыйжасында Евробиримдик менен Орусиянын мамилеси сууп кеткен. Грузин өкмөтүнүн маалымат кызматынын жетекчиси Нико Тедиашвили буларды айтат:

- Грузиянын көз карашы өзгөргөн жок. Грузия мурдагыдай эле Орусиядан Абхазия менен Түштүк Осетияга өтчү тосмону алып таштоону талап кылат.

Эгерде Орусия бул талапты аткарбаса расмий Тбилиси Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуусуна каршы чыгары маалым. Мындан сырткары Орусия менен Евробиримдик виза маселесинде мунасага келе албай жатат. Орусия биримдикке мүчө өлкөлөргө визасыз келүүнү кааласа, буга Европа өлкөлөрү каршы. Орусиялык эксперт Александр Коновалов “визаны алып таштоо Европа Орусияны да өздөрүндөй эле өлкө деп таанууга барабар болот” деген пикирде.

Ошондой эле Евробиримдик коомдук тартип жана коопсуздук маселесин кабыргасынан коюп келет. Мунун алкагында расмий Москвага уюшкан кылмыштуулук, террорчулук жана паракорчулук менен күрөштү жакшыртуу талабы коюлган.

Эл аралык саясий талдоочулардын баамында, тараптардын ымаласынын жакшырышы НАТО менен Орусия ортосундагы мамилелердин оңоло башташына байланыштуу болууда. Брюссел университетинин окутуучусу Нина Башкато буларды айтат:

- Бул жолку саммиттин жемиштүү өтүшү НАТО менен алаканын жакшыра башташына байланыштуу болду. Дегеле Орусия менен Батыштын алакасы дагы бир тепкичке көтөрүлдү.

XS
SM
MD
LG