Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

ЖЫЛ БАШЫНАН ТАРТЫП ОРУСИЯДА 11 МЕКЕНДЕШ КӨЗ ЖУМДУ


15-мартта Москва облусунун Ивантеевка шаарында 22 жаштагы кыргыз жаранын тапанча менен атып кетишти. Ушун менен жыл башынан тартып Орусияда иштеп жүргөн он бир кыргыз жараны киши колдуу болуп көз жумуп олтурат. Улутчул негизде көз жумган мекендештердин санынын арбып баратышы кыргыз бийлигинин көңүл сыртында калып жатат деген сын пикирлер канчалык негиздүү?

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Өзгөн районунун 22 жаштагы тургуну Таалайбек Койчумановду 15-мартка караган түнү белгисиз бирөөлөр колго жасалган тапанча менен атып, ал дароо көз жумган:

-Ага түнкү саат үч ченде үйүнөн чыгып бара жатканда кол салуу болгон экен. Маркумдун агасы бул жерде иштейт экен, ал ошол агасы менен жашачу экен. Маалыматтарга караганда,Т. Койчуманов “Русские колбасы” деген чакан ишканада иштечү экен, алар да маркумдун үйбүлөсүнө жардам беребиз деп жатышат.

Элчинин айтымында, эки жумадай мурун Орусияга жумуш издеп келген Таалайбек Койчуманов эмне себептен жана кимдердин колунан киши колдуу болгону белгисиз:

-Азыр эми так бир нерсе айтуу кыйын. Бир нече божомолдор айтылып жатат. Ок аткан адам психологиялык жактан оорулуу деген сөздөр да айтылып жатат. Азыр тергөө өзүнө керектүү процедураларды бүтүрдү, ошондуктан маркумдун сөөгүн мекенине алып кетүүгө уруксат алдык.

Учурда Ивантеев шарынын милиция бөлүмү кылмыш иши боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Бул кылмыштарды жеке көзөмөлүнө алганын Орусиянын Ички иштер министрлиги кабарлаган эле. Орусиянын Башкы прокуратурасынын маалыматына ылайык, Мытищи шаарында кыргыз жаранынын киши колдуу болушуна тиешеси бар деген шек менен беш адам кармалды, алардын төртөөсү бойго жете элек балдар.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган балдар скинхеддердин тобуна кирип, башка улуттагы адамдарга кол салуу максатын коюшканы аныкталды. Санкт-Петербургда киши колдуу болгон дагы бир кыргыз жараны Каныбек Жусуповдуг өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен беш адам кармалып, алардын төртөөсү камакка алынганы, калган кылмыштар боюнча тергөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.
Коомчулукта кыргыз жарандарынын киши колдуу болушуна өкмөт тараптан тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай жатат деген сын пикирлер да жок эмес.

Маселен “Жарандык коом коррупцияга каршы” уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова акча тапканы барып, ажалга кабылган жарандарга мамлекет тараптан колдоо көргөзүлбөй жатканына, мигранттардын коопсуздук маселеси өкмөттүн көнүл сыртында калып жатканына кейиди:

-Эмне үчүн кыргыз өкмөтү жоопкерчиликти түздөн түз мойнуна алып, милдеттерин аткарбайт. Мен үчүн бул ушунчалык өкүнүчтүү болуп жатат. Мен ойлойм, эгерде алар ушундай маселени азыр чечпесе кыргыз өкмөтүн сотко беришибиз керек.

Укук коргоочунун мындай сын сөздөрүнө Жогорку Кеңештин депутаты Мурат Жураев кошула албастыгын билдирди. Ал бул маселе парламентте каралганын белгилеп, тиешелүү чараларды мигранттардын коопсуздугуна, алардын укуктарынын корголушуна милдеттүү миграция боюнча мамлекеттик комитетти көрбөй жатканын белгиледи:

-Бул маселе парламентте каралганда да айтканбыз, мунун миграция боюнча комитети түздөн түз өз көзөмөлүнө алышы керек деп. Алар деген канча мигрант кайсы шаарга барып жатат, алардын коопсуздугу кандай болуп жатат-ушунун баарын ирээтке келтирип, бир каттоого алышы керек да. Алар жадагалса канча мигрант чет жакта жүргөнү тууралуу так маалымат бере алган жок.

Мурат Жураев ошондой эле Орусияда улутчул негизде кыргыздарга кол салуулардын күч алышынан саясат издөөнүн кажиети жоктугун кошумчалады:

-Үчүнчү күчтөр да бар деген сөздөр айтылып жатпайбы. Бул жерде кыргыз элине түздөн түз каршылык болуп жатат деп эсептебейм. Мындан саясат жасабаш керек.Болгону Орусияда ушундай көрүнүш болуп жатат.

Ал эми Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Жусупжан Жээнбеков, бул жаатта Орусияда эмгекетенген мигранттар менен коопсуздук, өзүн алып жүрүүнүн эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG