Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:11

Орусияда аялдарга аборт жасатууга тыюу салуу жана таштанды балдар үчүн даярдалган бэби-бокс кутуларын жоюу боюнча даярдалган эки мыйзам долбоору кызуу талкууга түштү. Адистер бул мыйзам долбоорлор кабыл алынса, Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттарга да таасири тиерин айтышат.

Сунушталган мыйзам долбоорлору

Орусияда аборт жасатууга толук тыюу салуу демилгесин Москва жана бүткүл Орусия чиркөөсүнүн патриархы Кирилл өткөн жумада көтөрүп чыкты. Патриарх дары-дармектер жана хирургиялык жол менен түйүлдүктү бойдон түшүрүүгө, ошондой эле бойдо болтурбоочу каражаттарды колдонууга каршылыгын билдирди. Ал аборт жасатуу мамлекеттин эсебинен каржыланган милдеттүү медициналык камсыздоо системасына кирбеши керек деген сунушун да айткан. Православ чиркөөсүнүн лидеринин сунуштарын Орусиядагы Жогорку муфтийлер кеңеши да колдогон.

Патриарх Кирилл

Патриарх Кирилл

Ошол эле маалда Орусиядагы балдар акыйкатчысы Анна Кузнецова өлкөдө балдардын төрөлүшүн көбөйтүү максатында Федерация Кеңеши таштанды балдар үчүн даярдалган үкөктөрдү алып салууну колдогонун айтып чыкты.

Орусияда бул эки мыйзам кызуу талкууга түшүп турган кез. Укук коргоочулар менен медицина кызматкерлери мындай өзгөртүүлөр өлкөдө, тескерисинче, аялдар менен ымыркайлардын өлүмүн көбөйтөрүн белгилешүүдө.

Мигранттарга таасири кандай болот?

Москвадагы кыргызстандыктардын ооруканасында иштеген акушер-гинеколог Маизбүбү Бердибекова абортко тыюу салуу мыйзамы Орусияда кабыл алынса, кыргызстандык мигрант аялдарга да таасири тиет деген ойдо:

- Үй-бүлөнү пландаштыруу деген нерсе кыргыздардын арасында жокко эсе. Ушул мыйзамдардын кабыл алынышы тууралуу уккандан бери бизге келген кыз-келиндерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатам. Абортко каршы мыйзам кабыл алынып калса, мыйзам алдында жооп берип калышыңар мүмкүн, алдын ала абайлагыла деп. Ар кандай дарыларды алып ичип, кансырап келген келиндер бар. Эми мыйзам кабыл алынса, мурунку совет маалындай криминалдык аборт деген күчөйт. Баладан кутулуу үчүн аялдар эмнеге гана барышпайт. Бул жактан бир тараптуу аялдарды эле күнөөлөгөнгө болбойт. Эркектер да жоопкерчиликти сезиши керек.

"Мыйзамды колдойм"

Мигрант кыз-келиндер менен иштеген Урмат Байматова Орусияда бойдон алдырууга мыйзам чегинде тыюу салынса, жашыруун батирлерде мыйзамсыз аборт жасагандардын дагы ишмердүүлүгү көзөмөлгө алынат дейт.

- Мен бул мыйзамдарды 100 пайызга эмес, 200 пайызга колдойм. Азыр, мисалы, биздин мигранттардын арасында батирлерде жашыруун бойдон алгандар толтура. Жакында эле өзүм полиция чакырып, аборт жасаган эки аялды салып бердим. Мыйзам кабыл алынып калса, бардыгы тыкыр көзөмөлгө алынып, мындай ишмердүүлүк токтойт. Токтотуш керек мындайды. Биринчи учурда ар кайсы бурчта бойдон алган догдурларга эскертүү берүү керек.

Урмат Байматова. Кыргызстандык келиндер таштап кеткен наристелердин бири менен. 2011-жыл

Урмат Байматова. Кыргызстандык келиндер таштап кеткен наристелердин бири менен. 2011-жыл

Укук коргоочу Валентина Чупик Орусиянын чоң шаарларында таштанды балдарга түнөктөр жоюлушу мүмкүн, бирок, Орусияда аборт жасатууга толук тыюу салууга мүмкүн эмес деген ойдо.

- Жалпысынан бул мыйзам долбоорлор борборазиялык мигранттарга таасир этпейт. Мисалы, Тажикстан менен Өзбекстандан келген мигрант келиндердин саны аябай аз. Ооба, аларга салыштырмалуу кыргызстандык мигрант кыз-келиндер көп. Бирок Орусиянын ичинде аборт жасаткан жана бала таштаган борборазиялык кыз-келиндер бир пайызды да түзбөйт. Орусияда бала таштагандардын көбү аракечтер, баңгилер же бейтаптар. Ошондой эле абортту көбүнчө үй-бүлөлүк материалдык шарты жок же баланын ичинде туура эмес өсүп жатканын билгендер гана кылышат. Чындыгында катуу ызы-чуу болуп жатканы менен бул мыйзам долбоорлорунун кабыл алынып, ишке киришинин өзү күмөн.

Орусияда быйыл эки миллионго жакын ымыркай төрөлгөн. Ал эми бойдон алдыруулардын саны 700 миңди түзгөн. Өлкөдө бойдон алдыруу мамлекеттин эсебинен каржылангандыктан, адистердин божомолдору боюнча мындай операцияга жылына 3,4 миллион рублга чейин мамлекеттик каражат жумшалат.

Орусияда абортко тыюу салуу мыйзам долбоору 2011-жылы да өкмөттө катуу талкууга алынып, бирок коомчулукта колдоо тапкан эмес.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG