Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Мигрантты торго түрткөн кенебестик


Абактагы мигрант
Абактагы мигрант

Москванын четинде жайгашкан Сахароводогу мигранттарды убактылуу камоочу жайда учурда 84 кыргызстандык жаран бар. Алар Орусияда миграциялык мыйзамдарды сактабаганы үчүн кармалган.

Бир жыл, үч айдан бери Сахароводогу мигранттарды убактылуу камоочу жайда жаткан Максат Москвада паспортун жоготуп алып, полицияга эч кандай расмий документсиз кармалган. Ал полиция кызматкерлеринен кутулуу үчүн чоочун бирөөнүн аты-жөнүн атаганы үчүн бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанга кете албай турганын айтты. Анын жанында камакта эки жылдан бери жаткан эки шериги бар.

- Маңдайымдагы камерада бир жыл, сегиз айдан бери бир бала отурат. Кошуна бөлүмдө да бирөө бар. Баарыбыз кайра өзүбүздүн туура аты-жөнүбүз менен соттун өтүшүн күтүп жатабыз. Мен документтеримди жоготуп алып, полиция кармаганда чоочун фамилияны атагам. Бирок ошон үчүн бир жыл, үч ай отуруу аябай узак жаза деп ойлойм. Акча болгондо эчак эле чыгып кетмекмин. Орусияда туугандарым жок, Якутияда байкем бар эле. Ал каралашкан жок. Бул жерде шарттар оор. Үч ай отурганына чыдабай колун кесип жиберген балдар да бар. Тамак-ашы начар, өлүп калбаш үчүн эле жейбиз.

Москвадагы Кыргызстандын элчилигинин юристи Мырзапаяс Карагулов өткөн жумада Сахароводогу мигранттарды камоочу жайга элчи Болот Отунбаев баштаган консулдуктун мүчөлөрү барганын билдирди.

- 21-сентябрда биз Сахарового барып келдик. Тизме боюнча 84 жараныбыз бар экен. Айрымдары менен жолуктук. Алардын арасында он чакты кыз-келин да бар. 59 адамдын документтери так, 25инин эч кандай документи жок экен.

Юрист Мырзапаяс Карагуловдун белгилешинче, Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттардын Сахароводо камакта көпкө жатканына жарандардын аты-жөнүн эки өлкө ортосунда расмий тактоого керектүү процедуралардын узакка созулушу себеп болууда. Мындай кырдаалга көбүнчө Орусиянын мамлекеттик кызматкерлеринен өзүнүн аты-жөнүн жашырып, чоочун паспорттор менен иштеген мигранттар туш болушат.

- Азыр бир жарым жылдай отурган үч жараныбыз бар. Алар полицияга аты-жөнүн туура эмес айткан. Ушундай кылсам кутулуп кетем дешкен, бирок, ишти оорлотушкан. Алардын жалган аты-жөнү боюнча сот болуп, эми өздөрүнүн аты-жөнү такталып, кайрадан сот болгуча ушунча көп убакыт тп кетип жатат.

Эки жылдан бери Москванын четинде иштеп жаткан Сахароводогу мигранттарды камоочу жайдын 1,5 миңге чейин жаранды кармоого шарты бар. Жетекчилигинин айтымында, бул жайда бир мигрантты кармоого айына 40 миң рублдан ашуун чыгымдалат.

Ал эми Москвада, жалпысынан Орусияда, миграциялык документтерин мыйзамдаштырбагандыктан, бөтөн бирөөнүн паспорту менен ишке орношуп, чоочун бирөөнүн аты-жөнүн колдонуу сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттер кыргызстандык мигранттар арасында кеңири таркаган көрүнүш.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG