Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:17

Башкарма - бул шаанилүү бетеге!


Саясатчынын өз эрки, кайдан каалга жасаса... TKy. 02.4.2011.
Саясатчынын өз эрки, кайдан каалга жасаса... TKy. 02.4.2011.

Бетеге кетет, бел калат! Башкарма кетет, эл калат! «Күлкү кербени» түрмөгү кезектеги сатиралык жанытманы сунуш кылат.

Э-э, калайык! Силердин айылыңарда эмне болуп жатканын билбейм, айтор, биздин айылда концерт улантылып жатат. Болгондо да, гитарда анча-мынча ойной алган мурдагы башкармабыз чоң концерт коюуда.

Өзүңөр билесиңер, биздин айыл чакан. Ошого карабастан, аны жарып өткөн суунун агымынан улам «өйдөкү айыл», «төмөнкү айыл» деп экиге бөлүп, тергеп алганбыз.

Бир чети, бул бөлүнүү тепкедей айылда спорттук оюндарды өткөрүүгө аябай жардам берет экен. Футбол ойнойсуңбу, волейболбу, ордо оюнубу, көкбөрүбү, айтор айылдан жок дегенде атаандаш эки курама чыкпай койбойт.

Анан «өйдө жактын жоргосу чыгып келди», «тыйын эңмейде ылдый жактагылар утту», «өйдөкүлөрдүн балбаны оңкосунан кетти», «төмөнкүлөрдүн ордочусу жыдыды» деген сыяктуу узун сабак сөздөр айтылып келчү.

Куда-сөөк күткөндө да каадаланып, «өйдө жактан алдык», же «ылдыйкы айылдан Баланчанын кызы эми келинибиз болуп калды» дейбиз. Санжыра сүрүштүрсөк, эки жагында тең оң канат, сол канат, ичкиликтин уруулары, анан сөөгү өзүбүздүн айылыбыздан болуп калган келгиндерди да кайсы бир уруубузга кошуп айтабыз.

Өткөндө өйдө жактык бир жергиликтүү тургунду башкарма шайлап алганбыз. Ээн ооздордун бири «ой, ал таптакыр башка өрөөндөгү кыштактан качып келген басмачынын урпагы экен» деп чыкты эле, «жо-ок, архивди аңтардык, санжыраны сыдырдык, төмөнкү айылыбыздан эле мынчанчы кылымда өйдө жакка ооп келген кишинин урпагы экен» деп далилдеп, анан эс алганбыз.

Айланабызды карасак, көптөгөн башка айылдарда: «Аңчыбыз – көзгө атар болсун, устабыз – колунан көөрү төгүлгөн адис болсун, алардын тегин териштирбейбиз!» дешет экен. Биздин айылдын элинин оозу кайсы бир кылымда ысык сүткө күйсө керек...

Опе-ей, мен башкармабыз тууралуу кеп баштадым эле го...

Анан эле жаңы башкарманы шайлоого келгенде, ошол эски башкармабыз өзүнүн төмөнкү айылдык досун талапкер кылып сүрөп туруп алды. Өйдөкү айылдан да эки-үч кишиге жең ичинен «сен башкарма болосуң» деп убада кылып жүргөнүн ичине бир таруу да ката албаган кургур өзү эле калайыкка жайып чыкты.

Анысы – ал болду.

«Тынч жол менен башкармалыкты өткөрүп берди» деп эски башкарманы мактап-жактап чыктык. Өзү да бул эрдигин улам-улам кайталап жатты окшойт, чагымда. Канчалык көп айтканынан улам «ка-ап, ордумда эле кала турсам болмок» деген ички өкүтү барбы деп шекшип да калдык.

Мунусу – бул болду.

Анан эле эски башкарманы «кара теке» сүздү да, калды.

Ал буга чейин жаңы башкармага арнаган жалбарыңкы ырын өзгөртүп, «Доскем күйгүздү да-а, күйгүздү!» деп муңканган жаңы ырды аткара баштаса болобу!

Чынында, оболу айылдагылар өзүбүз деле анын маанайынын тез өзгөргөнүнө эч түшүнбөй калдык.

Бир даарыбыз: «Досун саткан – айылын саткан менен барабар! Кетсин, ошол жаңы башкарма!» деп чыктык.

«Опе-ей, ошондой болуптурбу? Эмнени бөлүшө албай калган экен, бечаралар? Эгиз козудай ээрчишип жүрүштү эле!» – деп таң кала шыпшынгандары канча!

Орто жолдо «ылдый жак», «өйдө жак» болуп «ак терек – көк терек» деп жаатташып айтышкандар арбыды.

«Мурдараак да биздин кочкорду тигилердин текеси келип сүзгөн бир окуя болгон. Көрсө, ал – чоң балаанын сыры турбайбы!» деп бакшы болгондордун күнү тууду.

«Качанкыга чейин бизди өйдөкү айылдын кишиси башкарышы керек! Биз өз раисибизден баш тартпайбыз!» деп жаңы башкарманы колдогондор да доошун бекем чыгарып жатышты.

Өшөнтүп, тып-тынч турган айылды саат басканы калды.

Деги, чыр эмнеден чыкты экен, ошону бир иликтеп-жиликтеп көрөлүчү?

Теңир жалгап, Интернет деген балакет бул эски жана жаңы башкармалардын кылык-жоруктарынан бери бүт каттап жүргөн экен.

Балдарым мурдагы окуяларды шурудай кылып чубалтып, принтерден кагазга чыгарып алдыма үйүп коюшту.

...Та-ак, бул айда мындай окуя болуптур... Башкармабыз: «Досумду гана шайлагыла, «мынча гана пайыз киши аны колдоп жатат» деген статистикага карабагыла!» деп чыгыптыр.

...Тигил айда башкармабыз айылдык кеңештин төрагасын опузалаптыр: «Сага шайлоодо эмне бар! Жөн отур, талапкерлигиңди көрсөтпөй!»

...Анан башкармалыктан түшөөрдөгү айда өзүнүн кишилерин жооптуу кызматтарга таңуулап буйрук чыгарып кетиптир...

М-да!..

...Анан шайлоо аяктаганда бири-бири менен кучакташып, сүрөткө да, видеого да эгиз козудай түшкөн экен, бечаралар!..

...Опе-ей, шайлоо бүткөндөн көп узабай эски башкарма жаңы башкармага келип: «Биз Путин – Медведев оюнун баштаганбыз, досум! Менин айтканымдай эле айылды башкарсаң, ошондо май-көл, сүт-көл болобуз!» деп, өзү айтмакчы, коньяктан ооз тийип кетиптир.

Акыры айтылчу кеп эмеспи: эски башкарманын бир чоң сыры бар эле. «Ч» тыбышын «ш» деп, «ш» тыбышын «с» деп айткан жакын туугандар байырлаган бир коңшу айылдын башкармасы болгон абышка менен ал соңку жылдары эч тил табыша албай калган. Анысын биз деле көрүп-билип калдык.

Жаңы башкарманы шайлоо өнөктүгү маалында да ал абышка коңшунун ишине тымызын кийлигишип: «Жаштарды шайлагыла-а!» деп оозунан жаңылганы бар.

Бул окуяны деле калыстык үчүн эскере кетели.

Ошол айыл башкармасы болгон карыя бир ирет чоң өрөөндөгү башкармалардын шеринесин уюштуруп калбаспы!

Анан биздин айылдын жаңы башкармасын да шеринеге чакырат.

Тигил кургур дароо макул болот.

Муну уккан эски башкарма кыйышпас досунун үйүнө дароо жетип келет да, чоң чатак салат:

– Доске, сен башкармалар шеринесине барбайсың!..

– Минеге барбайт экем? Бардык эгемен башкармаларды конокко чакырып жатпайбы? «Чакырган жерден калба, өзүң басып барба» деген накыл кеп бар.

– Сен чарба башчысын эле жөнөтүп кой! Менин тилимди ал! Ошондо биз сенин талапкерлигиңе каршы чыккан тигил чалга сыр көрсөтөбүз!

– Кой, досум. Коңшулар менен алакамды өзүм билип эле жөндөйүн. Өзүм эле барам!

Аны угуп, эски башкарма ок жылаандай атырылган экен:

– Опе-ей, сени мына мен башкарма шайлаткам, эгер чындыгын билчү болсоң! Сенин рейтингиң кызыл ашыкка да жетчү эмес!

– Болду, досум! Мени эл дагы шайлаган. Өзүң эле «жалгыз мен колдоп чыктым» дегениң осол сөз. Мен биринчи кезекте элге кызмат кылам!

Ошентип, башка айылда ийгиликтүү жүзөгө ашырылган «Путин–Медведев» долбоору биздин тепкедей айылда босогодон сырткары сызып кеткен топтой чечкиндүү тебилген экен.

Мына, башкармалардын таймашынын болгон сыры.

Муну аңдап билген соң, айыл ичиндеги азыр да уланып жаткан «Эски башкарманыкы эң туура! Жок, жаңы башкарманыкы – абдан туура!» деген сыяктуу жиктегич сөздөр илээшкен ыйкы-тыйкыларга көңүл бурбай коюуну чечтим.

– Уулум, унааңды от алдыр! Андан көрө жайлоого бир тууган агаңдыкына барып, мээ сергитип, кымыз ичип келели! Менин досторумду «өйдө жак», «ылдый жак» дебей, түгөл чакыр. Чогуу барабыз!

– Ал жакта жаңы башкарма шайлайлык деп акылдашасыздарбы? – деп уулум тийише сүйлөдү.

Жаатташкандан тажаган жаным чочуганымдан кыйкырып да жибердим:

– Жо-ок, кокуй! Эч кандай саясат болбойт, уулум! Башкармадан башка да түйшүк толтура!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG