Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:41

Мигранттар теракт уюштурмак болгонбу?


Буга чейин борборазиялыктардан турган, Москва жана Подмосковьеде бир катар теракттарды уюштурмакчы болгон ГТА кылмыштуу тобу кармалган.
Буга чейин борборазиялыктардан турган, Москва жана Подмосковьеде бир катар теракттарды уюштурмакчы болгон ГТА кылмыштуу тобу кармалган.

Орусиянын Урал аймагында террорчулукка шектелип камакка алынган 69 кишинин ичинде кыргызстандыктардын бар-жогу азырынча расмий тактала элек. Екатеринбургдагы кыргыз жамаатынын өкүлдөрү мындай жагдайдын болушу мүмкүн экендигин айтышууда.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы "Ислам мамлекети" террордук тобуна байланышы бар деген шек менен 69 кишини ушул жуманын ичинде Свердлов, Тюмень жана Челябинск облустарында кармашкан. Жергиликтүү басылмалар камакка алынгандар негизинен борборазиялык мигранттар экенин белгилешүүдө.

Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулу Нургүл Токтосунованын айтымында, Орусияда экстремисттик ишмердүүлүккө шектелгендердин арасында кыргызстандыктардын бар-жогу расмий түрдө аныктала элек.

- Биздин сурообуз боюнча азырынча маалымат келе элек. Федералдык коопсуздук кызматына расмий кат жөнөткөнбүз. Эгер кыргызстандыктар бар деген маалымат келсе, биздин юристтер барып, кармалгандардын акыбалы менен таанышат. Азыр маалымат келе элек, күтүп жатабыз.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы кармалгандар "Рохнамо ба суи давлати исломи" деп аталган эл аралык интернет-коомчулугунун мүчөлөрү болуп чыгышканын маалымдап, аталган коом Орусияда террордук идеологияны жайылтып, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна жаңы согушкерлерди азгыруу менен алектенип жүргөн деп жарыялаган.

Екатеринбургда жашаган Жаркынбай Сатыбековдун оюнча, экстремисттик агымга кыргызстандык мигранттардын кириптер болуп калышы дагы ыктымал.

- Бул жакта өзү 50-70 миңден тажикстандык жана өзбекстандык мигранттар бар, кыргызстандыктардын саны 40 миң чамалуу. Биздин мекендештер арасында Сирияга азгырыктар же кандайдыр бир экстремисттик ишмердүүлүк тууралуу деле укканым жок. Бирок, эми ким билет, акыркы убакта мындай айыптар менен камалгандар көбөйүп баратпайбы.

Мигранттардын арасында туура эмес багыттагы диний агымдардын пайда болушунан улам бул жакта муфтияттын расмий өкүлчүлүгү ачылган.

Ал эми диаспора башчысы Камчыбек Каримов жыл башында Москва менен Санкт-Петербургда терракт уюштурууга даярданышкан деп Екатеринбургда кармалган топтун мүчөлөрү Кыргызстандан келген мигранттар болуп чыкканын белгилейт.

- Ошол февралда кармалгандардын баары Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад облустарынан келгендер болгону аныкталбадыбы. Баары соттолушту, азыр абакта. Өзбек улутундагы Кыргызстандын жарандары болушкан.

Уралдагы Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү Сүйүмбек Жусубалиев жердештерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турганы менен, мигранттардын экстремисттик агымдарга кошулуп кетүү коркунучу жогору экендигин жашырбайт.

- Урал менен Сибирде кыргызстандыктар көп. Ар бир шаарда 7-8 миңден бар болсо, жалпысынан, менимче, 50-60 миңге чейин жетет. Анан ушул мигранттардын арасында туура эмес багыттагы диний агымдардын пайда болушунан улам бул жакта өкүлчүлүк ачылган. Ата-бабаларыбыздан калган салттуу исламды сактап калуу, жергиликтүү диний өкүлчүлүктөр менен кызматташып, кыргызстандык мекендештирибиздин арасында атайын иштерди жүргүзүп турабыз.

Акыркы кезде Орусияда экстремисттик ишмердүүлүккө шек менен борборазиялык мигранттардын камакка алуу жагдайлары көбөйгөнү байкалууда. Алардын арасында кыргызстандыктар бар экендиги массалык маалымат каражаттарында маалымдалганы менен, экстремизм беренелери боюнча соттолгон жарандардын жалпы кыргызстандыктардын саны расмий айтыла элек.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG