Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:14

Орус президенти Владимир Путин чет элдик жарандар орус армиясында кызмат өтөшүнө уруксат берген жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, 18ден 30 жашка чейинки чет элдик жарандар мындан ары беш жылдык келишимдин негизинде бул өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөй алышат.

Армияга жазылууну каалагандар, орус тилинде эркин сүйлөп, мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган болушу керек.

Аскерий аналитиктердин айтымында, буга чейин чет элдиктер орус жарандыгын алуу менен, же атайын документтердин негизинде гана кызмат өтөп келишкен. Алардын көбү мурдагы советтик өлкөлөрдөгү орус аскерий жайларына жиберилчү. Орусиянын Армения, Кыргызстан, Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдө аскерий базалары жайгашкан. Мындан сырткары эл аралык коомчулук тааныбаган Абхазия менен Түштүк Осетияда да аскердик бөлүктөрү бар.

Эми 2-январда күчүнө кирген жарлыкка ылайык, келишимдик негизде кызмат өтөгөн чет элдик жарандар башка аймактардагы аскерий операцияларга да тартылышы мүмкүн. Мындай чаралар орус жана эл аралык мыйзамдарга ылайык ишке аша турганы көрсөтүлгөн.

Орус бийликтери мындай жарлыктын Украинанын чыгышындагы окуялар менен эч байланышы жок экенин билдирүүдө. Бирок бир катар аналитиктер Украинадагы акыркы окуялар жана эл аралык коалициянын Ооганстандан чыгарылышынан улам бул чараны Кремлдин өз армиясынын кубатын чыңдап, таасирин күчөтүү аракети катары баалап жатышат. Буга чейин эл аралык коомчулук Украинанын чыгышындагы жикчилдерге орус аскерлери жардам берип жатат деп күнөөлөп келген. Бирок орус бийлиги муну четке кагып келатат.

Жарлык жарыялангандан көп өтпөй Орусияда эмгектенип жүргөн мигранттар арасында армияга жазылууну каалагандар арбын экени айтыла баштады. Маселен, “Азаттыктын” тажик кызматы жазгандай, бул өлкөнүн жүздөгөн жарандары орус армиясына кошулуу ниетин билдирүүдө. Алардын бири, 20 жаштагы тажик жараны Орусияда мигрант болгончо аскерде кызмат өтөө жогору экенин айтат:

- Орусияда мигрант болуп жүргөндөн көрө армияда жакшы шарттар түзүлсө, кызмат өтөө жүз эсе жакшы. Эгер акы төлөнсө анда абдан жакшы болот. Мен сыяктуу көптөгөн жаштар буга даяр деп ойлойм.

Москвадагы кыргызстандыктардын “Кыргыз биримдиги” уюмунун төрагасы Абдыганы Шакировдун айтымында, жүздөгөн кыргыз жарандары мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калууну каалайт:

- Биз жарлык чыкканы бул жактагы кыргызстандыктар менен жолугуп, сүйлөшүп жатабыз. Көпчүлүгү эле аны колдоого даяр. Анын үстүнө Кыргызстан Бажы биримдигине кирип, Орусия менен жакындаган соң орус армиясында кызмат кылуу биздин мигранттар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болуп саналат.

Негизи чет элдиктердин орус армиясында кызмат өтөшүнө уруксат берген жарлык долбоору 2010-жылы эле даярдалып, Коргоо министрлигинин расмий сайтына да жайгаштырылган. Бирок ал кездеги президент Дмитрий Медведев аталган жарлыкка кол койгон эмес.

Былтыр 14-апрелде Орусия Крымды Украинадан аннексиялап алгандан бир нече апта өтпөй өлкөдөгү Мигранттар федерациясы чет өлкөлүктөрдүн аскерде кызмат кылышына уруксат сурап, бийликтерге кайрылган. Бул федерациянын лидери Мухаммед Амин Мадмуждер жүз миңдеген мигранттар дүйнөнүн кайсы бурчу болбосун кызыкчылыгын коргоого даяр экенин билдирген.

Орусиянын Федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча, учурда бул өлкөдө 11 миллионго жакын эмгек мигранты эмгектенип жүрөт. Акыркы жылдары өлкө бийликтери миграциялык жааттагы мыйзамдарды катаалданткан.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG