Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Колуктумдун тегаты да Фу


Көргөзмөдөгү Мао Цзэдундун портретине Барак Обаманын башы ширетилген сүрөттү бир көрүүчү тигиле кароодо. Бээжин, Кытай. 21.11.2011.
Көргөзмөдөгү Мао Цзэдундун портретине Барак Обаманын башы ширетилген сүрөттү бир көрүүчү тигиле кароодо. Бээжин, Кытай. 21.11.2011.

Кытай тили өзгөчө юмор түрүн камтыйт. “Күлкү кербени” түрмөгүнүн бул чыгарылышы кытайлыктардын (ханзу тилиндеги жана иероглифтеги) юморуна арналды.

Байыртадан иероглифке негизденген жазмасы өнүгүп, бир нече миң жылдык көркөм мурасты, ой мурасын чагылдырып келген жана ар кыл диалекттери бар кытайлар өздөрүнүн эне тилинде (ханзуча) айырмалуу юморду өнүктүргөн. Алардын тамашаларынын арасында иероглифтик белгилердин бирдей окулушунун ар кыл маани туюнткандыгына негизделген азилдер да, ошондой эле, сабаттуу кытайлар же алардын жазмасын өздөштүргөн кишилер гана түшүнгөн мындай юморлордон тышкары, бардыгына күлкү тартуулаган кадыресе оозеки азилдер да камтылган.

Биз айрым кытай юморлорун Интернеттеги ар кыл тилдердеги булактардан алдык, айрымдарын өзүбүз да уктук.

* * * * *

–– Кана, айтыңызчы! Деги Сиз бактылуусузбу (ni xing fu ma)? –– Кытайдагы ири сыналгы каналы CCTV Жаңы жылдын ирегесинде уюштурган берүүдө алып баруучу ошол берүүнүн бир катышуучусунан сурап калды.

–– Менин тегатым Фу!.. –– деп тигил киши иймене жооп узатты.

Дал ушул жооп бүткүл Кытайда “дүңк!” эте таркап, калайыкты маашырлантты.

(Болжолдуу салыштырсак, Арстан Алай орус тилинде “Зимы не будет” –– “Кыш (быйыл) болбойт” деп айтам деп, “Зима не будет!” деп орусча ката сүйлөп, көзү ачыктык жоромолун айткан соң, Евразиядагы ар кыл этностордон куралган бүткүл орус тилдүү калайык ушунчалык ызгаар кыштын маалында кыраан каткы күлгөн учурду элестете алабыз).

Тамашанын жөнү мындай: CCTV каналыгын кабарчысы Жаңы жыл ирегесинде “Сиз бактылуусузбу (ni xing fu ma)?” деген кадыресе суроого “ооба” деген жоопту гана күткөндөй. Анткени Жаңы жыл ирегесинде кишилердин бардыгы эле бул майрамдын эйфориясы менен жагымдуу жооп узатышат эмеспи.

Ал эми тигил киши дал ушундай жагымдуу жоопту айткысы келбей, бирок терс маанайдагы жоопту да ачыкка чыгаруудан ийменип: “Менин тегатым (фамилиям) Фу” деп калк эле аңкоолонуп жооп айткан экен.

(Суроо катары айтылган (ni xing fu ma) сүйлөм “Сиздин тегатыңыз Фу беле?” дегендей да аңдалат).

Ушул жоопту сыналгыдан көргөн соң, бай жана кедей катмарларга кайрадан ачык бөлүнө баштаган Кытайда Интернет аркылуу ар кыл тамаша жооптор нөшөрдөй жааган экен. Ошол азилдердин бир варианты:

–– Кана, айтыңызчы! Жакында сиз үйлөнгөн экенсиз, деги Сиз бактылуусузбу (ni xing fu ma)?

–– Менин тегатым Фу!..

–– Сизге турмушка чыккан аялыңыз деле өзүн бактылуу сезсе керек?

–– Эми анын тегаты да Фу болуп калды!..

* * * * *

Өткөн кылымдын экинчи жарымында Кытайда «төрт модернизация» деген уран чакырылган. Анда өлкөнү улуттук коргонуу, илим, технология жана өнөр жайда жаңылантуу маселелери козголгон. Акыры анын да жемиши болуп, Кытай космоско киши (тайконавт) учурган, терең космостук долбоорлорду жүзөгө ашыра баштаган, технологиялык табылгалар аркылуу карапайым кишилердин турмушун да жанданткан ири мамлекет болуп калды.

Ошону менен бирге бул төрт ураан калайык тарабынан юморго да айланып, коомдогу өзгөрүүлөрдүн айрым өзгөчөлүктөрү да саналат: эркектер аялзатынан кем калбай, чачтарын боёп, тим эле кыздардай жасанып киришти; ал эми айымдар Интернеттен көзүн албай отура берип, тим эле үй күчүккө айланышты; ал эми үй жаныбарларын сатып алгандардын айрымдары аларга тим эле баласындай өзгөчө кам көрүп, алардын туулган күнүн өткөрүп, өзгөчө чапандарды, оюнчуктарды сатып берип, бирок өз жакындарына өгөйсүнгөн мамиледе болуп калышты; жалгыз гана балага ээ болуу керек деген мыйзамдык чектөө шартында адаттан тыш өзүмчүл өскөн эрке талтаң балдар коомдук жайда адепсиздигин көрсөтө баштады.

Ошондо калайыкта мындайча анекдот чыкты: «төрт модернизация саясаты акыры өз түшүмүн берди: эркектер аялзат сыпатына өтүштү, аялдар үй күчүккө айланышты, үй жаныбарлары ак сөөккө теңелишти, ак сөөктөр маданиятсыз болуп калышты».

* * * * *

Жалпыга түшүнүктүү (иероглифке байланбаган) азилдерден.

Кара көз айнек тагынган бир сокур киши көчөдө ар кимден тыйын сурап тилемчилик кылып жатыптыр.

Тилемчинин жанынан бир аракеч киши өтүп баратып, тигинин астындагы табакка 100 юан таштап койду.

Ал андан ары өтүп кетип, кайра кылчайса, берки сокур делген кайырчы юан акчаны «жасалма эмеспи» деп Күнгө каратып алып, тим эле тигиле текшерип жаткан экен.

Ачууланган тигил киши артка кайтып келип, сокурдан акчаны тартып алды:

- Калпычы акмак турбайсыңбы! Эмнеге элди алдап жатасың?

Анда тиги тилемчи айтат дейт:

- Байкебай, мени кечириңиз! Чыныгы сокур тилемчи - менин досум. Ал ажатканага кетип, «ордума туруп турсаң» деп менден өтүнгөн. Өзүм болсо дудук эле тилемчимин!

- А-а, ошондой беле! Анда ала бер!.. –– деп тиги аракеч киши 100 юанды беркиге кайтарып, андан ары басып кетиптир дейт.

* * * * *

Полициячы бир таксичини токтотуп, автоунаанын ичин шектүү көзү менен карап, анан таксичиге барак сунду:

–– Мына бул барактагы сүрөттөрдү карасаңыз! Ушундагыларга окшогон кишилерди байкаган жоксузбу?

–– Кана, карайынчы!

Андан соң такчиси кагазды беркиге кайра кайтарды:

–– Бирөө эле саал окшошуп турат!

–– Опе-ей, айтыңызчы, ал - ким? Каякта?!.

–– Бул барактагы солдон үчүнчү турган кишинин сүрөтү Сизге куюп койгондой окшош экен! –– деп таксичи айтканда, полициячы кол шилтеп басып кетти.

* * * * *

(TT)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG