Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Сталиндин мурасы: улут саясатындагы чалмакейлик


Сталин жана Молотов
Сталин жана Молотов

Мурдагы советтик диктатор Иосиф Сталин дүйнөдөн өткөнүнө келерки аптада туура 60 жыл толот.

5-мартты утурлай тарыхчылар менен баяндамачылар экс-диктатордун бери дегенде эски совет аймагына калтырган мурасын дагы бир ирет таразалашууда.

Сталин мурасынын таасири азыркыга чейин сезилип жаткандарынын бири, иликтөөчүлөрдүн пикиринде, улуттук саясаттагы чалкештиктер. Бул маселеде жарым кылымдан ашуун мурда коюлган “бомбанын дүрмөтү” айрым жерлерде али күчүндө.

Быйыл 81ге караган Николай Хасиж 1932-жылы Сухумиде туулган. Бул - Сталин Абхазияны союздук республика макамынан ажыратып, Грузиянын бир облусуна айлантып салгандан кийинки жыл болчу.

Абхазияда да өткөн кылымдын 30-жылдарынын орто ченинен тутанган репрессиялар согуш учурунда тыным алып, бирок согуш бүтөөр замат кайра уланган.

Маектешибиз Николай Хасиж бул мезгилде жогорку класстын окуучусу болуп калган эле:

- Мындай зомбулукту, кемсинтүүнү, кордукту, кыргынды, геноцидди биздин эл эч убакта башынан өткөргөн эмес. 1945-жылы согуш аяктагандан кийин абхаз мектептеринин баары жабылып, күчтөп ассимиляциялоо башталган. Биз өзүбүз, балдарыбыз грузин тилин бир да сөздү билбестен окудук. Жөн эле жаттадык.

Жакынкы тарых көрсөткөндөй, Кавказдагы эски таарынычтар 1991-жылы СССР урагандан кийин дароо калкып чыкты. 1992-жылы абхаз-грузин согушу тутанды. Ок эски совет аймагынын башка бөлүктөрүндө, Тоолуу-Карабакта, Приднестровьеде, Чеченстанда да атылып, кан төгүлдү.

СССР ураганга чейинки акыркы 60 жылда ырбаган ал этникалык жаңжалдардын көбүнө кезинде “Сталин доорунун бомбалары” деген ат берилген.

Бир катар тарыхчылар менен иликтөөчүлөрдүн пикиринде, Сталин бийликте турган отуз жыл ичинде мажбурлоо жолу менен ишке ашырылган улуттук саясат, этностук топторду массалык түрдө депортациялоо, этникалык орустарды ар кайсы аймактарга көчүрүү Евразиянын бүгүнкү жагдайды түшүнүүдө борбордук роль ойногон жаңжалдарга жерпай түзгөн же аларды курчуткан.

Стивен Бланк - Сталин доорунда улут маселесин тескеген комиссарлар тууралуу китептин автору, АКШдагы Аскерий колледждин улуттук коопсуздук боюнча иликтөөчүсү:

- Бул экономикалык, социалдык базаны кайра түзүү жана маданий негизде жасалган. Анткени Сталин улуттар маселесине бөтөнчө көңүл бурган. Алар бир бүтүн социалисттик мамлекетке баш-оту менен интеграцияланат деп ойлогон. Сталиндин саясатында үстөмдүк кылган багыт - борборлоштурулган, социалисттик системаны куруу болгон. Бул, анын пикиринде, улуттук проблеманы чечмек.

Борбор Азияда чек ара

Көп улуттуу Борбор Азияда Сталин доорунда из салынган, терс кесепети азыркыга чейин сезилип жаткан маселе, иликтөөчүлөрдүн пикиринде, чек аранын табигый эмес сызылышы.

Терри Мартин – Орусияны жана Евразияны иликтөө боюнча АКШнын Гарвард университетиндеги Девис борборунун директору, Ленин жана Сталин доорундагы улуттук курулуш боюнча китептин авторлорунун бири. Ал "Азаттык” радиосунун карбарчысы менен маегинде белгилегендей, совет бийлиги кезинде чек араны улуттук тайпалар али өнүгүп-өрчүп жаткан аймактарда жалаң улуттук белгиге таянып алып сызууга умтулуу менен чоң көйгөй жаратышкан:

- Алар чек араны өтө эле так сызууга аракеттенүү менен этникалык жаңжалга өбөлгө түзүшкөн. Башкача айтканда, алар 1920-жылдары чек ара айланасында этностук мобилизацияны күчөтүп жиберишкен. Адамдар чек ара үчүн эл суюк отурукташкан жерлерде өз улутунун катарын калыңдатуу үчүн башкаларды тартышкан. Биз билген азыркы өлкөлөрдүн көбү анда курула элек болчу.

Кавказда Карабак

Тарыхчылар менен иликтөөчүлөр арасында сталиндик доордогу тагдыр чечер чечимдердин көбүнүн чоо-жайы боюнча азыркыга чейин талаш-тартыштар бар. Алсак, армяндар үстөмдүк кылган Тоолуу-Карабак Азербайжандын жүрөк толтосунда жайгашкан.

Иликтөөчүлөрдүн бир даары бул аймак кезинде Москванын Баку менен Ереван ортосундагы арбитрлик ролун биротоло бекемдөө үчүн берилген деп эсептешет.

Экинчилери, аймактын түрк тектүү азерилерге ыйгарылышы СССР геосаясий жактан оңтойсуз абалда турганда Түркияны тынчтандыруу үчүн берилген деп ырасташат.

Үчүнчүлөрү, эң эле жөнөкөй - койчулар мал жайуу учурунда башка республиканын чек арасын бузуп албашы үчүн жасалган деген себепти аташат.

Сталин 1920-жылдардын башында кандай жүйөнү карманбасын Тоолуу-Карабак - али Кавказдын дүрмөтү өчө элек жаңжалы жана СССР урагандан бери Түштүк Кавказ өлкөлөрүнүн Орусия менен мамилесин аныктаган фактор болуп келатат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG