Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:59

Сербия: Горан Хажич камакка алынды


Горан Хажич. 1991-жылкы сүрөт.
Горан Хажич. 1991-жылкы сүрөт.

Сербия бийлигинин маалымдашынча, бүгүн (20-июлда) БУУнун согуш трибуналы тарабынан мурдагы Югославия аймагындагы согуш кылмышкери катары айыпталып, издөөдө жүргөн акыркы киши – Горан Хажич камакка алынды. Эми Сербия Европа Биримдигине мүчөлүк тууралуу сүйлөшүүлөрдү жыл соңуна чейин баштай алат.



Сербиянын президенти Борис Тадич жергиликтүү убакыт боюнча саат 11де маалымат жыйынын өткөрүп, саал мурдараак Горан Хажичтин камакка алынганын жарыя кылды.


Сербия президенти Борис Тадич Белграддагы маалымат жыйынында мурдагы колбашчы, издөөдөгү Горан Хажичтин камакка алынганын жарыялады. 20.7.2011.
- Бүгүн эртең мененки саат 8:24тө Горан Хажич Фрушка Гора аймагында камакка алынды.

Ошентип, муну менен Сербия өзүнүн Гаага трибуналы менен кызматташтыгындагы бардык мүшкүл баптарды жабууга жетишти
.



Серб бийлигинин айтымында, Горан Хажич ордо шаар Белграддан түндүктөгү Фрушка Гора аймагында ата-энесинин үйүнүн жанынан камакка алынган.

Хажичтин бул аймакта жашырынып жүргөнү тууралуу мурда эле жоромолдор айтылып келчү.

Хажич эмне үчүн изделип жаткан?


Сербия: Горан Хажич тутулду

x
Сербия: Горан Хажич тутулду
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:44 0:00
Түз линк
Горан Хажич 1991-95-жылдары хорватиялык сербдердин кошуунун жетектеген жана Серб Аймагы – “Сербска Крайина” деген бир тараптуу жарыяланган жумуриятты башкарган.
Бириккен Улуттардын мурдагы Югославиядагы согуш кылмыштары боюнча трибуналы аны 14 кылмыш иши боюнча соттомокчу.


Бул иштердин арасында согуштук кылмышка жана адамзатка каршы кылмышка таандык беренелер боюнча доолор бар. Маселен, Горан Хажич 1991-жылы Вуковар шаарында 250 кишинин кыргынга учурашы, 20 миңдей кишини өз үй-өлөң төшөгүнөн күчтөп көчүрүү, миңдеген кишилерди кыйноого алуу кылмыштарына тийешеси бар деп шектелүүдө.

1995-жылы хорват аскерлери Хорватиянын сербдер көзөмөлдөгөн аймагын толук каратканга чейинки мезгилдеги салгылашуулардын айынан 10 миңден ашуун киши набыт болгон.

Горан Хажич Сербиянын түндүгүндөгү Воеводина жергесинде Фрушка Гора аймагында камакка алынды. 20.7.11.

Ошентип, 52 жаштагы Горан Хажич – мурдагы Югославия аймагындагы согуштагы кылмыштарга тийешелүү деп айыпталып жаткан издөөдөгү киши – мурдагы Югославиянын саясий чордону болгон Сербиянын түндүк аймагында - Воеводина (Војводина) автоном аймагына караштуу Фрушка Гора жергесинде камакка алынды.


Жалпысынан, Гаага трибуналы 161 кишини камакка алуу тууралуу буйрук кылган.

Бул тизмедеги согуш кылмышкери катары шектелген кишилердин ичинен Горан Хажич гана соттон качып жүргөн. Мындан жети жыл илгери Гаагадагы согуш трибуналы расмий Белградга Хажичке карата расмий айып тагылгандыгы тууралуу документтерди жөнөткөн соң, Хажич изин жашырып кеткен.

Сербия жана Европа Биримдиги

Сербия бийлиги Европа Биримдигине мүчөлүккө өтүүгө ынтызар. Бул үчүн акыркы тоскооолдук – Хажичтин кармалбай жатканы болчу.

Президент Тадич согуш кылмышкери катары шектелген соңку качкындын кармалышына шаршембидеги маалымат жыйынында олуттуу баа берди:

- Сербия өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарууну уланта бермекчи. Ошол эле учурда менин тастыктап айтаарым – Горан Хажичтин камакка алынышы менен биз өзүбүздүн укуктук милдеттенмебизди жана моралдык парызыбызды аткардык.

Ал эми Горан Хажичти кармоого көмөкчү болчу маалымат берген кишиге 1,4 миллион доллар сыйлык убада кылынган.

Эки ай мурда Сербияда мурдагы босниялык сербдердин колбашчысы Ратко Младич камакка алынган болчу.

Эми расмий Белград өз өлкөсүнүн Европа Биримдигине мүчөлүккө өтүүсү жаатында үстүбүздөгү жылы эле сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн толук мүмкүнчүлүк алууда.

Европа Биримдигинин расмий өкүлдөрү Хажичтин камакка алынышын кубатташты жана расмий Белградды Горан Хажичти тез арада Гаага трибуналына өткөрүп берүүгө чакырышты.

Европа Биримдигинин атайын билдирүүсүндө “Серб улуту өтмүшкө каршы туруп, мыктыраак европалык болочокко жүз бурган барагын ачууда”, - деп белгиленет.

Хажичтин камакка алынышын ЕККУ, НАТО жетекчилиги жана Хорватиянын президенти Иво Йосипович кубатташты.

Хажич Гаагага жеткирилет

Сербиядагы согуш кылмыштары боюнча сот хорватиялык сербдердин мурдагы колбашчысы жана жетекчиси Горан Хажич мурдагы Югославиядагы согуш кылмыштары боюнча эл аралык Гаага трибуналына өткөрүлсө болот деген токтомду кабыл алды.

Хажичтин жактоочусу (адвокаты) Тома Филанын айтымында, бул сот чечимине каршы арыз жолдоого мүмкүн эмес жана жакынкы күндөрү Хажич Гаага трибуналына өткөрүлүп берилиши күтүлөт.

XS
SM
MD
LG