Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

"Ислам мамлекети" тобуна каршы күрөш күчөтүлөт


Соңку күндөрү Москва "Ислам мамлекети” радикалдык тобу жараткан коркунучка каршы активдүү күрөш баштаганы байкалууда. 28-октябрда Орусиянын Федералдык кызматы экстремисттик уюмга байланышы бар деген шек менен бир нече адамды камакка алды.

Орус маалымат каражаттары кабарлагандай, "Ислам мамлекети" радикал тобунун согушкерлери менен байланышы бар деген шек менен камакка алынган ондон ашуун адамдын алтоо Азербайжандын жарандары. Алар Москванын борборунда автоунааларды тейлеген жайда иштешчү.

Федералдык кызматтын билдирүүсүндө, бул тейлөөчү жайдан түшкөн каражаттын айрым бөлүгү Сирияга жиберилип, камакка алынган алты азербайжандык башка мекендеш мигранттарын Сирияга барып согушууга үндөгөн деп айтылууда.

29-октябрда Москвадагы Борбор Азия, Кавказ жана Волга-Уральск аймактарын изилдөө борборунун башчысы Семен Багдасаров “Вести” радиосуна курган маегинде Орусия “Ислам мамлекетине” каршы күрөшүүдө чечкиндүү чара көрүшү керектигин эскертет:

- "Ислам мамлекетине" жөн эле жан тартпастан, аларды каржылык жактан колдоп, Сирия менен Иракка согушкерлерди жалдап жөнөтүп жаткандарды камап, мындай адамдардын ишмердүүлүгүнө гана эмес, жалпы "Ислам мамлекетинен" тараган коркунучка каршы конкреттүү чараларды көрө башташыбыз керек.

Катары калыңдаган согушкерлер

Москвадагы кармоолор 27-октябрда Орусиянын башкы прокурору "В контакте" социалдык тармагында "Ислам мамлекетине" ыктаган бир катар аккаунттар жабылганын жарыялаган соң башталды.

Орус жарандары, өзгөчө түндүк кавказдыктар жана пост-советтик өлкөлөрдүн жарандары Сириядагы согушка 2012-жылдан бери аралашып жүргөнү эбак эле маалым болгон. Жакынкы Чыгыштагы түндүк кавказдык согушкерлер жөнүндө кабар бир нече айдан бери эле байма-бай айтылууда.

Анткен менен "Ислам мамлекети" тобунан тараган түз коркунуч тууралуу Орусияда жакындан бери эле сөз боло башталды.

"Ислам мамлекетинин" дүрбөлөңүнө чейин кыйла мурун эле Орусия өз мусулман жарандарынын радикалдашуусунан кооптонуп келген. Атайын кызматтар өзгөчө көңүлдү радикал маанайдагы аймактарга, тагыраак айтканда Түндүк Кавказга жана исламды кабыл алган этникалык орустарга бурат.

Орусияда 2013-жылдын декабрындагы Волгоград вокзалындагы жана ошол эле шаарда эки күндөн кийин автобустагы жардыруулар "Кавказ Эмираты" жихадчылар тобунун колунан келгени маалым болгон.

"Күрөш көзөмөлдө"

"Ислам мамлекетинен" чыккан коркунучтун күчөшүнүн себебин эксперт Багдасаров Москвага агылган мигранттардын көбөйүшү менен байланыштуу деп кыйытып, Борбор Азиядан келген мигранттарга виза режимин катаалдаштырууну сунуштады.

- Биринчи кезекте Борбор Азиядагы Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Түштүк Кавказдагы Азербайжан өлкөлөрүнүн жарандары Сирия менен Ирактагы кагылышууларда "Ислам мамлекетинин" курамында согушуп жүрүшөт. Алар кийин мекенине кайтып, андан кийин Орус Федерациясына келип, ушундай эле ишмердүүлүктү улантышат.

Камакка алуу жана интернет пропаганданы тыюу менен орус бийлиги коомчулукка "Ислам мамлекети" уюму жараткан коркунучка каршы активдүү күрөш башталганын көрсөтүүдө.

Байкоочулардын айтымында, муну менен Кремль өлкө ичиндеги терроризм коркунучу да көзөмөлдө экенин көрсөтүп жатат.

Башка бир эксперттердин баамында, Москва "Ислам мамлекетинен" тараган коркунучтарды баса белгилөө менен мунун бардыгына Кошмо Штаттар баштаган Батыш өлкөлөрү күнөөлүү экенин көрсөтүүгө ниеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG