Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:13

Орусиялык балдарды асыраган ата-энелерге жана агенттиктерге көбүрөөк жоопкерчилик жүктөлөт. Америкалыктар Орусияда каттоодон өткөн агенттиктер аркылуу гана бала асырап ала алышат, ата-энелер психологиялык тестирлөөдөн өтүшү зарыл.

Америкадагы үй-бүлөлөргө да баланын ден соолугу жана психикасы тууралуу толугураак маалымат берилет.

Макулдашууда дагы бир жагдай такталды: Америкага кеткен балдар бой жеткенге чейин Орусиянын жараны бойдон калышат.

Бала жаңы үй-бүлөгө түшкөндөн кийин бала асыроо боюнча агенттик үй-бүлөдөгү кырдаалды билип, ал тууралуу орус бийликтерине кабар берип турушу шарт. Бул жагдайга АКШ көзөмөл жүргүзмөкчү.

Талаштуу маселеге чекит коюлду

Бул маселе боюнча эки мамлекет ортосунда пикир келишпестик 2010-жылдын апрель айында Теннеси штатынан бир эне баккан баласын Орусияга кайра жалгыз кайтарып жибергенден кийин чыккан.

Бир жылча созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин 13-июлда Вашингтондо АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жаңы макулдашууга кол коюшту.

Орусияда бир жыл ичи бул суроо абдан талаш маселеге айланган.

Массалык маалымат каражаттары америкалык ата-энелер балага жаман мамиле жасаган учурларды таап көрсөтүп, саясатчылар америкалыктардын бала асырашына такыр бөгөт коюну сунушташкан болчу.

Ачыктык эки тараптан тең керек

Нью-Йоркто жайгашкан Spence-Chapin аттуу бала асыроо боюнча агенттиктин Болгария, Молдова, Казакстан жана Орусия боюнча координатору Милена Казаков түшүндүргөндөй, Орусиядан балдар оор психологиялык жүк менен келишет.

Жүрүм-турумунда көйгөйлөрү бар балдар менен америкалык ата-энелердин сөз табуусу адатта кыйынга турат.

- Жалпылап алганда, Орусиядан келген балдар мурда оңой эмес турмушта жашаганы билинет. Бул көбүнчө жакырчылык. Жаңы үй-бүлөгө келгенде кандайдыр бир кабыл албоо сезими байкалат. Дагы бир чоң фактор - алардын институтташтырылган тарбия алышы же албашы.

Мисалы, баланы Орусияга жалгыз жөнөтүп жиберген Хансен, дейт Милена Казаков, баланын психологиялык проблемалары жана агрессивдүү жүрүм-турумун башкара албай калган.

Казаковдун айтымында, Орусиянын бийликтери айрым учурларда бала тууралуу көп маалыматтарды ачыктабай коюшат. Америкага барганда көптөгөн күтүүсүз көйгөйлөр пайда болот.

- Бизге эки тараптан тең ачыктык керек. Бул баланы багып алам деген ата-энелерге жакшыраак даярданганга мүмкүнчүлүк ачат. Ошондой эле орусиялык тарап да бала менен эмне болуп жаткандыгы тууралуу көбүрөөк биле алат.

Расмий маалыматтар боюнча, 1991-жылдан тарта америкалык түгөйлөр тарабынан 50 000 орусиялык бала асырап алынган. 2010-жылга дейре америкалык үй-бүлөлөр Кытай жана Эфиопиядан кийин бала багып алуу үчүн Орусияга келчү.

Орусиянын бийликтери кабарлагандай, 1991-жылдан тарта ата-энелердин күнөөсүнөн улам АКШда 17 орусиялык бала каза болгон.

Бала асыроо жараяны кыйындайт

Эксперттердин айтымында, бул жаңы макулдашууга чейин чын эле көп жагдайлар эске алынган эмес болчу.

- Жаңы макулдашуу бала асыроо жараянын жеңилдетпейт, бирок баланы жана ата-энени коргойт. Ошондуктан бул макулдашуунун коргоочу функциясы абдан маанилүү, - дейт Американын Виржиния штатында жайгашкан балдарга эл аралык жардам берүүчү бириккен кеңешинин президенти Том Дифилипо.

Дифилипо жаңы үй-бүлөдө биринчи кезекте ата-энеге эмес, балага кыйын болоорун эскертти.

Жаңы макулдушууга кол коюу менен бала асыроонун баасы да кымбатташы күтүлүүдө. Учурда www.adoptionservices.org сайтында жазылгандай, бир баланы асыроо жол киреси менен америкалыктарга 25 миң доллардан 35 миң долларга чейин турат.

Учурда Орусияда бала асыроо менен алектенүүгө уруксат алган америкалык агенттиктердин саны 30га жетет.

Казаковдун айтымында, Орусия абдан чоң өлкө болгондуктан жана жалпы бир федеративдик мыйзамдын жоктугуна байланыштуу ар бир аймакта түрдүү эрежелер болушу ыктымал.

Чет өлкөлүктөрдүн бала асыроосуна жол ачкан чечимди быйыл кыргыз парламенти да кабыл алды, бирок бул суроодо акыркы чекит коюла элек.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG