Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:38

Эң алыскы галактика табылды


Жаңы табылган галактика Жерден 13 миллиард жылга алыс деп эсептелинүүдө.
Жаңы табылган галактика Жерден 13 миллиард жылга алыс деп эсептелинүүдө.

НАСАнын "Хаббл" деп аталган космостук телескобу чоңойтуп көрсөтүүчү айнектин жардамы менен мурда адам баласына белгисиз эң алыс, эң кубарыңкы, эң кичинекей галактиканы тапты.

Жаш айдоочуга телефондон сабак

Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө 16 жаштан эле айдоочу күбөлүгүн алса болот. Бирок элестетип көрсөк, 16 жаштагы өспүрүмдөрдүн чоң жолдо автоунаа айдап жүргөнү бир топ опурталдуу сезилет. Андай куракта көбүнчө жаштар ата-энесинин кеп-кеңешин, айткан акылын кулак сыртынан кетиришет эмеспи. Ушуну эске алган “Автоматик” компаниясы жаш айдоочулар үчүн “Лайсенз+” деп аталган чөнтөк телефонго жүктөлүүчү программаны ойлоп чыкты.

​Бул 100 сааттык программа атайын автоунаага орнотулуучу кичинекей жабдык менен келет. Ал жабдык машиненин ылдамдыгына, айдоочунун аны токтотуу чебердигине көз салып, ал тургай упай берет. Ошол эле маалда айдоочунун ата-энеси телефондон толук маалымат алып, баласынын автоунааны кантип башкарып жүргөндүгүн биле алат.

“Мурда да бул сыяктуу программалар бар болчу, бирок алар айдоочу үчүн эмес, алардын ата-энеси үчүн жасалгандай эле. Ата-энелер балдарынын каякта кантип машине айдап жүргөнүн аңдып эле тим болушчу. «Лайсенз+» болсо айдоочуларга көбүрөөк пайдалуу”, - деп түшүндүрөт программаны түзүүчүлөрдүн бири Стив Бишоп “Вайерд” журналына берген маегинде.

Хирург роботтор

Хирургиялык операция жасай турган роботтор чыкканын укканыбызга бир нече жыл болуп калды. Бирок андай роботторду дарыгерлер башкарат. Робот деген сөз чыныгы маанисинде «акылдуу машине» жана ал ишти баштан аяк өзү аткаруусу зарыл деп жазат АКШдагы Беркли университетинин медициналык роботторду иштетүү жана изилдөө борбору.

"Топ роботу" Москвадагы көргөзмөдө. 14-май, 2014-жыл
"Топ роботу" Москвадагы көргөзмөдө. 14-май, 2014-жыл

Адамдын денесин кесүү, тигүү жана жараатты тазалоо сыяктуу кайталанма жумуштарды автоматташтыруу хирургдардын бир топ убактысын үнөмдөп, колун бошотмок. Бирок бул иштердин баарын робот аткаргыдай программалоо өтө татаал нерсе, анткени ар бир адамдын териси, денеси ар кандай эмеспи.

Арийне, аталган борбордун изилдөөчүлөрү да Винчи деп аталган хирургиялык системаны түзүүнүн үстүндө үзүрлүү эмгектенип, эми жаңы робот кээ бир эң баштапкы иштерди өзү аткарган деңгээлге жетти. Мисалы роботко орнотулган эки кайчы сымал жабдуулар денедеги рак клеткаларын таап, бирөөсү кармап чойсо, экинчиси кылдаттык менен кесип алат. Тажрыйба көрсөткөндөй бул система 97% ийгилик жаратты.

Дары-дармек ичүүгө көз салуучу аппарат

Көп адамдар ден соолугуна байланыштуу күнүгө маал-маалы менен дары-дармек ичишет. Дарыны өз убагында ичпей же унутуп калуу көп учурда оорулууга терс таасирин тийгизет. Такай дары ичкен киши унутуп калбашы үчүн ар кандай ыкмаларды колдонот. Эми респиратор колдонгон адамдар үчүн Амико деп аталган жаңы аппарат чыкты. Мындай аспапты ар түрлүү ингалятор, респираторлорго орнотуп, телефонго да байланыштырып алса болот. Эгер адам дарысын колдонгонду унутуп калса, Амиконун жарыгы күйүп, телефонго эскертүү жиберет.

Эң алыс галактика табылды

НАСАнын “Хаббл» деп аталган космостук телескобу чоңойтуп көрсөтүүчү айнектин жардамы менен мурда адам баласына белгисиз эң алыс, эң кубарыңкы, эң кичинекей галактиканы тапты. Ал Жерден 13 миллиард жарык жылга алыс деп эсептелинүүдө. Бул аралыкты эсептөө үчүн эки башка ыкманы колдонушкан.

Жаңы табылган галактика Саманчынын жолунун бир кичинекей бөлүгүндөй көлөмгө ээ болгону менен 500 миллион жылдан бери өмүр сүрүп келе жатканы боолголонууда. Астрономдор мурда мындай жаштагы 10 башка галактиканы табышкан болчу.

“Бул табылга бизге кубарып бара жаткан галактикалар бар экендигинен кабар берет. Биз мындан да кубарган галактикаларды издей беришибиз керек. Анкени алар бизге ааламдын түзүлүшү жана галактикалардын табияты жөнүндө кабар берет” деп түшүндүрдү Калифорния технология институнун изилдөөчүсү Ади Зитрин Астрономия агенттигине.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Исраил кызы

    "Азаттыктын" кабарчысы. Борбор Азиядагы Америка университетинин маданий антропология бөлүмүн бүтүргөн. Учурда АКШнын Денвер шаарында санарип дизайнерликти окуйт. 

XS
SM
MD
LG