Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Жол ачкыла, аскер келатат, дивандагылар келатат!..


Кимбайке тарткан азил сүрөт. 5-июль, 2011-жыл.
Кимбайке тарткан азил сүрөт. 5-июль, 2011-жыл.

Коомдук тармактардагы карикатурадан улам жаралган азил.

Мына, ошентип, менин да саатым келди! Диванда жатып алып күрөшкөндөрдүн кубаттуу армиясын түздүм да, калдым!

«WhatsApp» аркылуу бүгүн биринчи чалган киши.

- Урматтуу генерал, шашылыш баяндайын дедим эле! «Коронавирус боюнча шалаакы болуп жатат» деп Саламаттык сактоо министрлигине сокку урдум!

- Мен да окудум. Азаматсың! Эми «Фейсбуктагы» бул соккуну «Твиттер» аркылуу да кайтала!

- Жарайт!

Экинчи чалганы.

- Урматтуу генерал! «Экологиялык коопсуздук боюнча жүрүшкө эки эле киши катышты» деп коомчулукту «талкалап» салдым!

- Ой азамат! Муну каяктан көрдүң?

- Диванда жатып алып, кенже уулумду «балконго чыгып, чоң көчөнү карап келчи» деп жумшадым да!

- Ой баракелде! Тапкыч турбайсыңбы! Азамат! Бизге факты керек!

Үчүнчү чалган адам.

- Урматтуу генерал, жанагы дааватчы ажы секулярдык системадагы бир никеге каршы чыгып, көп аял алууга чакырып жатыптыр, ошону катуу сындап койдум. Мындай ажыны тымызын колдоп жаткан экс-депутаттар, экс-министрлер, экс-аткаминерлер да бар деп салдым.

- Баракелде! Кана, карайынчы! Ой, чунак, бул жакта менин атымды да жазып салыпсың го! Тизмедеги үчүнчү ысымды дароо өчүр!

- Опей, сиз өзүңүзгө «Чокчолой Баатыр» деп ат коюп алганыңыз менен чыныгы ысымыңыз ушундай беле? Кечирип коюңузчу!..

- Экинчи андай кылба! Бирок жалпы чабуулуң туура эле болгон. Ишиңди уланта бер!

Төртүнчү байланыш.

- Урматтуу генерал! Маркум Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишине кедерги кылып жаткандарга кичине каяша айтып койдум! Эриккенде окуп койсоңуз!

- Жакшы, жакшы... Бирок абайлайлы. Ошол кедерги кылып жаткандар кезектеги шайлоодо бизге демөөрчү болуп калышы мүмкүн. Эми Дивандагылар партиясын каттоодон өткөрөлү деп жатпаймынбы!

- Макул, кеменгер кол башчым!

Анан бешинчи жоокерим Интернеттен телефон чалды эле, ага жооп бере албадым. «Чарчадың го!.. Максым ичип алып кетсең, берекем!» деп жубайым ашканага чакырып калды. Максым деген максым да, иш күтө турат!

Алтынчы бирөө чалды.

- Урматтуу генерал! Мен чек ара боюнча Интернеттин коомдук тармагында өлө талкуу баштадым эле, бирок жеңилип баратам. Катуу каршылык көрсөтүп жатат. Эптеп таймашып жатам.

- Тирикарак эле көрүндүң эле, деги эмне болуп кетти?

- Мен болгону диван армиясынын сержантымын да. Аркы тараптагы каршылашым Сизге окшоп диван армиясынын карт бөрүсү - генералы экен!..

- Кана, кана, мага ошол шилтемени жөнөтүп койчу, эсебин табайын!

...Ошентип диванда жатып алып замбиректеримди октой баштадым. «Тез келчи! Куурдак муздап калат го!» деп элеп-желеп болуп чебеленген жубайымдын ашканага чакырганына да кайыл болдум.

Карап гана тургула! Бүт армиямды чек араны коргоого көтөрбөсөм элеби!..

P.S.

Мында биздин кас душманыбыз Токтосун Шамбетовдун «коргонуу системасын жакшылап уюштуруп, үйдөгү диванында бекем жайгашып алган куралдуу күчтөргө» каршы аргасыз каяшасы жарыяланган. Анын ж.б.лардын бөгөттөрүн эч тоотпойбуз. Алга, жоокерлерим!..

* * * * * * *

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG