Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:11

Сириянын лидери демонстранттарга чабуулдар токтотулганын айтты


Латакиядагы демонстрацияны танкалар менен токтотууга аракет кылышты
Латакиядагы демонстрацияны танкалар менен токтотууга аракет кылышты

Сириядагы соңку айлардагы кан төгүүлөргө тынчсызданган дүйнө лидерлери Дамасктагы расмий бийликке басымын күчөтүштү. Президент Башар ал-Ассаддын режими ага каршы бир топ шаарларда көчөгө чыккан демонстранттарды басуу аракетин токтотконун билдиргени менен, адам укугун коргоочу активисттер аскерий операциялар дагы эле уланып жатканын кабарлашууда. Бириккен улуттар уюму менен АКШ Сириянын режимине каршы санкцияларды дагы күчөтөөрү тууралуу бүгүн жарыялашы мүмкүн.

Жарым жылдан бери элдик толкундоолор уланып жаткан Сирияда президент Башар ал-Ассад полиция менен армияга өлкө боюнча демонстрацияларды күч менен басканды, митингчилерди камаганды токтотууга буйрук бергенин айтты.

Ассад шаршембиде Бириккен улуттар уюмунун баш-катчысы Пан Ги Мун менен сүйлөшкөн учурда “бир нече айдын ичинде” конституциялык өзгөртүүлөрдү камтыган реформа жасаарын, шайлоо өткөрөөрүн билдирди.

Телефон аркылуу сүйлөшүүдө Пан Ги Мун сириялык лидерден “массалык камоолорду, аскерий операцияларды” тезинен токтотууну талап кылганын баш-катчынын жардамчысы маалымдады.

Ал арада Сириянын режиминин зөөкүр кадамдарына зээни кейиген бир топ мамлекеттердин жетекчилери расмий Дамаскка кысымын күчөтүштү. Сауд Арапстан, Бахрейн, Кувейт, Тунис өздөрүнүн элчилерин чакыртып алышты.

АКШда президент Барак Обама бүгүн Сириянын президентин бийликтен кетүүгө чакырган ачык билдирүү жасайт жана режимге каршы санкцияларды киригизет деп күтүлүп жатат. Вашингтондун артынан мындай билдирүүлөр Батыштагы бир топ өлкөлөрдөн, Евробиримдик да чыгышы мүмкүн.

Ал арада Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши да бүгүн адам укугун коргоо боюнча расмий өкүлдөр менен көрүшүп, Сириядагы кризисти талкууламакчы.

Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комиссары Нави Пиллай бул жолугушууда Коопсуздук кеңешин Сириядагы режимдин “демонстранттарга каршы зомбулугун иликтеш үчүн” аны Гаагадагы эл аралык сотко өткөрүп берүүгө чакырат дешет.

Ассадка каршы ушундай басымдарга карабай, ал баары бир бийликте калаарын айтууда. Шаршембиде ал өзүнүн бийликтеги “Баас” партиясы менен жолугушууда “Сирия күчтүү жана ишенимдүү өлкө бойдон калат” дегендей таризде билдирүү жасады.

Түрмөгө айланган стадион

Сирияда президенттин саясатына каршы толкун башталгандан бери өкмөттүк аскерлер 2 миңдей демонстрантты атып өлтүрүшкөнү айтылууда. Өлкөдөгү чыныгы кырдаалды билиш өтө оор болуп турат. Анткени бийликтер мамлекетке чет өлкөлүк журналисттерди киргизбей жатышат.

Ассаддын режими жумуриятта башаламандыктын баарын “террористтик топтор” жасап жатканын, бийлик аларга каршы күрөшүп жатканын билдирүүдө.

Ошол эле кезде өлкөдөгү адам укугун коргоочу активисттер Сирияда аскерлер демонстранттарга каршы операцияларын токтото элек дешет.

Кечээ Латакия шаарында Сириянын коопсуздук күчтөрү жүздөгөн үйлөрдү тинтишти. Камалгандардын саны ушунчалык көп болуп кеткендиктен, алар түрмөгө батпай, азыр эми адамдарды шаардагы стадионго айдап жатышканын айтышты.

Ушул аптанын башынан бери Латакияда бир нече күн бою алкактуу аскерий операция жүрдү, көчөгө чыккан элге каршы танкалар, оор куралдар колдонулду.

Шаршембиде Хомс шаарында да алкактуу демонстрация өтүп, ал жерде коопсуздук күчтөрү тогуз адамды атып өлтүрүшкөнүн айтып жатышат.

Сириядагы кризистин айынан миңдеген качкындар жакынкы мамлекеттерге, көбүнчө, Түркияга өтө качышууда. Түркияда премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган коңшулаш мамлекеттеги кырдаалды козголоңчулар менен Муаммар Каддафинин аскерлери күрөшүп жаткан Ливиядагы акыбалга салыштырды.

Эрдоган шаршембиде Ассад менен сүйлөшүп, Дамаскка өзүнүн тышкы иштер министрин жибергенин, ага карабай сириялык президент “дагы эле өзүнүн элин азапка салып жатканын” айтты.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG