Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Орусияда кош бойлуу аялдардын митинги өттү


Москва жана дагы ондон ашык шаарда бала төрөлгөндөн кийин төлөнчү жөлөк пулдун кыскартылышына нааразылыгын билдирип, кош бойлуу аялдар нааразылык жыйынын өткөрдү.

Өткөн жылы декабрда да кош бойлуу аялдар Орусиянын Саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү министрликтери алдында митинг өткөргөн. Алар 2011-жылдан тарта бала төрөлгөндө мамлекет тарабынан төлөнчү жөлөк пулдун үчтөн бирге кыскарып жатканына нааразылыгын билдиришкен.

Болочок энелерге жана жаңы төрөлгөн балага төлөнчү акчанын азайтылышы экономикалык кризис менен түшүндүрүлдү. Буга нааразы болгон аялдардын алгачкы митинги 14-декабрда өткөн. Аялдардын митинги өткөн күнү президент Дмитрий Медведев Мамлекеттик дума биринчи окуудан өткөргөн мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилерин айткан. Митинг уюштургандардын айтымында, мындай өзгөртүү мыйзам толук күчүнө киргенче гана ары жылдырылган, бирок кыскартылган жөлөк пул андан ары сакталып калмакчы.

Жаңы эрежеге ылайык, кош бойлуу аялдар иштен кеткенден кийин алчу 100 миң рубль жана ар бир айда алчу 10 миң рубль төлөнбөйт. Мамлекет мындай үнөмдөө менен жылына 80 миллиард рубль сактап калууну көздөөдө.

18-январда ызгардуу кыштын суугуна карабай Москвада митингге чыккан аялдарга тилектештигин билдирип, дагы 18 шаарда нааразылык жыйыны өттү.

Митингдин катышуучуларынын айтымында, мурдагы мыйзамга ылайык, кош бойлуу аялдар ооруп калып дарыланган, эс алууга чыккан күндөрү да болочок энелерге акча төлөнүп турган. Эми өзгөртүү киргизилип жаткан жаңы мыйзамга ылайык, кош бойлуу, же ымыркайын карап үйдө отурган аялдар ооруп калган учурда, же эс алууга кеткенде акча төлөнбөйт.

Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин ырасташынча, бир балалуу эненин андан башка алган жөлөк пулу деле аз эмес, ал эми өкмөт эки, же үч балалуу аялдардын камын көрүүдө. Москвада өткөн митингдин катышуучусу, жети айлык боюнда бар Виталина Ермакова “кош бойлуу маалда алчу 120 миңдей рублдан кур калам, андан соң бала багып үйдө отурганда ай сайын алчу 7 миңдей рублди да көрбөй калам”,-деп кейиди.

Митингдин дагы бир катышуучусу Рима Громановская да Мамлекеттик Дума кабыл алган мыйзамга нааразы:

- 2011-жылы эки мыйзам тең күчүндө болот, 2012-жылдан тарта жалгыз гана жаңы мыйзам күчүндө калат. Буга биз каршыбыз.

Жер-жерлерде өткөн митингдерди “Яблоко”, ЛДПР партияларынын өкүлдөрү колдоп чыкты. Ал эми Москвада өткөн митингге “Бирдиктүү Орусия” фракциясынын депутаты Анатолий Иванов да келген:

- Мыйзам азыркы тапта Дума тараптан кабыл алынбайт, ал өкмөттө эле кабыл алынат. Аны Думада болгону бир кыйла оңдоп-түзөп жакшыртат. Ал эми чечимди өкмөт кабыл алат.

Анатолий Иванов өкмөт кандай гана болбосун акча үнөмдөп, казынага каражат топтоо аракетин көрүп жатканын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG