Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

Сирия: "Хезболла" жаңы кооптонууларды жаратты


Сирия -- Өкмөттүк күчтөр Алепподогу Дахра Абд Раббо жана Кастелло айылдарынын ортосундагы жолдо. 27-май, 2013.
Сирия -- Өкмөттүк күчтөр Алепподогу Дахра Абд Раббо жана Кастелло айылдарынын ортосундагы жолдо. 27-май, 2013.

Сирия боюнча эл аралык жаңы жыйын өткөрүү келечеги Парижде, согушкерлерге курал берүү мүмкүнчүлүгү Брюсселде каралып жатат.

Сирия жаңжалы боюнча эки башка турумду карманганына жана ортодогу пикир келишпестиктерге карабай, эл аралык жаңы сүйлөшүүгө демөөрчүлүктү АКШ менен Орусия биргелешип жасоодо. Париждеги сүйлөшүүлөргө конок ээси – Франция тышкы иштер министринен сырткары АКШ Мамлекеттик катчысы жана Орусия тышкы иштер министри катышканы жатат.

Сирия оппозициясы мунаса таба элек

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров дүйшөмбү күнү Бишкектен билдиргендей, Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген мамлекеттер да Орусия менен АКШнын “Сирия проблемасын чечүү үчүн конференция чакыруу” демилгесин колдошту. Бул тууралуу ЖККУнун тышкы иштер министрлери кабыл алган билдирүүдө айтылган. Бирок Женевада өтөрү мерчемделген конференциянын убактысы, ким катышары али макулдашыла элек.

Сирия тышкы иштер министри Валид ал-Муаллемдин жекшембидеги жарыясына караганда, Башар Асаддын өкмөтү эл аралык сүйлөшүүлөргө катышууга “принцибинде” даяр. Ал эми Сириянын жарандык оппозициясынын жыйынга келер-келбеси беймаалым болуп турат.

Ич ара ыйкы-тыйкылыктан жана исламчылардын таасиринен улам биримдиги жок оппозиция Башар Асаддын өкмөтү менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн буга чейин бир нече ирет жокко чыгарган эле. Оппозициячыл топтор Стамбулда өткөн аптада да төрт күн бою жыйын курушту, анткен менен тынчтык конференциясы боюнча мунасага келе алышкан жок.

Сирия Улуттук коалициясынын өкүлү Лоуай Сафи кечээ кабарчылар менен маегинде мерчемдегендей, алар мурдагыдай эле саясий жараяндын алкагында кандай болбосун президент Асад бийликтен кетишин талап кылышууда:

- Албетте, силер билгендей биз Женевадагы жыйынга катышууга принцибинде макул болдук, бирок Асаддын режиминен алардын мүдөө-максаты, көздөгөнү боюнча түшүндүрмө күтүп жатабыз. Азырынча биз алган сигналдар позитивдүү эмес. Менин айтып жатканым, Асаддын өкмөтү алардын демократияга көчүү боюнча сүйлөшүүлөргө тартылганы - азыр Башар Асаддын колунда турган бийликтин баары убактылуу өкмөттүн колуна өтөт дегенди билдирерин ачык айтышы абзел. Ушул жагы азыр түшүнүксүз болуп турат.

Эл аралык сүйлөшүүлөргө Сирия режимине олуттуу таасири бар Ирандын катышар-катышпасы да арсар болуп турат. Расмий Тегеран Сирия өкмөтүн жана өкмөттүк күчтөрдү ачык эле колдоп жатат деген Франция Ирандын конференцияга катышуу мүмкүнчүлүгүн четке кагууда. Иран болсо тескерисинче, Франциянын өзүн Сириянын ички иштерине кийлигишкени үчүн айыптаган.

Ал эми Сирия режиминин өнөктөшү Орусия болсо Ирандын конференцияга катышуусун жактоодо.

“Хезболланын” согушка кириши

Бирок кырдаалды Ирандын дарегине багытталган жаңы айыптоо да курчутчудай. Сирия оппозициясынын өкүлдөрү “Хезболла” тобунун согушкерлеринин өкмөттүк күчтөр тарабында урушка киришин Ирандын шыкагы менен жасалган иш катары баалашты.

“Хезболланын” кадамы Сирия жаңжалы коңшу өлкөлөргө да жайылабы?- деген жаңы кооптонууларды жаратты.

Сирия оппозициясынын өкүлү Лоуай Сафи:

- Менимче, азыр баарыбыз “Хезболла” диктатор тарапка өтүп, Сирияны көзөмөлдөөгө аракеттенген күчкө айланганына капабыз, кыжырыбыз келип турат. Бул жамааттагы кызыл кандуу эмес адамдар кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетпеши үчүн чара көрөт деп үмүттөнөм. “Хезболла” жана анын лидеринин жасаганы Ливанды Сирия жаңжалына тарткандык.

“Хезболланын” согушкерлери акыркы бир аптадан бери чек арадагы Кусаир шаарчасындагы уруштарга тартылып жаткан.

Иран колдогон бул топтун лидери шейх Хассан Насралла оппозицияны жеңгенге чейин салгылашууну убада кылгандан кийин, жекшембиде Ливандын борбору Бейруттун “Хезболла” көзөмөлдөгөн аймактарына ракеталар атылды.

Курал эмбаргосун алуу

Бул аралыкта бүгүн Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери Сирия оппозициясынын курал алышына жол ачып, буга чейин киргизилген эмбаргону жоюу маселесин талкуулоодо. Эмбаргонун мөөнөтү ушул айдын соңунда бүтүшү керек.

Эмбаргонун алынышын Франция менен Британия колдойт, бирок калган өлкөлөр мындай кадамга барууну көп каалабай турат.

Британ тышкы иштер министри Уильям Хейг Брюсселден буларды айтты:

- Азыр Еврошаркет үчүн эмне маанилүү болуп турганы боюнча пикир келишпестик бар. Биздин көз карашыбызда, биз Асаддын режимине сүйлөшүүлөргө олуттуу мамиле жасоого ачык белги бериш үчүн курал эмбаргосун алууга даярдыгыбызды көргөзгөнүбүз маанилүү.

Улуттар уюмунун эсебине караганда, Сирия жаңжалы тутанган эки жылдан ашуун убакыттан бери өлкөдө 80 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG